Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Европа өзгөчө абалдан чыгуунун жолун издейт


Прага шаары өзгөчө абал киргизилгенден кийин.
Прага шаары өзгөчө абал киргизилгенден кийин.

Европа Биримдиги коронавируска байланыштуу киргизилген чараларды жумшартууну караштырууда. Пандемиянын айынан шаркеттеги мамлекеттердин экономикасы бир топ запкы тартты.

Учурда Евробиримдиктин мүчөлөрү 540 миллиард долларлык «коопсуздук пакетин» талкуулап жатышат. Ошол эле учурда өлкөлөр ортосунда коопсуздук чараларын алып салуу боюнча бир пикир жок.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен 7-апрелде уюмдагы өлкөлөрдүн министрлери менен телеконференция өткөрүп, чектөөлөрдү алып салуунун жол-жобосун караган «жол картасын» талкуулайт.

Ар бир өлкө пандемиянын запкысын ар башкача тартууда. Андыктан айрым өкмөттөр экономикалык себептен улам катаал чараларды толук алып салууну оң көрсө, башкалары ага макул эмес.

Австрия, Дания жана Словения сыяктуу өлкөлөр кийинки аптадан тартып өз жарандарына жеке тазалыкты сактоону такай эскертип туруу менен айрым чектөөлөрдү толук жойгону жатышат.

Ошол эле учурда башкалар чектөөлөрдү толук алып салуу пандемияга каршы шаркеттин ичиндеги координацияланган ишти бузат деп чочулашат. Биримдиктин аймагында коронавирустан 51 миңден ашуун киши көз жумду, алардын басымдуу бөлүгү - Италиянын, Испаниянын жана Франциянын тургундары.

8-апрелде эртең менен Евробиримдиктин финансы министрлери коронавирустан жабыркаган өлкөлөрдү колдош үчүн экономикалык планды макулдаша алышкан жок. Евротоптун жетекчиси Марио Сентено «16 сааттай талкуудан кийин макулдашууга жакындаганыбыз менен бир чечимге келе элекпиз» деп «Твиттер» баракчасына жазды. Евротоп бул талкууну 9-апрелде улантмай болду.

Биримдиктин министрлери 7-апрелде видеоконференция уюштуруп, шаркеттин аймагында пандемияны токтотуу аракеттеринин социалдык-экономикалык кесепетин талкуулай башташкан.

Сентено белгилегендей, шаркет 540 миллиард долларлык «коопсуздук пакетин» талкуулап жатат. Ал негизинен европалык карыз корун түзүүгө жумшалмакчы.

Италия жана Испания сыяктуу кризиске кабылган өлкөлөр өз мойнуна түшкөн карызды жалпы шаркетке чачууну суранышкан. Биримдиктин таасирдүү оюнчусу Франция да мындай сунушту колдойт. Ошол эле учурда Германия, Нидерланд, Австрия, Финляндия сыяктуу бай өлкөлөр өз салык төлөөчүлөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, башкалардын карызын тең бөлүшүп көтөрүүгө каршы.

Ресторан, мектеп, дүкөн?

Евробиримдиктин ичинде Астрия, Дания жана Чехия коронавируска каршы киргизилген катаал чараларды жоюунун планын биринчилерден болуп сунуш кылышты.

Дания мектептерди ачса, Австрия дистанттык окутууну улантат

Данияда 15-апрелден тартып бала бакчалар менен кенже класстарда сабак башталат. Калган окуучулар сабакка 10-майда киришет. Өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен мындай чечимди саламаттык сактоо боюнча адистер туура көрүп жатышканын билдирди.

Скандинавиянын бул өлкөсүндө соода борборлору, чач тарач же сулуулук салондору азырынча жабык турат. Бар-ресторан жана көңүл ачуучу жайлар да качан эшигин ачары белгисиз. 10 кишиден ашуун топтолгонго тыюу салынган.

Австрия болсо мектептерин ачпай, дистанттык окутууну жок дегенде майдын ортосуна чейин улантмай болду. 14-апрелден тартып 400 чарчы метрге чейинки дүкөндөр, курулуш жана бакчага керектүүлөрдү саткан соода түйүндөрү ишке киришет. Калган дүкөндөр, соода борборлору жана чач тарачтар 1-майга чейин жабык.

Австриянын канцлери Себастьян Курцтун планы боюнча мейманканалар менен ресторандарга майдын ортосуна чейин, ал эми массалык иш-чараларды уюштурууга кийинки айдын этегине чейин уруксат жок.

Австриялыктар апрелдин аягына чейин чектелген режимде жашашат. Бул кезде көчөгө ишке, дүкөнгө барууга, кимдир-бирөөгө жардам берүүгө же спорт менен машыгууга гана чыкса болот.

Чехияда теннис ойногонго, велосипед тепкенге уруксат берилди

Чехтер Евробиримдиктин ичинде пандемиянын тарашына каршы катаал чараларды биринчилерден болуп киргизишкен. 7-апрелден тартып таза абага чыгып теннис менен гольф ойногонго уруксат берилди. Бейшембиде үй тиричилик жана бакча буюмдарын, колго жасалган нерселерди жана велосипед саткан дүкөндөр ачылат.

Чех бийлиги тургундарды көчөгө чыкканда, коомдук транспортто, эл бар имараттын ичинде беткап кийип жүрүүгө милдеттендирген.

Чехтер чектөөлөргө кантип баш ийүүдө?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Германияда дүкөн жана ресторандар ачылат

Бул өлкөдө Австрияга салыштырмалуу жумшак, Данияныкына караганда катаал чара киргизилген. Көчөгө үй-бүлө же чогуу жашагандардан сырткары эки кишиден көп чыгууга болбойт. 6-апрелде маалым болгон Берлиндин чечимине ылайык, өлкөнүн белгилүү бир аймактарында дүкөн, ресторан жана мектеп ачылат. Германияда билим берүүнү жергиликтүү бийлик тейлейт. Андыктан ар бир аймак өзү чечим кабыл алат.

Коронавирустун катаал сабактары
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:07 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG