Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32

Египет кайра толкуду


Египет -- Президент Мурсиге каршылар Тахрир аянтында. Каир, 30-июнь, 2013.
Египет -- Президент Мурсиге каршылар Тахрир аянтында. Каир, 30-июнь, 2013.

Эки жыл мурда эле ири толкундоолордон улам диктатура кулаган Египетте кайрадан жүз миңдеген киши көчөгө чыкты.

Жекшембиде өлкө боюнча демонстрацияларга миллиондогон киши катышса, дүйшөмбүдө алар бийликчил "Мусулман агайындар" партиясынын штаб-квартирасына кол салышты. 30 жыл дегенде акыры демократияга колу жеткенсиген Египетте нааразылардын каалаганы эмне?

Журналисттер буга чейин илең-салаң болуп келген нааразылык акцияларын чагылдыруудан тажагандай болгон эле, анан эле кырдаал кескин өзгөрө баштады. Бүгүн нааразылык акциялары 2011-жылдын башындагы Мубарактын диктатурасын кыйраткан толкундоолордун деңгээлине чыкты.

Жаалданган сүрмө топ президент Мурсинин таянган тоосу болгон "Мусулман агайындар" кыймылынын баш кеңсесине кол салышты, терезеден документтерди сыртка ыргытып, эмеректерди көтөрүп чыгышты. Баш калаа Каирдеги бул имарат өрткө чулганып, дагы бир кишинин өмүрү кыйылды.

Мындан алдыңкы күнү Египеттин ар кыл шаарларында мамлекет башчысына тиш кайраган миллиондогон киши көчөгө чыкканда да беш адамдын каны төгүлгөн эле.

Ошону менен бийликти мыкчып турган Хосни Мубаракка 30 жыл чыдаган египеттиктердин бийликке шайлоо менен келген Мохаммед Мурсиден үч жыл айланбай көңүлү калды. Араб жазынын башатында турган өлкөдө исламчыларга шайлоодо утулуп калган ар кошкон оппозиция экономикалык кырдаалдын курчушу менен катар, президент бийликке өз кишилерин отургузуп, өлкөнү «исламдаштыргысы» келет деп каны кайнап турган чак.

Жекшембидеги демонстрацияга жаштар да, хижаб жамынган карыган аялдар да, христиандар да келди. Оппозициянын өз арасында ыркы жок болгону менен исламчыл өкмөткө карата жек көрүүчүлүк аларды баш коштурууда:

- Мурдагы ыңкылапта кулаткан бийликтин тушунда кырдаал азыркыдан алда канча жакшы болчу. Ошондуктан нааразы болгондордун саны азыр эки эсе болуп жатканы таң калыштуу эмес,- деди Каирдеги демонстрациянын катышуучусу Мона Вафа.

Демонстрацияларда "Христиандар менен мусулмандар куштун эки канаты", "Молдолордун өкмөтү жоголсун", "Бул эскертүү эмес, кеткин, эшек!" деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

"Агайындарга" сес көрсөткөндөрдүн арасында армияга карата мамиле өзгөргөнү байкалды. Демонстрациянын үстүнөн согуштук тикучмалар учуп өткөндө, кылкылдаган эл күүлдөп, коргоочу периштеси келгендей, асманга кол булгалашты.

Азырынча, президент Мурсиге болгон колдоо күчтүү. Ошондуктан бул лагер азыр анча кебелген жок.

– Кечээ элдин сайдын ташындай көп болгону табигый көрүнүш. Алардын бир катары Хосни Мубарактын тушунда үч миллион мүчөсү болгон Улуттук демократиялык бийлик партиясына киргендер. Эң маанилүүсү демонстрациялар тынчтык мүнөздө болушу керек, - деп билдирди Каирде "Ройтерс" агенттигине Мурсинин колдоочусу Хатем Абу.

Чайпалган кеме кайсы жагына ооп кетээри белгисиз. Демонстранттар президенттик ак сарайдын алдында топтолуп жаткан чакта каршылаш тараптардын ортосунда өрт дүрт этип кетет деп кооптонгондор көп. Эгер демонстранттар Мурсини отставкага мажбурласа өлкө андан ары кайсы жолго түшөөрү да бүдөмүк. Азырынча бир гана нерсе айдан ачык - Египет тууралуу жазуу кайрадан кызык боло баштады.

XS
SM
MD
LG