Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

"АКШ сыноо өткөрсө, биз дагы турбайбыз". Өзөктүк келишим тирештин куралыбы?


Өзөктүк курал алып жүрүүчү кеме
Өзөктүк курал алып жүрүүчү кеме

АКШ президенти Жо Байден өзөктүк куралды чектөө келишими боюнча Орусиянын чечимин “чоң жаңылыштык” деп атады. 22-февралда Мамлекеттик дума АКШ менен өзөктүк куралды чектөө тууралуу тарыхый келишимди убактылуу токтотууну бир добуштан колдоду.

АКШнын президенти Жо Байден шейшембинин кечинде Польшанын баш калаасы Варшада туруп, бир жыл мурун Орусиянын масштабдуу кол салуусунан кийин Киев каармандык менен бекем турганын, украин элинин эркин эч ким майтара албастыгын айтты.

"Бир жыл мурун Киев кулап калбайбы деп дүйнө чочулаган. Мен жаңы эле Киевге барып келдим. Каарман, өзүнө ишенген, эң башкысы эркин Киев бекем турат!" - деген Байдендин сөзүн уккандар кол чаап кубатташты.

Варшаванын Падыша сарайында чогулгандарга кайрылган америкалык лидер согуш экинчи жылга аяк басып баратканын белгилеп, Украина жеңерине ишенерин айтты.

Андан бир нече саат мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык кеңешке кайрылып, Москва өз максатына жетерин белгилеп, Украинадагы урушту "Батыш баштаган" деп күнөөнү оодарган. Ал ошондой эле Москва өзөктүк куралды кыскартуу тууралуу тарыхый келишимди убактылуу токтоторун да жарыялады.

"Быйыл февралда Түндүк атлантикалык альянстан алар айткандай, Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу тууралуу келишимге кайра кошулгула деген талап түшкөн. Алар биздин өзөктүк коргонуу жайларына инспекторлорду да киргизгиле дешет", - деди Путин. "Ушул кантип акылга сыйсын"- деген орус лидери "Орусия келишимден биротоло чыкпайт, бирок аны убактылуу токтотот" - деди.

"Эгер АКШ сыноо өткөрсө, биз дагы аны жасайбыз", - деген Путин "Орусия биринчи болуп сокку урбайт" деди.

Былтыр августта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва өзөктүк жайларын Вашингтондун инспекциясынан убактылуу чыгарганын билдирип, себеп катары «АКШнын кас саясатын» атаган.

Украинага кол салгандан кийин Москва өзөктүк куралдарды толук даярдыкка келтиргени маалым болгон. Кремлдин өкүлдөрү жана мамлекеттик медиа Орусиянын өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн азыркыга чейин ишарат кылып жүрөт.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Москванын мындай билдирүүсүнөн кийин Бириккен Улуттар Уюму өзөктүк эки державаны стратегиялык келишимдин шарттарын толук аткарууга чакырды.

"Өзөктүк куралдарды көзөмөлсүз калтырса дүйнө өтө кооптуу, туруксуз болуп, алааматка кептелет. Андан алыс болуу үчүн бардык күчтү үрөп, тезинен диалогго кайтуу керек", - деди Стефан Дюжаррик.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын тарыхый келишимди токтотуу чечимине өкүнүч билдирип, Москваны аны кайра карап чыгууга үндөдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Путиндин чечимин "жоопкерчиликсиз" деп сындап, Вашингтон Москва менен бул маселени талкуулоого кайсы маал болбосун даяр экенин билдирди.

Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу тууралуу жаңыртылган келишимге 2010-жылы Прагада Орусия менен АКШнын президенттери Дмитрий Медведов менен Барак Обама кол койгон. Кийинки жылы Путин документти 2026-жылга чейин узарткан жана ошол маалга чейин анын шарттары аткарылууга тийиш.

Жаңы келишим атомдук өндүрүшү бар өлкөлөргө бир жылда 18ге чейин бири биринин өзөктүк жайларын текшерүүгө жол ачмак. Үч жыл мурун пандемиядан улам келишим токтоп калган.

Документ ядролук дүрмөттүн жана аны ташып жүрүүчү ракетанын санын чектеп, атомдук өндүрүшү бар өлкөнү өзөктүк куралды өз аймагынан башка жерде жайгаштырууга тыюу салат. Ошондой эле өлкөлөр өзөктүк ракеталарын жаап-жашырбай, инспекторго ачып көрсөтүүгө милдеттүү.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG