Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Евро-2016: Чыр коштогон беттеш


Марселдеги башаламандык
Марселдеги башаламандык

Европа футбол биримдиктеринин союзу же УЕФА Орусия жана Англия курамалары эгер күйөрмандары аралашкан жаңжал дагы кайталанса, чемпионаттан чыгарылышы мүмкүндүгүн эскертти.

Буга 11-июндун түнүндө Марсель шаарындагы орус-англис футбол фанаттарынын мушташы негиз болгон.

УЕФАнын эгер зомбулук менен коштолгон күйөрмандар жаңжалы дагы кайталанса, Англия менен Орусия курамаларын катардан чыгара турганы боюнча эскертүүсү расмий сайтында жарыяланды.

Негизинен орусиялык күйөрмандар расалык мүнөздөгү чагымчылдыкка, пиротехника колдонуу жана Марселдеги “Велодром” стадионундагы башаламандыкка башкы себепчи катары айыпталууда.

11-июндагы Орусия-Англия беттеши 1:1 менен аяктаган. Оюндан кийин орус күйөрмандары стадиондун англиялык футбол фанаттары отурган тарабына секирип өтүп, мушташ баштаганын окуя учурунда тартылган видеолор бышыктоодо. Ал эми англиялыктардын далайы тосмодон секирип чыгып, качууга аргасыз болушкан.

Оюндан кийинки мушташ
Оюндан кийинки мушташ

Калайман кагылыш көчөдө да уланган. Бул кагылышууда кеминде 44 адам жаракат алганы кабарланууда. Маалымат каражаттарына чыккан сүрөттөрдө бети башы канжалаган, кийимдери айрылган адамдарды көрүүгө болот. Аймактын полиция башчысы Лоран Нуньес алардын төртөө олуттуу жаракат алышканын, бир англиялык оор жарадар болгонун билдирди. Жалпысынан 15 адам камакка алынды.

Андан мурда, 10-июнда да англиялык, орусиялык, франциялык 200 чамалуу күйөрман мушташып, анда да полиция баскан эле.

11-июндагы мушташтын жыйынтыгы менен УЕФА Орусия футбол союзуна дисциплинардык иш ачып, чечимди 14-июнда чыгармай болду. Ал эми Англия футбол ассоциациясына чара көргөн жок.

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко пиротехникалар колдонулганын моюндап, УЕФАнын орус футбол биримдигине иш ачканын колдоорун айтты:

- Баары туура. Файерлер, ракетницалар колдонулуп, трибунада кагылышуулар болду. Муну иликтеш керек. Күйөрмандар жакшы сүрөштү. Бирок алардын арасында футбол үчүн эле келбегендер да бар. Алар өлкөнүн абийирин төгүп жатышат.

Ал УЕФА жазана пул салышы ыктымалдыгын кошумчалады.

Жаалданган тараптар
Жаалданган тараптар

Окуяга күбө болгон британиялык спорт менеджери Нед Озкасим буларга токтолду:

- Кыйла убакыт башаламандык жаралып, көзөмөл жетиштүү болгон жок. Англиялыктар отурган жерге келип чаң салган орусиялык күйөрмандарды токтотуш үчүн кимдир бирөө келгичекти көп убакыт өтүп кетти.

Чынында окуядан соң УЕФА 12-июнда чукул жыйын өткөрүп, коопсуздук жаатындагы алешемдиктерди моюнга алды. Франциядагы оюн өтүп жаткан 10 стадиондун баарындагы коопсуздукту кайра карап чыкмай болду. Секторлор ортосуна күзөттү күчөтмөй болду.

“УЕФА Марсель шаарынын борборундагы оюндан кийинки калайман мушташка жийиркенүүсүн жана олуттуу тынчсыздануусун билдирет. Мындай жүрүм-турумдар спортто болбошу керек", деп билдирүү таратты Футбол биримдиктеринин союзу.

Орусиялык күйөрмандар
Орусиялык күйөрмандар

УЕФА дисциплинардык комиссиясы окуяны талдап жатып, орусиялык фанаттардын мурдагы жоруктарын, анын ичинде 2012-жылкы Польшадагы Еврочемпионаттагы коопсуздук кызматкерлерине кол салган окуяны да эске алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG