Дүйнөдө окурмандардын табити ар кандай болгондуктан Европада жана АКШда көп окулган же көп сатылган китептердин тизмеси ар кандай экенин көрүүгө болот.
Мисалы, Британияда Ребекка Ярростун “Оникс куюну”, Саманта Харвинин “Орбита” чыгармалары көп сатылган китептердин сап башында турса, “Нью-Йорк Таймстын” тизмесинен Персиваль Эвереттин “Жеймс” китеби алдыга чыккан. Ал чыгармасынын баш каарманы кылып Марк Твендин "Гекльберри Финндин жоруктарындагы” Жим аттуу каарманды тандап алып, анын көз карашын баяндаган. Мындан тышкары чыгармалары көп окулган авторлордун катарында Томас Пинчон, Карен Расселл, Сьюзен Чой, Чимаманда Нгози Адичи, Шарлотта Вуд кирген.
Айдай Максатбекова мындан эки-үч жыл мурда Бишкекте англис тилиндеги китептерди саткан IQ Bookstore дүкөнүн ачкан. Ал жогоруда айтылган чыгармалардын көбү дүкөндө бар экенин айтты.
Айдай майрамда балдарга жана чоңдорго кандай китеп белекке бериш керек деген суроого мындай жооп узатты.
“Бир жаштан беш жашка чейинки балдар үчүн Эрик Карлдын “Аябай ачка кыркаяк" (The Very Hungry Caterpillar) деген китеби бар. Батышта бул аябай популярдуу чыгарма. Анын негизинде мультфильмдерди тартышкан. Ошонун ар кандай басылыштары бар. Балдар үчүн “Доктор Сьюз”, “Питер Рэббит” (Peter Rabbit) деген китептин бир жаштан беш жашка чейинки балдар үчүн ар кандай форматта жазылгандары бар. Өспүрүмдөр үчүн “Перси Жексон” деген сегиз томдук китеп бар. Андан тышкары классикага айланган “Гарри Поттерди” окушат. Фантастиканы жакшы көргөндөргө “Хоббитти”, Ребекка Ярростун “Оникс куюнун”, Фрида Мак-Фаддендин эмгектерин сунуштайбыз. Англисче окуган чоңдор үчүн Элиф Шафактын чыгармалары бар. Андан тышкары бизде жапон авторлорунун китептери дагы популярдуу. Жаштарга Митико Аояманын чыгармалары жагат. Чоңдор үчүн Харуки Мураками, Кобо Абэнин чыгармалары бар. Англисче жаңы үйрөнүп жатам, жеңил китеп керек дегендерге Жожо Мойестин чыгармаларын, Тара Вестовердин “Окуучу кыз” романын сунуштайбыз”.
Айдай Максатбекова айткан Тара Вестовердин “Окуучу кыз” мемуарын “Оку” басма үйү кыргызчага которгон. Анда Америкадагы жабык диний коомчулуктун (мормондордун) арасында чоңойгон кыздын өз күчү менен ийгиликке жеткени айтылат. Айдайга көбүнчө Элиф Шафактын чыгармалары жагат экен. Түрк тектүү, Европада чоңойгон бул автордун бардык чыгармалары дүкөнүндө сатыларын айтты. Кыргыз китеп сүйүүчүлөрү бул автордун айрыкча “Сүйүүнүн кырк эрежеси” чыгармасын макташат. Анда махабат жөнүндө баян тарых менен азыркы күнгө айкалышып жазылган.
Журналист, публицист Амирбек Аззам уулу учурда АКШда жашайт. Ал өзү байыр алган штаттагы китеп дүкөндөрдө же онлайн платформалар аркылуу Ребекка Ярростун чыгармалары көп сатыларын байкаган.
“Китеп дүкөндөн, интернеттен жана “Нью-Йорк Таймстын” тизмесинен карап көрсөм Ребекка Ярростун чыгармалары көп окулат экен. Фэнтези жанрындагы “Төртүнчү канат” деген чыгармасы “Нью-Йорк Таймстын” тизмесинен 56 жума түшпөй турду. Ошол китеби он күндө 2 млн 700 миң нускада сатылган. Жарнаманын арты менен отуз тилге которулду. Азыр деле көп сатылган авторлордун сап башында турат. Экинчи орунда Фрида Мак-Фадден деген автор турат. Кесиби дарыгер, психиатр экен. Анын дарыгер жөнүндөгү чыгармасын окуп алып Мухтар Магауиндин “Жарнак” деген чыгармасы эске түштү. Мындан он жылдай мурда чыккан. Кетип баратып эле башка адамга айланып кетип, Алматыдагы адамдардын жашоосун биле баштайт. Чыгармалары көп окулган авторлордун бири - Эмили Герман. Бул романтикалуу стилде жазат, сүйүү-күйүү дегендей. Китебинин нускасы 2,5 млн экен. Таңкалычтуусу Америкада көп окулган авторлордун сап башында аялдар турат. Али Хейзелвуд деген автор бар, башында аны мен эркек деп ойлогом, көрсө аял экен. Ал дагы көп окулган авторлордун бири. “Сүйүүнүн гипотезасы” деген китеби “Нью-Йорк Таймстын” тизмесинен 40 жума түшпөй турду. Бул жакта жарнама дагы чоң роль ойнойт экен. Кайсы китеп дүкөнгө же китепканага барсаң, жакшы эмгектерге Китепканалар ассоциациясынын мөөрү басылган жылтырак кагаздарды чаптап коюшат. Ата-энелер балдар үчүн китептерди ошого жараша тандап алат. Бул аябай жакшы ыкма. Мен өзүм Рэй Брэдберинин чыгармаларын, Уильям Сарояндын “Адам жөнүндөгү комедиясын” жакшы көрөм. Буларды Китеп дүкөндөрүнөн таппай, эски китептерди саткан жерлерден алгам”.
Амирбек Аззам уулу сунуштаган автор Рэй Брэдберинин “451 градус фаренгейт” чыгармасын мындан үч жылдай мурда "Бугу" басма үйү кыргыз тилине которуп чыгарган. Брэдбери бул чыгармасы аркылуу китеп окубаган, окугандар болсо жок кылган, кыялданбаган, теле-дубалдарды тиктеп жата берген коом тууралуу жазган. Ал эми “Каакым шарабы” балалык тууралуу дүйнөдөгү эң мыкты чыгармалардын бири. Кыргыз тилине аны жазуучу Турусбек Мадылбай “Каакым ширеси” деген аталышта которгон. Брэдбери адабият сүйүүчүлөр көп окуган авторлордун катарына кирет.
Баса, 2025-жылы Нобелдин адабият сыйлыгы мажар жазуучусу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды. Анын чыгармалары 1977-жылы жарыяланганы менен орус тилине 2017-жылдан тартып которула баштаган. Дүйнөдөгү дагы бир абройлуу сыйлык Букер британ-мажар жазуучусу Дэвид Солойго "Кумар" (Flesh) аттуу романы үчүн ыйгарылды. Кыргыз окурмандары бул авторлордун чыгармачылыгы менен анчейин тааныш эмес.
Китепкөйлөр кайсы чыгармаларды сунуштайт?
"Китеп адамды тарбиялайт"
Филология илимдеринин доктору, профессор Венера Сайпидин интернет баракчасы аркылуу катталуучуларын дүйнөлүк адабиятты окууга чакырып келет. Ал көркөм чыгармалар адамды ойлонууга түртүп, тарбиялай турганын айтты.
“Көркөм чыгарма адамга менталдык жактан күчтүү таасир берип, баалуулуктарын, көз карашын калыптандыруучу күчкө ээ. Балдарга бала бакчага барганда эле ыр, жаңылмач, табышмак үйрөтүп, жомок окуп берүү жөн жерден жасалбайт да. Булардын баары балдардын жан дүйнөсүн калыптандырат. Адам дайыма окуп, изденип туруш керек. Мен айрыкча экзистенциалдык чыгармаларды сунуштайт элем. Альбер Камю, Франц Кафка, Фрэнсис Скотт Фицжеральд, Жером Сэлинжер, Эрнест Хемингуэйдин чыгармаларын окууну сунуштайм. Анткени баары бар, бирок адамга психологиялык, эмоционалдык жактан аябай эле оор доордо жашап жатабыз. Ошондой учурда күйүп кетпей, жашоодон ордун табууга ушул автордун чыгармалары жардам берет деп ойлойм. Чыгыш адабиятынан Ясунари Кавабатанын, Юкио Мисиманын, Осаму Дадзайдын чыгармаларын сунуштайт элем. Өмүрдү канткенде мазмундуу өткөрө алам деген интеллектуалдык, философиялык оор суроолорго жооптор ошол жактан табылат. Кыргыз адабиятынан Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун, Мурза Гапаровдун, Казат Акматовдун чыгармаларын сунуштайм”.
Венера Сайпидин айткан чет элдик жазуучулардын көбү экзистенциализм агымынын өкүлдөрү болгон. Экзистенциализм - бул дүйнөлүк эки согуштан кийин күч алган индивидуалдык философия. Ага ылайык адам эркиндикке ээ жана өз тагдырын өзү аныктайт. Агымдын өкүлдөрү адам ансыз да маанисиз дүйнөдө өз жашоосунун маңызын өзү табууга тийиш деп эсептешет.
"Бир жылда 22 китеп окудум"
Парламент депутаты Дастан Бекешев Фейсбук баракчасында 2025-жылы Генри Киссинжердин "Дүйнөлүк тартип", Рэй Курцвейл жана Терри Гроссмандын "TRANSEND түбөлүк жашоого тогуз кадам", Кэти Мартондун "Канцлер. Ангела Меркелдин жашоо тарыхы", Михаил Зыгардын "Баары эркин: Орусияда 1996-жылы шайлоо кантип аяктаган", Чарлз Дахиггдин "Баарлашуу чеберлери. Адамдар менен алака түзүү сырлары", Владислав Шпильмандын "Пианист. 1939-1945-жылдары жашоо үчүн күрөш", Чжан Юндун Кытайдын тарыхында олуттуу роль ойногон, бирөө Чан Кайшинин жубайы болгон аялдар тууралуу "Улуу эже, кичүү эже, Кызыл эже", Павел Рипинскийдин "Иран. Экономика санкция астында" баштаган ж.б. 22 китеп окуганын жазган.
Дастан Бекешев сунуштаган китептердин ичинен поляк пианисти жана композитору Владислав Шпильмандын өмүр баяны өзгөчө сөз кылууга татыйт.
Анын өмүр баяны тууралуу режиссер Роман Полански атактуу "Пианист" тасмасын тарткан. 1942-жылы музыкант ата-энеси жана бир туугандары менен Треблинка лагерине айдалмак. Бирок аны өлүмдөн таланты сактап калган. Лагерге жөнөп жатканда аны тааныган адам поездден түшүрүп, полиция кызматкерлерин айлантып өткөрүп качырып жиберген. Шпильман согуш аяктаганча нацисттер басып алган Варшавадагы үйлөрдө дос-тааныштарыныкында бекинип жашоого аргасыз болгон.
"Эркти тарбиялоо кыйын"
Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаев Кыргызстанда басма үйлөрү которгон эмгектерди үзбөй окуп, пикирин социалдык медиага жарыялап турат.
Ал окурмандарды жаңы жылы менен куттуктап, ар бир адамга инсандык өнүгүү каалоо менен бул китептерди окууну сунуштады:
“Өлкөнүн сапаты ар бир адамдын сапатына байланыштуу. Ар бир адам билимге, адеп-ахлагын оңдоого жумшаса, коомдун да сапаты жакшырат. Ошол жакшыруунун бир жолу – китеп окуу. Азыркы учурда сонун китептер чыгып жатат. Дүйнөлүк бестселлерлер кыргызча которулуп жатат. Акыркы жолу Куштарбек Кимсанов 1895-жылы чыккан Жюль Пэйонун “Эрк тарбиясы” деген китебин чыгарды. Эркти тарбиялоо өтө кыйын экен да. Кыргыздар эркти тарбиялоого маани бербейт дагы экенбиз. Бирок эркин тарбиялаган киши көп ийгиликке жете алат тура. Мындан тышкары “Нөлдөн бирге”, “Практикалык экономика”, “Ийгиликтин элүү сыры” деген китептер жакты. Көркөм адабияттан “Акыркы аюу”, “Хайди” деген китептерди сунуштайм. Жаштарга оптимизм бере тургандай жакшы которулган экен. “Биз мындай кылбайбыз” деген Гарварддын профессору жазган да китеп жакты. Мындай экономикалык китептер жаштарга керек. Анткени көбү акчаны кантип туура колдонуу керектигин билбейт. Өзүм жыл сайын пайгамбарыбыздын өмүр баяны тууралуу китепти окуйм, ал китепте бизнес, үй-бүлө, адамга мамиле ж.б. баары бар”.
Кыргыз басма үйлөрү кайсы эмгектерди басты?
Балдар үчүн 15 китеп
“Китепстан” басма үйү чет тилде чыккан илимий-популярдуу, шыктандыруучу эмгектерди которуп келет. Быйыл алардын арасынан “Атомдук адаттар”, “Икигай”, “Бакырбаган апалар” көп сатылган.
Басма үйү муну менен катар балдарга арналган китептерди көбүрөөк баса баштады. “Китепстанда” быйыл кыргыз авторлору Жаңыл Каримованын “Таабалды Эгембердиевдей кантип жаратман боло алам?” жана Түмөнбай Абдинабинин “Шамдагай Мбаппе кыялына кантип жетти?” китептери да жарык көрдү.
Аталган басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев балдар китеп окууга кызыкканын байкагандан кийин аларга ылайык чыгармаларды которууга көңүл бура баштаган.
“Башында мугалимдерге багытталган китептерди чыгарып жүргөнбүз. Алар өзүн актабаганы үчүн жалпыга багытталган китептерди баса баштадык. Эмне үчүн балдар адабиятына көңүл бура баштадык? Бардык басма үйлөрү чоңдорго арналган китеп чыгарат. Бирок база, пайдубал болбосо китеп окутуу кыйын экен. Быйыл 17 жаңы китеп басып чыгарыптырбыз. Анын экөө эле “Ышкыбоз мугалимдин күчү” жана “Креативдүү мектептер” мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өстүрүүгө арналган. Быйыл балдар арасында “Менин акырам уча алат” деген сынак уюштурдук. Анда балдар акыранын сүрөтүн өзү элестеткендей тартышты. 1500 бала катышты. Экинчи сынак “Китеп бетине саясат” китеби боюнча дилбаян жаздырдык. Окуучулары активдүү катышкан мугалимдерди сыйлап, Ташкентке жолдомо бердик. Андан тышкары ишкер Таабалды Эгембердиев тууралуу Жаңыл Каримова жазган, сүрөттүү китеп жарык көрдү. Мындан тышкары Түмөнбай Абдинаби жазган футболчу Мбаппе тууралуу китепти чыгардык. Экөө тең балдарга арналган”.
Басма үйүндө 2025-жылы “Китеп бетине саякат”, “Кереметтин аты – Үмүт”, “Жолунан адашкан байпак”, “Нокот адам”, “Кокуй, мектепке жин тийди”, “Класстагы эксперимент”, “Динозаврым жашынган жер”, “Узун кулак”, “Мышык планетасы”, “Ушунча шаан-шөкөт жетет”, “Мен киммин?”, “Китептин аңгемеси” аттуу китептер жарык көрдү.
Алдыдагы 2026-жылы "Китепстанда" чоңдор үчүн бир катар китептер жарык көргөнү турат. Алардын арасында америкалык журналист, публицист Жоханн Харинин “Уурдалган көңүл” китеби бар.
Харинин бул эмгегинде интернет жеткиликтүү болуп, смартфондордун жайылышы менен адамзат кантип эске тутуу, кунт коюу жана анализдөө жөндөмүн жогото баштаганы, натыйжада коом кошо деградация болуп жатканы айтылат. Балдар арасында көңүл буруу жөндөмүнүн бузулушу жана гиперактивдүүлүк синдрому (СДВГ) эмнеге көп катталып жатканын талдайт. Уйкунун аздыгы, айлана-чөйрөнүн булганышы организмге кандай зыян келтиргени сөз болот.
"Макиавеллинин эмгегин котордук"
Ал эми “Бугу” басма үйү интеллектуал окурмандары үчүн саясий-экономикалык эмгектерди которуп келет. Мындан үч жылдай мурда Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсондун “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” (Why Nations Fail) китебин чыгарган.
Аталган басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин 2026-жылы Жеймс Робинсон менен Дарон Ажемоглунун “Кууш өтмөк” (The Narrow Corridor: States, Societies, and the Fate of Liberty) китеби кыргызча жарык көрө турганын айтты.
“Биздин “Бугу” басма үйү окурмандардын деңгээлин көтөрүү үчүн саясий-экономикалык китептерди чыгарып келебиз. Өзүм Никколо Макиавеллинин “Өкүмдар” китебин окууга сунуштайм. Бул бийлик элди кантип башкара турганын түшүндүргөн, саясий көз карашты калыптандырып, анализ жүргүзүүгө үйрөткөн китеп. Аскат Абжанов аттуу казакстандык автордун “Менин кичинекей мугалимим” аттуу китебин чыгардык. Бул азыркы коомдо зордук-зомбулук күчөп жаткан маалда окурмандарга гумандуу педагогиканы үйрөтө турган эмгек. Анда үй-бүлөгө, балага жылуу, туура мамиле кылуу жазылган. Андан тышкары Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсондун “Кууш өтмөк” китебин сунуштайм. Бул китеп “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” китебинин уландысы десек болот. Жалпысынан биздин дүйнө таанымын өнүктүргүсү келген окурмандарга фэнтези жана тарыхый китептерди сунуштайт элем. Ал эми эс алуу үчүн О.Генринин жана А.Чеховдун аңгемелерин окууну сунуштайм. Айрыкча О.Генринин чыгармалары жашоого юмор менен кароого, оор кырдаалдан жеңил чыгууга үйрөтөт”.
"Бугу" басма үйү өткөн жылы “Манас” эпосунун балдарга арналган англис тилиндеги вариантын басты. Китептин бет ачары 22-апрелде Берлин шаарында өткөн. “Манастын” англисче которулган варианты Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев түзгөн вариантына негизделген.
Эске сала кетсек, Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсонго 2025-жылы Нобел сыйлыгы ыйгарылган. Алардын жакында кыргызча чыга турган “Кууш өтмөк” эмгегинде дүйнөдөгү өлкөлөрдүн тарыхый баскан жолу кантип алардын азыркы турмушуна таасир эткени кеңири талданган. Авторитаризм экономиканы артка тартса, демократия алдыга сүрөгөн күч экени бир канча мамлекеттин мисалында берилген. Авторлор китепте мамлекеттин бакубаттуулугу бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы тең салмактуулукка көз каранды экенин илимий жактан аныкташкан.
"Адегенде Айтматовду андан кийин дүйнө адабиятын окуу керек"
Ал эми “Кадам” басма үйү котормо менен катар кыргыз жазуучуларынын мурда жарык көргөн чыгармаларын кайра жаңыртып басып келет. Аталган басма үйдүн жетекчиси Замирбек Таштемиров окурман кайсы бир китепти окурдан мурда өз табитин табууга тийиш экенин айтты:
“Ар бир окурман китеп окууну адатка айлантканга чейин өзүнө жаккан жанрды окуганы жакшы. Азыр шыктандыруучу, өзүн өнүктүрүүчү китептерге кызыккандар көп. Бирок алар көркөм адабияттай же классикадай таасир бербейт. Адамды калыптандыра турган бул адабий чыгарма. Андагы оң-терс каармандарды, алардын катасын, жакшылыгын окуп жатып инсандык сапаты өнүгөт. “Сынган кылычты”, “Маркумдар үнүн”, Айтматовдун бардык чыгармаларын окушубуз керек. Дүйнө жүзүндөгү адабиятка маңкурт деген терминди киргизген авторду окуп, анан дүйнөлүк чыгармаларга өтүүнү сунуштайт элем. Жорж Оруэллдин “Айбан чарбасын”, Тара Вестовердин “Окуучу кызын” окуса болот. Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романын сунуштайм. Анда автордун акыр заман тууралуу айтканы мен үчүн ынанымдуу жооп болгон. “Жубайлар ортосунда келишпестик болсо үй-бүлөдө кыямат болот, адамдар келишпесе коомдо кыямат болот, өлкөлөрдүн башында тургандар келишпесе анда согуш болуп кыяматка алып барат” деп жатпайбы. Жалпысынан балдарды китеп окууга көндүрүү ата-эненин милдети. Биздин мектептерде китеп окуу сааты жоктугу өкүнтөт. Жумасына бир жолу бала каалаган китебин окуп айтып берсе, коом үчүн жакшы болмок”.
“Кыямат” – Чыңгыз Айтматовдун 1986-жылы жарык көргөн чыгармасы. Анда жазуучу адам менен табияттын маселесин, темир көшөгө артындагы көйгөйлөрдү жана адамдын абийирине байланыштуу маселени козгогон. Роман өз учурунда резонанс жараткан. Чыгарманын негизинде тасма да тартылган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2024-жылы кыргыз тилинде 1020 китеп жана брошюра чыгып, жылдык нуска 1,6 млн ашкан. Өлкөдө бир адамга 245 китеп туура келет.
Шерине