Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:25

"Наристе" кубогу үчүн таймаш курч


"Динамо Чүй" жана "Достар" командаларынын оюну. 5-январь, 2015-ж. Бишкек.
"Динамо Чүй" жана "Достар" командаларынын оюну. 5-январь, 2015-ж. Бишкек.

"Наристе-2015" кубогуна арналган кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш Бишкекте өтүүдө. Ага Кыргызстан жана Казакстандан 46 команда катышып, төрт топтом медаль үчүн ат салышууда.

Замирбек Мыйзамалиев «Форватер» деп аталган клубдун оюнчусу. Ал ойногон команда 45 жаштан жогоркулар арасында былтыр "Наристе" кубогунда күмүш байгенин ээси болгон. Аталган команданын оюнчулары 1980-90-жылдары футбол боюнча Кыргызстандын жогорку лигасында ойноп келишкен. Учурда алар кичи футбол ойноп, машыгууларды өткөрүп, жогорку деңгээлдеги мелдештерге мыкты даярдыкта жүрүшөт.

- “Наристе" кубогу биз чыдамсыздык менен күткөн мелдеш. Мурда футбол ойноп жүргөн ардагерлер чогулуп, ардагерлер арасында Кыргызстандын чемпиондугунда ойнойбуз. Ар бирибиз мамлекеттик мекемелерде, жеке ишканаларда иштесек да футбол, кичи футбол үчүн убакыт таап, ойноп турабыз. Мисалы, футбол менен 30 жылга жакын убактым өттү. Ар дайым дени сак, чың ден соолукта болууга футболдун чоң пайдасы бар.

Ала-Тоо - Абдыш-Ата командаларынын тайпалык тандоодогу беттеши. 5-январь, 2015-ж.
Ала-Тоо - Абдыш-Ата командаларынын тайпалык тандоодогу беттеши. 5-январь, 2015-ж.

"Наристе" кубогу үчүн мелдеш 1999-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет. Буга чейин оюндар жыл жыйынтыкталар алдында, декабрь айынын аягында өткөрүлүп жүрсө, беш жылдан бери жаңы жылдык турнир катары январь айынын башталышына жылдырылган.

Бул жылдагы оюндар 3-январда башталган. Ага Кыргызстан жана Казакстандан 46 команда катышууда. Бул мелдешке катышуу үчүн ар бир команда алты миң сом төлөйт. Чогулган каражаттар калыстардын эмгек акысына жана жеңүүчүлөргө акчалай байге катары берилет. Кожомкул атындагы спорт ордосунун ижара акысын жана жеңүүчүлөргө ыйгарыла турган медаль, грамоталарды Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги каржылайт.

“Наристе” кубогунун оюндарында төрт топтом медаль ойнотулууда. Байге үчүн мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 35 жаштан жогорку жана 45 жаштан жогорку ардагерлер ойношууда.

Мелдештердин башкы калысы, Кыргызстандын Футзал лигасынын президенти Рыскелди Мусаев мелдешке ышкыбоз футболчулардан баштап, чебер футболчуларга чейин катышып, оюндар жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын билдирди.

Кыргыз аэро навигация командасынын 60 жаштагы дарбазачысы Валерий Колесниченко. 5-январь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргыз аэро навигация командасынын 60 жаштагы дарбазачысы Валерий Колесниченко. 5-январь, 2015-ж. Бишкек.

- Буга чейин чебер футболчулар бул мелдешке катыша алышкан эмес. Кичи футболду жаңыдан гана ойносо дагы чеберлерден кем калышпай ойногондор бар. Андыктан оюнчуларга чек коюлган жок. Бул мелдеш достукту, ынтымакты бекемдөөгө арналган. 25 жаштан 63 жашка чейинки оюнчулар катышууда. Күчтүү атаандаштык жүрүп жатат. Эң негизгиси элди дени сак жашоого үндөп, оюн талаасына чыгара алганыбыз чоң жетишкендик деп ойлойм. Буюрса, дагы катышуучу өлкөлөрдүн катарын кеңейтип, мелдештин деңгээлин дагы жогорулатууга аракеттерди көрөбүз.

"Дордой" клубунун ардагер оюнчусу Руслан Сыдыков "Наристе" кубогунун оюндарында Ички иштер министрлигинин "Динамо" командасынын намысын талашып жүрөт. Ал ойногон команда бул кубокту буга чейин эки жолу уткан. Бул сапар дагы жеңиш ээси болуу үчүн оюнчулар татыктуу аракет көрүүдө дейт.

- Өзүм Ички иштер министрлигинде кызмат кылам. Мелдештер күчтүү атаандаштыкта өтүүдө. Буюрса, тайпалык тандоо оюндарынан ийгиликтүү чыгып, чейрек финалга жолдомо алдык.

Мурдагы эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алмазбек Абытов 45 жаштан жогоркулар арасында “Знатоки” командасынын курамында ойноодо. Ал жаш кезинде бокс менен машыгып, 28 жашында СССРдин спорт чеберлигине талапкер наамын толтурган экен. Жаш кезинен спортко жакын тарбияланган экс-министр мурдагы спорт чеберлеринен куралган команданы топтоп, алгачкы жолу "Наристе" кубогунун оюндарына алып келгендигин айтып берди.

- Мурда күрөш, бокс менен машыккан СССРдин спорт чеберлеринен командабыздын оюнчуларын курадык. Иштен кийин дайыма чогулуп ойноп турабыз. Буга окшогон мелдештердин өтүп турганы бизге окшогон спорт сүйүүчүлөргө чоң майрам. Жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө кичи футбол ойноп, жакшы эс алууга шарт түзүлүүдө.

“Наристе” кубогунун оюндары 8-январда жыйынтыкталат. Күч түзүмдөрүнүн арасында төрт команда гана катышкандыктан, 5-январга карата баш байге кайсы командага ыйгарылары аныкталып калды. Биринчи орунду күч түзүмдөрүнүн Башкы штабынын командасы, экинчи орунду Ички иштер министрлигинин командасы алды. Коло байгени Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү тагынышса, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери төртүнчү орунду ээлешти.

Мамлекеттик кызматкерлер арасында сегиз команда эки тайпага бөлүнүп ойношкон. Жарым финалдык мелдешке Мамлекеттик байланыш агенттиги, Улуттук банк, Мамлекеттик бажы кызматы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери чыгышты.

35 жаштан жана 45 жаштан жогорку жаш курактагы ардагерлер арасында учурда тайпалык тандоо оюндары жүрүүдө. Тайпада алдыңкы орунду ээлегендер чейрек финалдык беттештен таймаштарын улантышат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG