Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Египетте кырдаал кылдын кырында


Каирдин Тахрир аянтындагы демонстранттар, 30-июнь, 2013.
Каирдин Тахрир аянтындагы демонстранттар, 30-июнь, 2013.

Египеттин демократиялык жол менен шайланган тунгуч президенти от менен чоктун ортосунда калды.

Египеттин демократиялык жол менен шайланган тунгуч президенти бүгүн от менен чоктун ортосунда калды.

Египеттин президенти элдешүүнүн өз планын ишке ашыраарын билдирүүдө. Мунун алдында армия Мурсинин өкмөтүнөн оппозиция менен элдешпесе, өлкөдөгү саясий кризисти өзү жөндөй тургандыгын эскерткен эле

Бир жагынан миллиондогон киши аны «бийликти "Мусулман агайындарына" карматып койду» деп айыптап, "коопсуздук, жумушсуздук, билим берүү, инфляцияны ооздуктоо сыяктуу карапайым элдин көйгөйлөрдү чечпей жатат" деп азуусун айга жанып жатат.

Өткөн жекшембидеги массалык демонстрациялар Мурси бийликке келгенден туура бир жылдан кийин чыкты. Ага тушташ беш министр кызматынан кетти, тышкы иштер министри да отставкага кетем деген арызын тапшырды.

Экинчи жагынан армия президентти «тез арада оппозиция менен мунасага келбесең, айласын өзүбүз табабыз» деп эскертти.

Каирдин атактуу Тахрир аянтында азыр кылкылдаган эл кала берүүдө. Башка шаарларда да толкундоолор токтой элек.

"Мусулман агайындары" болсо, өз колдоочуларын «Мурсини колдоп, көчөгө чыккыла» деп үгүттөп жатат.

Египеттин армиясы 30 жыл диктатор Хосни Мубарактын таянган тоосу болгон, саясаттан четтеп калганына бир жыл да толо элек.

Египеттеги башкы оппозициячыл уюм бул - Улуттук Куткаруу Майданы. Бул уюм "армиянын төңкөрүш жасаганга ниети жок" деп ырастады.

Аталган кордун маалымат катчысы Самех Аш Хоур "Генералдар саясаттан четте болобуз, бийликке умтулбайбыз деп айтып жатат. Армия дайым демократиянын жоболорун жана элдин каалоо-тилегин сыйлайт", - деп айтты.

Ошол эле убакта Президент Мурси «армия мени менен кеңешкен жок» деди.

АКШнын президенти Барак Обама Мурсини саясий оппоненттеринин сөзүнө кулак салаарын көрсөтүүгө чакырды. Ал эми Бириккен Улуттардын баш катчысы Египеттин элин «Ички талашыңарды демократиялык жол менен чечкиле» деп кеңеш берип жатканы ошондон.

Азыр мына Египетте эле эмес Түркия, Бразилияда эл өзүнүн канчалык чоң күч экенин көрсөткөн демонстрациялар болуп жатат. Ушундан улам, баяндамачылар XIX кылымдын кап ортосундагы Батышта ортоңку класс көтөрүлгөндөй «нааразылык заманы башталды» деп жатышат.

Ошол эле убакта, аналитиктер демонстрацияга чыккан оңой, бийликти алып, аны бекемдеп, ыңкылаптын жетишкендиктерин элдин кызыкчылыгында өркүндөтүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүш кыйын экендигин белгилешүүдө.

«Тышкы саясат» журналы бүгүн жазгандай, Мурси жана анын "Мусулман агайындары" канчалаган жылдар оппозицияда болуп, эл менен тынымсыз иш жүргүзүп келишти. Бирок алар ар кандай пикирдеги адамдардын көз карашын эске алган плюралисттик коомду курууга анчалык даяр эмес болуп чыкты. «Ыңкылапчылар нааразылык акцияларын уюштурганга маш болгон менен, нагыз демократиячыл лидерлерди таптап өстүрүүгө келгенде аксап калышат» деп жазат басылма.

XS
SM
MD
LG