Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

"Урандыда калгандар да бар". Орусия Кривой Рогду бутага алды


Кривой Рогдогу сокку урулган көп кабаттуу үй. 31-июль 2023-жыл.
Кривой Рогдогу сокку урулган көп кабаттуу үй. 31-июль 2023-жыл.

Украинанын бир катар аймактарында орус күчтөрүнүн соңку чабуулдарынан бир нече жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Кривой Рог шаарында көп кабаттуу үйгө ракета тийип, кеминде алты киши каза тапты.

Орусиянын армиясы украин президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени саналган Кривой Рог шаарындагы 9 кабаттуу үйгө 31-июлда таң эрте ракетадан сокку урду. Зеленский Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан бул шаардагы үйдүн бир бөлүгү кыйрап калганын көрсөткөн видеону "Фейсбуктагы" барагына жарыялап, Орусия жайкын тургундарды бутага алып жатканын жазды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, орус тарап учурган эки ракетанын бири көп кабаттуу үйгө, экинчиси жергиликтүү колледждин имаратына тийген.

"Тилекке каршы, алты киши мерт кетти. Алардын арасында он жаштагы кыз бар. 75 киши жаракат алды, экөөнүн абалы оор", - деп билдирди Кривой Рогдун аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Вилкул.

Кривой Рогдон тышкары дүйшөмбүдө жана дем алыш күндөрү орус күчтөрү Украинанын Херсон, Сумы жана Донецк облустарына да сокку урду. Бул чабуулдардан улам баш-аягы 7 жайкын тургундун өмүрү кыйылганын Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдап жатышат.

Маселен, орус күчтөрү 31-июлда Украинанын түштүгүндөгү Херсон шаарын 24 саатка жетпеген убакыт ичинде эки жолу аткылаган. Андан 65 жаштагы эркек киши каза тапканын аймактын губернатору Александр Прокудин Телеграмга жазды.

Мындай кабарларга карабастан, орус бийлиги жөн-жай тургундарды бутага алганын төгүндөп келет.

Акыркы 24 саат аралыгында Украинанын орус күчтөрү көзөмөлдөп турган Донецк шаарына да сокку урулганын "Рейтерс" жаңылыктар агенттиги билдирди.

"Үйдө болчумун. Жарылуу болду. Шыбактын баары күбүлүп түштү. Коридорго чуркап барып, аялымды жана баламды чакырдым. Сактаныш үчүн аларды полго жаткырдым. Ошол маалда жакын жерде экинчи сокку болду", - деп билдирди Донецктин тургуну Дмитрий.

Согуш маалында курмандыктар тууралуу маалыматтарды бейтарап булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Украин күчтөрү алга жылып жатабы?

Украинанын түштүгүндө жана чыгышында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп жатат.

Украин армиясы соңку бир сутка ичинде Орусия Украинанын конуштарын жана аскерлерин көздөй 4 ракетасын учуруп, 42 жолу абадан сокку урганын жана 76 жолу артиллериядан аткылаганын билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы бир күн ичинде украин жана орус күчтөрүнүн ортосунда дээрлик 20 жолу жакындан салгылашуу болду.

Донецктеги соңку чабуул. 31-июль, 2023-жыл.
Донецктеги соңку чабуул. 31-июль, 2023-жыл.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр түштүктөгү Запорожье аймагында украин армиясынын контрчабуулу ийгиликтүү жүрүп жактанын кабарлады.

Анын айтымында, украин армиясы май айында контрчабуулун баштагандан бери 205 чарчы чакырымдай аймагын орус күчтөрүнөн бошотту. Анын 13 чарчы чакырымы соңку бир аптада украин тараптын колуна өткөн.

"Мелитополь жана Бердянск багыттарында акырындап, бирок ишенимдүү баратабыз", - деп жазды Маляр Телеграмга. Ал аскердик аракеттер контрчабуулдун бардык багыттарында уланып жатканын белгиледи.

Маляр кошумчалагандай, Донецктеги Бахмут шаарынын айлана-тегерегинде артиллериялык аткылоолор уланып жатат жана Москва бул аймакка кошумча күчтөрдү тартып келүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку бир сутканын ичинде украин күчтөрү Донецк, Түштүк-Донецк жана Запарожье багыттарында чабуулдарын улантканын бышыктады. Министрлик орус күчтөрү мындай чабуулдардын мизин кайтарып жатканын, буга кошумча Купянск аймагында орус армиясы чабуулга өткөнүн белгиледи.

Москваны бутага алган дрондор

Дем алыш күндөрү Москваны бутага алган дрон чабуулдары көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Орус бийлиги 30-июлда таң эрте баш калаага үч дрон чабуул койгонун, андан бир коопсуздук кызматкери жаракат алганын, Москвадагы Внуково аэропортун убактылуу жабууга аргасыз болгонун билдирди.

Москвадагы дрондор кулап түшкөнү айтылган бизнес борбор.
Москвадагы дрондор кулап түшкөнү айтылган бизнес борбор.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуяны "теракт жасоо аракети" деп мүнөздөп, бир дрон атып түшүрүлгөнүн, дагы экөөнү атайын байланыш жабдыктары кулатып түшүргөнүн, алар Москва-Сити бизнес борборунун бир бөлүгүнө зыян келтиргенин маалымдады. Бул май айынан бери орус баш калаасын бутага алган төртүнчү чабуул болуп калды.

Орус тарап бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптап жатат. Бирок расмий Киев дрон чабуулун уюштурганын ырастаган жок.

Болгону Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда согуш Орусиянын аймагына кайтып жатканын айтты.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG