Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Эгемендикти туу туткан дарыгер атуул эле


Султангазы Бакир уулу Орозобеков.
Султангазы Бакир уулу Орозобеков.

Көзү тирүү болсо, дарыгер жана атуул Султангазы Бакир уулу Орозобеков 70ке чыкмак. Замандашынын эскерүүсү.

Биз, кичүүлөр, аны ар дайым сыйлап, “Султан байке” деп кайрылчубуз. Ал өз жашынан да улуу акылгөй, кыраакы, мээримдүү инсан эле. Болгону 56 жашында гана дүйнө салганын эстесем, кээде түтөп кетем (менин атам да 53 жашында эле кете бергенин кошо эстейм)...

Медицина илимдеринин доктору, профессор Султангазы Бакир уулу Орозобеков эгемендик доорунда Кыргызстандын стоматологдорунун кесиптик ассоциациясын (жамаатын) түзүп, аны өмүрүнүн акырына чейин башкарды.

Ал жалпы кесиптештеринин ишмердүүлүгүн багыттап, алардын илимий жана тажрыйбалык иш-аракеттерин, мол тажрыйбасын Борбордук Азия чөлкөмүндө жана андан алда канча кеңири эл аралык деңгээлде таанытуу максатында дал ушул коомдук уюмду телчитти.

Анын ар кыл этностордон куралган шакирттери англис жана башка чет тилдерде мыкты сүйлөп, Кыргызстандын дарыгерлеринин иш-аракети тууралуу маалыматты эл аралык жыйындарда тааныштырып келишкенин дурус билем. Алардын бири – англисче шурудай тизип, мыкты сүйлөгөн Илшад Юлдашев (азыр ал – медицина илимдеринин доктору, профессор) мен Прагада байырлап жүргөн кезде Чехиянын борборундагы илимий жыйынга катышкандыгы, андан ары башка да европалык өлкөгө сапар алгандыгы да эсимде.

Мында ал кыргыздын заманбап жараны катары өзүнүн асыл сапаттарынын өзгөчө бир маанилүү жагын көрсөтө алган жагдайга кайрадан назар салсак: ал өз мекениндеги бардык адистерди этностук тегине карабастан баш коштура алган чыныгы мекенчил коомдук ишмер эле.

Азыркы тапта Кыргызстандын Улуттук аттестация комиссиясы жаш окумуштуулардан өз илимий табылгаларын камтыган айрым макалаларды сөзсүз түрдө чет өлкөлөрдө жана чет тилдерде да жарыялоону талап кылууда. Бул – чакан эгемен өлкө илими үчүн негиздүү талап. Султан байке өзүнүн жаш кесиптештеринен дал ушуну эчактан бери талап кылчу.

Султан байке негиздеген кесиптик илимий жамааттын курултайлары пост-советтик кыргыз стоматологдорунун тарыхындагы ири окуялардан болуп келди. Бул жамаат чет өлкөлүк башка уюмдар менен да ырааттуу кызматташып, кыргызстандык жаш стоматолог окумуштуулардын Европадагы, КМШдагы жана башка эл аралык илимий жыйындарга катышуусуна, адис катары калыптануусуна жана илимпоздук жаңы сереге көтөрүлүшүнө олуттуу өбөлгө түздү.

Султангазы Бакир уулу Орозобеков.
Султангазы Бакир уулу Орозобеков.

Султан байке Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология боюнча аттестациялык комиссиясынын төрагасы, стоматологдордун бүткүл дүйнөлүк уюмунун мүчөсү жана Борбор Азияда чыгуучу “Стоматология” аттуу медициналык журналдын редакциялык коллегиясынын мүчөсү катары Кыргызстандын ушул адистиктеги илимий тармагынын өнүгүшүнө салым кошту.

Анын өмүр таржымакалына кыскача кылчайсак (бул тууралуу биз учурунда “Википедияга” да жарыялаган элек), ал 1952-жылы 3-мартта Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында төрөлгөн.

Ал 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун (азыркы Иса Коной уулу Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын) стоматология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Ошол жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин ал медицина тармагындагы илимий изилдөө менен дарыгерлик күндөлүк турмуш күрдөөлүн айкалыштырып иштеди. Жаак оорусунан жабырланган далай бейтаптар (анын ичинде жаш балдар) анын жеңил колунун аркасында айыгып кетишти.

Ал өзүнүн илимий ишин да ырааттуу улантып, 1981-жылы медицина илимдеринин кандидаты, 2004-жылы медицина илимдеринин доктору деген илимий даражаларга ээ болду.

Анын өндүрүш менен илимди айкалыштырган изилдөөлөрүнүн негизинде тубаса эрди жырык жана таңдайы жок төрөлгөн жүздөгөн наристелердин багы ачылып, сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал эми “Адамдын жаак бетиндеги кыймылдаткыч булчуңдардын кемчилдиктери менен жабырланган этти калыбына келтирүүдө аутоаллогендик трансплантанттарды колдонуу” деген тема менен 2004-жылы жактаган докторлук диссертациясынын негизинде көптөгөн бейтаптардын жабырланган жүзү калыбына келтирилген.

Кишинин жүзүндөгү мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирген ондогон операцияларынын негизинде Султан байке 80ден ашуун илимий эмгек жазып, жаак беттин сөөгүн калыбына келтирүү боюнча илимий монография жарыялаган. Бир катар дарыгерлик ыкмалардын автору катары ал илимий ачылыштар патентин алган.

Султан байкебиз менен алгачкы жолу таанышкан учурум да кызык. Анын болочок жубайы, ыраматылык Бурулкан Иманалиева менен чыгармачыл ийримге барчубуз. Бурулкан тарых факультетиндеги курсташым Эркин Акматов менен классташ да болчу. Бурулкан аңгемелер жазаар эле. Мен чакан юмордук аңгемелер жазып жүргөн учурум болчу.

Кийин Султан байке менен Бурулкан баш кошуп, анан маркум жубайым Нургүл экөөбүздү үйлөрүнө байма-бай чакыра башташты. Биз да аларды үйүбүзгө көп чакырдык. Султан агай кыргыз адабиятынан мыкты кабардар, сергек талдоо жөндөмү бар инсан эле. Эгерде жаак адиси болбосо, ал мыкты жазуучу деле болмок, деп ойлоп койчумун.

Анан күндөрдүн биринде ал: “Баланча убакытта сөзсүз келе калгыла!” – деди. Барсак, төрдө анын таякеси, даңазалуу кыргыз жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбек уулу отурат!

Султангазы Бакир уулу жана Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.
Султангазы Бакир уулу жана Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.

Түгөлбай ата – биз пир туткан жазуучу, коомдук ишмер, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын чангандарга каршы катуу айдыңдык айбат көрсөткөн атуул болчу да! Анын Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын жериген төбөлдөргө, анын ичинде Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин, Кыргызстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетекчилерине каршы жазган өзгөчө жүйөөлүү сын катынын машинкада басылган көчүрмөсүн ыраматылык археолог Ысман Кожомбердиевдин колунан алып, шашылыш көчүрүп алган элем. Жанымда досум Бектемир Жумабаев да бар эле.

Султан байкебиз “бул жаш тарыхчылар сиздин идеяңызды толук колдошот”, деди. Мен да өз илимий иштерим тууралуу айтып бердим.

Кийинчерээк, 1989-жылы 3-июнда, биз Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынын Кыргызстан Жазуучулар уюмунун жыйын залында (азыркы Жогорку Соттун кеңсесинин 2-кабаты) өткөргөндө, Түгөлбай ата конокко келген кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай менен чогуу отурумга келип, өз батасын берди. Ошол кездеги коммунисттик бийликтердин бул жыйынды уюштуртпай коюу далаалатына бөгөт коюуга өзү калка болуп, төрдө отуруп берген Түгөлбай атанын да, өзү Маскөөдө жүрүп, Кыргызстан Жазуучулар уюмунун синхрондуу жыйын залын колдонууга жаш тарыхчыларга уруксат кылган Чыңгыз Айтматовдун да бул уюмду түзүүдө салымы бар деп эсептейм.

Азыр ойлосом, Султан байке, жазуучулар Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков, акындар Асан Жакшылыков, Жалил Садыков, Акбар Рыскулов, журналист Мелис Эшимканов сыяктуу жана башка ысымы эскерилбеген далай инсандарыбыз өздөрү тарыхчы болушпаса да, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатына күйөрман болушкан экен.

Султан байке кийинчерээк “Кыргызстан” демократиялык кыймылына да колдоо көрсөтүп келди. Кыргызстан эгемендикке жеткендеги анын кубанычын айтып түгөтө албасмын.

“Ушул күндөрдү таякем Түгөлбай өзү көргөнү сонун болбодубу!” деп Султан байкенин маашырлана айткан кеби эсте. Туңгуч президент Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы менен эң алгачкы жолу Түгөлбай атаны сыйлаган орчун кезең да эстен чыкпайт.

Султан байкенин карындашы – таланттуу акын Салтанат Орозобекова жана анын өмүрлүк жубайы, жазуучу, журналист, котормочу, коомдук ишмер Жумабек Медералиев байкебиз да биз терең кадырлаган инсандар. Алар маркум агам Кубанычбек Кадырмамбет уулу менен жеңебиз Нуруйпанын студент кезден өзгөчө катышкан ынак досторунан болушту.

Баса, Жумабек байкебиз экөөбүздү 1995-жылы июлда ошол кездеги “Кыргызстан–Сорос” корунун башчысы Чынара Жакыпова Киевге жиберип, ал жерден биз теги канадалык украин профессор Богдан Кравченко менен жолугушуп, кыргыз тилине англис тилинен жана башка тилдерден адабиятты тикелей которуу ишин түптөө үчүн украин тажрыйбасы менен таанышкандыгыбыз эсте.

Кийин Б.Кравченко Ага-хан каржылаган Борбордук Азия университетинин ректору болду, ал эми Чынара Жакыпова башатын ачкан котормочулук долбоор аркылуу көптөгөн өзгөчө маанилүү китептер англисчеден кыргызчага которулду. Таалайбек Абдиев, Арслан Капай уулу сыяктуу котормочуларды телчитүүгө да бул долбоор салым кошту.

Жумабек байке өзү орус, белорус, кытай, жапан, фин жазуучуларынын аңгемелерин, орус эл жомокторун кыргызчага которуп жарыкка чыгарган. Ал түстүү сүрөттүү "Кыргыз оймолору" ("Акыл", 2000-ж.), "Эл өкүлү" ("Учкун", 2004-ж.), "Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү" (USAID – "Учкун", 2006-ж) китептеринин авторлорунун бири.

Албетте, Султан байке Жумабек байкебиздин бул котормочулук иш-аракетинен да мыкты кабардар эле.

Султан байкенин жубайы, журналист жана жазуучу Бурулкан Иманалиева “Азаттыктын” Бишкек бюросунда өзүнүн назик үнү менен “Ала-Тоо” кабарларын окуп жүрдү. Анын саламаттыгы жаш кезинен эле начар болчу. Султан байке бар арга кылып, анын өмүрүн сактоого аракеттенди, бирок улук ажалга моюн сунууга туура келди. “Бурулкандын өмүрүн сиз узартып келдиңиз” деп аны жубатып айтканым эсимде.

Тагдыр деген ушул экен. Султан байкебиздин алгачкы өмүрлүк жары Айнагүл Балбакова да дарыгер илимпоз болгон. Айнагүл жеңе Москвада аспирантурасын аяктап жаткан маалда, 1974-жылы Москва-Эреван учак каттамы менен илимий сапарга бара жатканда, ал түшкөн учак кырсыктап, жеңебиз набыт болгон. Султан байке менен Айнагүл жеңенин кызы Рахат бир нече айлык ымыркай кезинде чоң энесинин колунда болчу.

