Пеле – футбол тарыхында дүйнө биринчилигин үч жолу (1958, 1962 жана 1970) уткан жалгыз оюнчу. Ал алгачкы жолу чемпион болгондо 18 жашта болчу. Андагы финалдык оюнда (Бразия 5:2 Швеция) эки гол киргизип, ошондон кийин дүйнөгө атагы чыккан. Пеле жалпы жонунан Бразилия курама командасы үчүн 92 оюн өткөрүп, 77 гол киргизген. Ал мындан тышкары Бразилия чемпионатындагы “Сантос” менен америкалык “Нью-Йорк Космос” клубдарында ойногон. Пеле 20-кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган.
Футбол падышасы Пеле
Бразилияда 82 жаш курагында легендарлуу футбол оюнчусу, үч жолку дүйнө чемпиону Пеле көз жумду. Ал ноябрдан бери Сан-Паулу шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

1
Пеле топту башынан өйдө көтөрүп тээп жаткан учуру. 1968-жыл.

2
Пеле жубайы жана кызы менен. 1967-жыл.

3
Пеле 1000-голун киргизүү алдыда. Рио-де-Жанейро. Ноябрь, 1969-жыл.

4
Пеле 1000-голун киргизген топту кубанып көтөрүп турган кези. 19-ноябрь, 1969-жыл.

5
Пеле жана Бразилия курама командасы Гвадалахарада өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттешинин алдында. Бул беттеште Бразилия курама командасы Уругвайды 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан. 17-июнь,1970-жыл.

6
1970-жылы Мексикада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши. Бразилия менен Италия курама командалары беттешип жатат. Пеле чабуулга өтүп жаткан учуру. Бул оюнда Пеле 18-мүнөттө гол киргизет. Жыйынтыгында Бразилия курама командасы 4:1 эсебинде Италияны утуп, дүйнө чемпиону болгон.

7
1970-жылы Мексикада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинен кийин күйөрмандар Пелени көтөрүп, жеңишти майрамдап жаткан учуру. Финалдык беттеште Бразилия Италияны 4:1 эсебинде жеңип, Пеле үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болгон учур. Арадан 52 жыл өтсө да Пеле сындуу бир да футболчу үч ирет чемпиондугун ута элек.

8
Пеле Вашингтондогу оюн учурунда "Вашингтон дартс" командасынын оюнчусу Вилли Эвансты айланып өтүүдө. 18-сентябрь, 1970-жыл.

9
"Нью-Йорк Космос" клубу Түндүк Америка кубогун утуп, Нью-Йоркко кайтып келген учуру. Кеннеди аэропорту. 29-декабрь, 1977-жыл.

10
Пеле жубайы Роземери, кызы жана жаңы төрөлгөн уулу Эдсон менен. Бразилия, 1976-жыл.

11
Пеле "Нью-Йорк Космос" клубунда акыркы оюнун өткөргөндөн кийин, күйөрмандар аны көтөрүп баратышат. Бул күнү Пеле футболдук карьерасын жыйынтыктаганын билдирип, күйөрмандар менен коштошуп жаткан учуру. Ал "Нью-Йорк Космос" клубун менен 1975-жылы келишим түзүп, 1977-жылга чейин ойногон. Бул аралыкта ал АКШнын чемпиондугун уткан. 1977-жылы футболдук карьерасын жыйынтыктаган.

12
Рим папасы Иоанн Павел II Пеле менен кол алышып учурашып жаткан учуру. Ватикан. 18-март, 1987-жыл.

13
Аргентиналык футбол жылдызы Диего Армандо Марадона жана бразилиялык футбол жылдызы Пеле эс алуу учурунда. Рио-де-Жанейро (Бразилия) 13-май, 1995-жыл. Пеле, Бразилиянын футбол падышасы, үч жолу дүйнөлүк чемпионатты утуп алган жана өткөн кылымдын эң көрүнүктүү спорт ишмерлеринин бири болуп калды.

14

15
"Реал Мадрид" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду 2013-жылы "Алтын топ" сыйлыгын утуп алгандан кийин сыйлоо аземи учурунда ыйлап жатат. Роналдуга сыйлыкты бразилиялык футбол легендасы Пеле тапшырган. Цюрих, 13-январь, 2013-жыл.

16
Пеле француз футболчусу Килиан Мбаппе менен. Париж, Франция.2-апрель, 2019-жыл.