Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Эгемен мамлекет ар бир өлкө, анын жарандары үчүн эң ыйык баалуулук, баарынан улук майрам, кымбат күн. Улуттук майрамдын анабашы – эркин мамлекет деп жарыяланган күн, көз карандысыздык. Эгемен мамлекет ар бир улуттун түбөлүк максаты, тынымсыз күрөшү, кыял-тилектеринин туу чокусу. Эркиндик - бул акыл таймаш, кан төгүлгөн кармаш, карандай эмгек, эрк таймаш, журт талаш, эл талаш.
Дүйнөдө 2 миңден ашык улут, бирок 200 тегерегинде гана эгемендүү, суверендүү, өз алдынча мамлекет бар. Суверенитет, көз карандысыздык күнү ар жылы бир күнү белгиленчү майрам эле эмес. Эркин мамлекет болуу ичте жана тышта сыймык, анын жаранына укуктук кепилдик. Өлкөнүн суверенитети ар бир кырдаалда жаралмагы анык сыноо, ар күнү мандайынан чыккан түйшүк, керек болсо ар бир жарандын тагдырында чындап сынала турган машакат. Маселен, мамлекет өз атуулунун укугун коргой алса, суверенитетине доо кетпейт, өз жаранын ай талаада калтырса, суверенитетине шек жаралат.
Мындан 32 жыл мурда, 1990-жылы 15-декабрда Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө декларация” кабыл алган. Бул эң маанилүү тарыхый окуя, укуктук жана саясий акт, идеологиялык жеңиш, моралдык жоопкерчилик, шыктандыруучу кадам. Суверенитет тууралуу ушул жогорку актыга таянып, 1991-жылы 31-августа Көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алынат да анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт.
1991-жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен Көз карандысыздык жөнүндө декларацияга конституциялык мыйзам статусу берилет. Ошол күндөн тартып 31-августу Көз карандысыздык күнү деп белгилеп келебиз. Андан бери 31 жыл өттү дейбиз, бирок тарыхый көз караштан алганда бул дата шарттуу эсеп, хронологиялык формалдуулук, башкача айтканда тарыхый чындыкты толук чагылдырбайт. Биз өз алдынча мамлекет курган, мамлекеттүүлүк тарыхы узак, суверенитетке тарыхый укугун ишке ашыра алган байыркы элдин көз карандысыздыгынын калыбына келишинин 32 жылдыгы тууралуу кеп кылышыбыз керек. Азыр мындай тезисти көпчүлүк кабыл албашы, ал тургай этибар албашы мүмкүн. Бирок ынандырганга аракет кылалы.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жана татаал. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жылдызы жанган же ындыны өчкөн, жемиштүү же жеӊилүү ызасын тарткан, кеӊ аймакты кучагына алган же бучкактай тарыган, бактыга мол же багы колунан учкан ар кандай кезеӊдерди башынан кечирди. Кыргыздар түрк элдеринин ичинен эӊ биринчилерден болуп мамлекет түзгөн эл. Түрк макроэтносунун уюткусу. Ушул мамлекеттүүлүктүн традициялары Евразиядагы калган мамлекеттерге үлгү, түрткү жана ал мамлекеттердин кийинки тарыхына таасирин тийгизген фактор болду.
Өз алдынча мамлекет кыргыздардын улуттук идеясы, пассионардык мотивациясы жана тарыхый укугу. Улам бир муун ушул идея ишке ашыруу миссия үчүн жаны курман эле. Кай бирлери бул эңсөөнүн өтөлгөсүнө жетти, айрымдары миссиясын толук аткара албады. Кыргыздардын байыркы мамлекеттүүлүгү жана Улуу Кыргыз каганаты кыйрагандан кийин кыргыз мамлекети тууралуу эмнегедир ырааттуу кеп кылынбайт. Совет бийлиги буларга азаттык тартуулап, социалисттик өлкө куруп берсе, кайсы мамлекетти айтып жатат дечүлөр үстөм эле советтик доордо. Андайлар эми да ичте-тышта аз эмес. Европа, Азия мамлекеттеринин, башкаларга сын тагып, силерге мамлекетти биз белекке бергенбиз деп кыр көрсөткөн Орусиянын тарыхын караганыбызда кенедей шаарчадан, кыштактан же сепилден турган полистер, княздыктар, вечелер, бир коктуну ээлеген графтыктар, королдуктар мамлекет деп эсептелинет да, кыргыздарга келгенде бүтүндөй империя болгон каганат же хандыктар мамлекет эмес, ашып кетсе уруу бирикмелери, "протогосударство", "зачатки государства" деп аталганы кызык. Ушул аныктаманы таңууланып келишти, ошондой көз караш калыптанып калгандай. Маселе мамлекеттүүлүк тарыхына карата укуктук, саясий жана идеологиялык көз карашта, методологиялык мамиледе жатат. Кыргыз мамлекеттүүлүгү республика формасындагы мамлекет катары жаӊы доордо, 20-кылымдын башында (1924-жылы) калыбына келди. 1926-жылы Кыргыз автоном республикасы, 1936-жылы социалисттик республика катары кайра түзүлдү.
31 жыл ичинде эӊ ири жетишкендигибиз – бул 2002-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын дүйнөлүк масштабда белгилениши. Мамлекеттүүлүктүн байыркы доору Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен таанылды. 6-9-кылымдар Улуу Кыргыз каганаты деген ат менен тарыхта белгилүү. Бул доорду да эч кайда ката албайбыз, тана да, жок кыла да албайбыз. Бул этноцентристтик позициядагы божомолдор же фолькхистори эмес. Кашкайган, аныкталган, негиздүү фактылар.
Бүгүнкү күндөгү мамлекеттин үлгүсүнө салып караган күндө деле бир кыштактай аймакты ээлеген, бир айыл калкы бар, ал тургай бир чоӊ көчөдөн турган, бирок дүйнө аларды азыркы учурда да мамлекет деп тааныган монархиялар, княздыктар жана кенедей республикалар бар экени жалганбы? Чын. Кеп элдин санында жана ээлеген аймагында деле эмес. Мисалы, Монако княздыгы (французча расмий аталышы - Principauté de Monaco) Франциянын протекторатында, Италиянын, Сардиниянын ж.б. түркүн мамлекеттердин курамында болду, суверенитетинен ажырап, бир нече мамлекеттин карамагына өтүп келген. Бирок Эгемендик күнү деп тээ 1297-жылдын 8-январы эсептелет. Мындай мисалдар тарыхта жетиштүү.
Эми Европанынын жөнү башка дечүлөр чыгат. Анда кечээги СССР курамынан чыккан Эстонияны алалы. Бул мамлекет 1991-жылы 20-августта Көз карандысыздыкты калыбына келүү күнү деп жарыялайт. Анткени Эстониянын көз карандысыздыгы 1918-жылы 24-февралда жарыяланган. Эстония орто кылымдардагы княздыктардын, мамлекеттик түзүлүштөрдүн, анын ичинде Эстляндиянын мураскору, демек мамлекеттик эгемендик, көз карандысыздык буга чейин болгон, СССР кыйрагандан кийин кайра калыбына келди деп эсептелинет. Дүйнө да ошентип тааныйт. Азербайжан өзүн 1918-жылы 18-октябрда Улуттук кеңештин чечими менен түзүлгөн эгемен республиканын мураскери деп эсептеп, 1991-жылы 30-августа “Азербайжан Республикасынын Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү” жөнүндө декларация кабыл алган.
Демек, мамлекет өзү эсептесе, атаса, аныктама берсе гана дүйнө ошого жараша тааныйт, атайт. Андыктан, кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгы тарыхый факт болсо, андан кийинки, мындан 800-1200 мурдагы Улуу кыргыз каганаты аталган мамлекет факт болсо, демек тарыхый логикага ылайык 32 жыл мурдагы окуяларды суверенитеттин жана көз карандысыздыктын калыбына келиши деп эсептегенибиз туура. Тактап айтканда, 1990-жылы 15-декабрда кабыл алынган “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө Декларация” жана 1991-жылы 31-августагы “Көз карандысыздык жөнүндө Декларация” суверенитетти жана көз карандысыздыкты жаңы шартта калыбына келтирген юридикалык, саясий, тарыхый актылар.
Бул актылар байыркы кыргыздын эмки урпактары, өлкөнүн бардык жарандары үчүн нравалык баалуулук. Маселе мактаныч же сыймыкта гана эмес, ушундай тарыхыбыз туруп, мамлекет куруу тажрыйбасына ээ эл эмнеликтен чектелген суверенитетте жашагыдай деген түшүнүктү калыптандырууда жатат. Эркиндик жана суверенитет тууралуу актылар тарых, учур жана келечек алдында кымбат жоопкерчиликти билдирет жана жогорку күчкө ээ. Суверенитет менен көз карандысыздык, эркин мамлекеттүүлүк так аныктамага жана конкреттүү мазмунга ээ болууга тийиш.
Суверенитеттин жана көз карандысыздыктын жаӊы шартта калыбына келишинин 31 жылдыгы деп атаганыбыз идеологиялык, саясий-укуктук жактан, эӊ негизгиси, тарыхый өӊүттөн да туура болмокчу. 31 жыл текке кетпеди. Суверенитеттин мазмуну, көз карандысыздыктын куну, эркин мамлекеттин баркы тууралуу эми чындап ойлоно баштадык.