Рахат Бурулканды “апа” деп кабыл алып, Бурулкан төрөгөн сиңдиси Мээрим менен эгиз козудай чоңоюп өстү. Бурулкан эне мээримин экөөнө тең бирдей берди.

Кийинчерээк Рахат саясат таануу жаатында кандидаттык диссертациясын коргоду. Жапонияда да таалим алды. Мээрим журналист, медиа продюсери болду. Анын чыгармачыл телчигүүсүндө “Азаттык Медиа” мекемеси да бир баскыч болуп калды.

Кийинчерээк Султан байкебиз Раушан Молдожунуева жеңебизге үйлөнүп, жеңебиз байкебиздин улуу эки кызына кошуп уул төрөп бергенде, байкебиз чечекейи чеч боло сүйүнгөн.

“Азаттыктын” кыргыз кызматын түптөгөн Азамат Алтайдын баркы да ролду ойногондур, агабыз көкүрөк күчүгүнө Алтай деп ат койгон.

Жубайы Раушан уул-кызы Айсэнем, Алтай менен.
Жубайы Раушан уул-кызы Айсэнем, Алтай менен.

Султан байкенин бир туугандары менен жакындан таанышып, Ысык-Көлдө конокто болгондо, узак убакыт бою баарлашкан учурларыбыз да жадымда. Ал өз бир туугандарына өтө талаптуу болуп, бардыгына багыт берип, өстүргөн экен.

Султан байкенин айдың катары кыргыз маданиятына, тарыхына терең кызыгып, Кыргызстандын демократиялык жолдо өнүгүүсүнө ынтызар болгондугу да бири-бирибизди ого бетер жакын кылган окшобойбу.

Айрымдар сыяктуу эле, мен да Султан байкебизди өтө олуттуу деп саначу элем. Бир жолу (1998-жылдын 11-апрели) Казакстандан келген окумуштуу агайыбыз, Карлук мамлекетинин тарыхы боюнча адис Сатай Сыздыков, этнограф Имел Бакиев, КДКнын мурдагы теңтөрагаларынын бири, ишкер Кадыр Матказиев, Кыяс, Олжобай ж.б. жаш тарыхчылар жана коноктор болуп Ала-Арча капчыгайына барып калдык. Ошондо бул чыгармачыл чөйрөдөгү жаркын маанайга толкунданып кеттиби, Султан байкебиз: “Эми мен ырдап коёюн!” – десе болобу! Ошондо анын мукам үнү обондуу ырды керемет аткарганына алгачкы жолу кбө болгон элем.

Деги эле Султан байкенин жакын чөйрөсүндө айдыңдык баарлашуулар байма-бай жүрүп, ар кыл адистикти аркалаган замандаштары өзүнчө эле билимкөйлүк очогунда жылынып отургандай сезишээр эле.

Дарыгер, агартуучу жана коомдук ишмер Султангазы Орозобеков 2008-жылы 16-июнда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектин жанындагы Байтик айылынан түндүгүрөөктөгү чаптагы жаңы көрүстөнгө коюлган.

Султан байкемдин жаркын элеси тууралуу жаза берсем, калемимдин сыясы түгөнбөс. Эң маанилүүсү – чет жактарда, ар кыл шарттарда байырлап келдим, бирок ар дайым жүрөгүмдү “ойт” кылып толкутуп алган учурлар Сиздин элесиңиз менен да байланыштуу болду. Бул жагынан мен жалгыз эмесмин деп ойлойм. Анткени Сиз абдан көп кишинин жүрөгүнөн түнөк таап кеткенсиз. Жаркын элесиңиз да жакшылыкка ырааттуу үндөй бермекчи.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG