Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Египеттеги атаандашсыз шайлоо


Египеттеги добуш берүү. 26-март, 2016-жыл
Египеттеги добуш берүү. 26-март, 2016-жыл

Байкоочулар атаандашсыз деген Египеттеги шайлоодо азыркы президент, генерал Абдел-Фаттах Сиси дагы төрт жылга мамлекет башчы болуп бекигени турат. Анын саясатын сындап келген атаандаштары шайлоо алдында куугунтукталып, камалган.

Көптөгөн египеттиктер, ошондой эле бир катар араб жана батыш мамлекеттери бул шайлоону 2011-жылдан берки кыянатчылыктар толук токтобой келе жаткан Египет үчүн абдан маанилүү деп санашат. Добуш берүү 28-мартка чейин уланат.

Каирдин тургуну, таң эрте кезметтен чыккан бажы кызматкери Амир Шайык Абдел-Фаттах Сисини кайрадан президент катары көргүсү келет. Анын шериги Атиф Абушаида да аны колдоп, шайлоону майрам деп сыпаттады:

- Биз азыр гана жумушубуздан чыктык. Негизи үйгө барып эс алышыбыз керек эле. Бирок бүгүнкү шайлоого катышуу - биз үчүн майрам.

Добуш берүүнү көзөмөлдөгөн коопсуздук күчтөрү. Каир. 26-март, 2018-жыл
Добуш берүүнү көзөмөлдөгөн коопсуздук күчтөрү. Каир. 26-март, 2018-жыл

26-мартта башталган добуш берүү – азыркы президент, пайгамбар жашындагы Абдел-Фаттах Сисинин бийлик мөөнөтүн дагы төрт жылга узартканы турат. Анткени анын шайлоодогу жалгыз атаандашы - “Эртең” партиясынын лидери Муса Мустафа Муса буга чейин Сисинин саясатын катуу колдоп келген саясатчы. Талапкер өзү ага карата "бийликтин марионеткасы" деп атаган сындарды четке кагууда.

- Мен элдин шайлоого көп келип жатканын сезип турам. Биз Египетте туруктуулук орноп, бардык көйгөйлөрдөн алыс болуу үчүн жакындарыбызды шыктандырып, добуш берүүгө келгендерди 30-40 миллион адамдан ашырышыбыз керек, - деди Муса Мустафа Муса 26-мартта добуш берип чыккандан кийин.

Египетте 57 млн шайлоочу бар. Дүйшөмбү күнү башталган шайлоодо эң башкы маселе - элдин канча пайызы добуш берүүгө келет дегенде болууда. Добушканага келип Сисини канча шайлоочу колдоп бергени – анын мындан кийинки саясий кадамдарын аныктайт. Башкача айтканда, элдин берген мандатынын салмагына жараша ал саясий жана экономикалык кадамдарын жасамакчы.

Добуш берүүгө келгендердин арасында азыркы президентти колдогондор арбын экенин байкоого болот. Шайлоочу Мухаммад Рагай мындай деди:

- Мен кубанганымдан уктай алган жокмун жана бул жерге өлкөм үчүн "ооба" деп добуш бергени келдим. Мен туруктуулук үчүн, өнүгүү үчүн, биздин аскерлерди колдоо үчүн "ооба" деп айтканы келдим. Мен добушканада Сисиге "ооба" деп добуш бердим. Анткени анда мен каалаган сапаттар бар.

Египетте 2011-жылы “Араб жазы” делген окуялардан кийин өлкөнү отуз жыл башкарган Хусни Мубарактын бийлиги кулап, андан кийин өлкөдө биринчи жолу демократиялык шайлоо өтүп, "Мусулман агайындары" кыймылынын лидери Мухаммед Мурси президент болуп шайланган.

Бирок бир жылдан кийин армия бийликти өз колуна алып, Мухаммад Мурси камалган жана Сиси ошол окуялар тушунда армияны жетектеп турган. Анын президенттигинин биринчи мөөнөтү Египеттин Синай жарым аралында исламчыл жоочулардын кол салуулары күчөгөн учурга туш келди.

"Ислам мамлекети" тобу биротоло жеңилерин ал шайлоо алдында, 23-мартта Синайга барган кезде теле аркылуу бүткүл өлкөнүн аскерлерине кайрылуусунда айтты:

Сиси добуш берип жаткан учур.
Сиси добуш берип жаткан учур.

- Кудайдын амири менен биз чоң ийгиликтерди багындырабыз. Жикчилдердин үстүнөн толук жеңишке жеткиле. Болгон бардык күч-кубатты колдонуудан тартынбагыла.

Бул шайлоого оппозиция катыша алган жок. Президент Абдел-Фаттах Сисини сындап, ага чыныгы атаандаш болот делген саясатчылар шайлоо алдында камалып, куугунтукталып, өнөктүктөн четтетилген.

Маселен, генерал Сами Хафиз Анан шайлоого катышарын жарыялагандан кийин камалса, өткөн айда бийликтер президент Сисини сындап жүргөн саясатчы, 2011-жылкы шайлоодо төртүнчү орунду алган Абдел-Монеим Абул-Футухту камакка алышкан. Ал тыюу салынган “Мусулман агайындары” кыймылы менен байланышта болгон деп айыпталууда.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму ай башындагы билдирүүсүндө президенттин саясий оппоненттеринин камалышын кескин сынга алып, алдыдагы шайлоону “адилетсиз” деп атаган.

“Жарандык демократиялык кыймыл” деген коалицияга бириккен оппозициячыл партиялар жана саясатчылар калкты добуш бербөөгө чакырышып, шайлоо алдында репрессиялар күчөгөнүн айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG