Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Диний догмаларга каршы турган Лев Толстой


Лев Толстой.
Лев Толстой.

Өз убагында Ницше, Шопенгауэр сыяктуу эле атак-даңкка ээ болуп, дүйнөлүк коомчулуктун кудум олуя сыяктуу сый-ургалына татыган Лев Толстойдун жазуучу катары адабият, маданиятка кошкон салымын сөз менен айтып бүтүрүү дегеле мүмкүн эместей. Анын бүгүнкү доордо эске алгыдай сабактары тууралуу ой жүгүртөлү.

Айтматов аздектеген залкар

Ошол заманда (XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башы) жүз миңдеген кишилер Толстойго кадимки пайгамбардай эле катуу ишенип, аны пир тутуп, ээрчип, азыркы тил менен айтканда, ага түздөнүп жашап калганын эч ким тана албайт.

Толстой кеменгер жазуучу катары гана эмес, улуу ойчул, даанышман, гуманист, насаатчы педагог катары да миллиондордун сый-урматына ээ болгон. Сөздүн толук маанисинде өз доорунун рухий-маданий атмосферасын, интеллектуалдык-идеологиялык багытын аныктагандардын сап башында турганы анык.

Теги ак сөөк, граф Толстой бу жарыкчылыкта эч санаа тартпай эле, жыргап-куунап жашаса баардык мүмкүнчүлүгү бар болучу: өзү жактырып баш кошкон сүйүктүү жары, кызматчы-малайлары, Ясная Поляна сыяктуу табият койнунан орун алган кооз короо-багы, дүйнөнүн учу-кыйырына тараган атак-даңкы. Бирок ал өмүр бою азап чегип жашады, өмүр бою өзү менен өзү күрөшүп, көп учурда өзүн жектеп, танып, чанып жүрүп өттү. Бул жагынан алганда адамзат тарыхында өзүн Толстойчо мүшкүлгө салган даанышмандар аз эле болсо керек. Ал акыркы деми чыкканча чындыкты издеди, өмүрдүн маани-маңызын түшүнүүгө бүт күч-аракетин жумшап, “Адам деген ким, анын бул жашоодогу орду кандай?” деген түбөлүк башы ачылбай келе жаткан суроолорго жооп тапканга аракет кылып жүрүп өттү.

Атактуу жазуучуну кыргыздын Толстойго тете сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматов өтө жогору баалаган. Ал минтип жазат: "Деги Толстой деген ким? Көп учурда өз кумарларынан жапа чеккен акыл-сезимдин (рухтун) алпыбы? Жөнөкөй эле пенденин колунан келчү нерсени – кайгы-капаны, убайымды көрө билип, алдын алууга кудурети жетпеген пайгамбарбы? Акыл-сезимине тынчтык бербеген олку-солкулуктардан кутула албаган ойчул философпу? Толстойдун чын эле жер үстүндө жашап өткөнүнө өзүңдү ишендирип, анын кантип жашап өткөнү: сүйүүнүн, күйүттүн, укмуштуудай чиеленишкен карама-каршылыктардын ортосунда кыйноого түшкөнүн элестете алсаң, ага болгон ыраазылыгың ашып-ташат. Анын жан дүйнөсү кандай гана күрөштөргө жык толгон.

Бүгүн адам, анын табияты жана маани-маңызы жөнүндө карама-каршы көз караштардын айыгышкан кармашы жүрүп жаткан кезде бул маселе боюнча Толстойдун көз карашына, Толстойдун өзүнө кайрылуу өзгөчө зарыл. Себеби, анын нукура адам болгондугунан күмөн санабайм. Анык сүрөткер укум-тукумга даанышман ойлорду эле эмес, өз өмүрүн – баа жеткис, эч нерсеге салыштыргыс көркөм чыгармаларын да калтырат. Сүрөткерден мурда адам болот, искусстводон мурда сүрөткер болот. Эгер биз Толстой-жазуучуга ишенсек, ири алдыда Толстой-адамга ишенген болобуз". (Айтматов энциклопедиясы, 3-том, 64-65-беттер).

Орусиянын Тула облусунун аймагы. 24-июнь 1908-жылы тартылган сүрөт.
Орусиянын Тула облусунун аймагы. 24-июнь 1908-жылы тартылган сүрөт.

Чиркөөнүн бетин ачканда

Ал өмүрү ортолоп калганда кудай жолуна түшүп, мурдагы атак-даңкынан эле эмес, ага түбөлүк өлбөстүктү алып келген залкар чыгармаларынан да баш тартышы анын ашкере татаал, карама-каршылыктуу, миң кырдуу, миң сырдуу инсан болгондугунан кабар берет. Өзүнө караштуу жерлерди кол алдында иштеген дыйкандарга бөлүп берип, мал-мүлкүнөн кечип, бул дүйнөнүн болгон-бүткөн кызыкчылыгына кол шилтеп, кадимки дербиш, календер сымал безип кеткиси келгени бүгүнкүнүн адамын таң калтырбай койбойт.

Ал ошол мезгилде Орус империясында өзгөчө таасирге ээ болуп турган православ чиркөөсүн, анын башында турган диний ишмерлерди катуу сындаган. Атүгүл көз көрүнөө адилетсиздикке жол берип жаткан Николай падышага да ачыктан-ачык акарат кылган.

Проваслав чиркөөсүн христианчылыктын түпкү, нукура маани-маңызын бурмалап (мисалы, "өлтүрбө" деген осуятты унутуп), бийликтин зордук-зомбулукчул саясатына көз жуумп, же ага атайын жол чаап берип жатканы Толстойдун катуу кыжырын кайнаткан, ал мындай көрүнүш менен түк келише алган эмес.

"Мен чиркөө [орус православ] окуусу христиан дининин мүлдө маанисин жаап-жашырган, теориялык жактан эки жүздүү жана зыяндуу алдамчылык, ал эми практикалык жактан өтө орой ырым-жырымдар менен көз боёмочулуктун жыйындысы экендигине ынандым", – деп жазат ал. Диний догмаларга каршы ушул сыяктуу көз караштары үчүн ал расмий түрдө 1901-жылы 20-февралда чиркөөдөн куулган.

Ал эми залкар жазуучу ааламдан өткөндөн дээрлик жүз жылдан кийин, 2009-жылдын 11-сентябрында ошол эле көз карашы үчүн Орусиянын Ростов облустук сотунун чечими менен РФ ЖКнын 282-беренесине ылайык ("диний кастыкты жана жек көрүмчүлүктү козуткандыгына байланыштуу"), "экстремист" деп табылган.

Ошондон дагы жарым жыл өткөндө, 2010-жылдын 18-мартында Екатеринбург шаарынын Киров сотунда экстремизм боюнча эксперт Павел Суслонов Лев Толстойду үчүнчү жолу "экстремист" деп айыптаган. Ал сүрөткердин 1901-жылкы орус жоокерлери менен офицерлерине кайрылуусунан ("Жоокерлердин эстеткичине" жана "Офицерлердин эстеткичине" баш сөз") экстремиздин белгилерин, б.а. "православ чиркөөсүнө каршы багытталган, диний кастыкты козутуучу тике чакырыктар камтылгандыгын" таап чыккан. Ошентип, бүткүл дүйнө эли пайгамбардай кадырлап-сыйлаган жазуучу көзүнүн тирүүсүндө бир жолу, көзү өткөндөн кийин эки жолу экстремист катары айыпталган.

Толстойдун заманында ар бир казармада генерал Драгомиров түзгөн "Эскерткич" илинип турчу экен. Анда: "Үч (душман – А.К.) чуркап чыкса, биринчисин сай, экинчисин ат, үчүнчүсүн канжарлап сал… Канжарың сынса, кундак менен ур, кундак жарактан чыкса, муш менен сок, муштумуң тийбей баратса, тиште", - деп жазылыптыр.

Табиятынан пацифист, өмүр бою зомбулукка, баскынчылыкка каршы күрөшүп келе жаткан ойчулду генералдын мындай ачыктан-ачык адам өлтүрүүгө түрткөн чакырыгы катуу жаалын кайнаткан окшойт. Анүстүнө ал эскерткичте солдат командирдин бардык буйруктарын – албетте, падышага каршы болбосо, ага зыян келтирбесе – аткарууга милдеттүү деп да айтылган болчу.

Кудайга ким эң жакын?

"Эгер жоокер башчынын буйругун аткаруудан мурда, бул өкүмдарга каршыбы же жокпу деп чечсе, анда ал эң оболу башчы талап кылып жаткан нерсе эң жогору турган өкүмдар – Кудайга каршы эмеспи деп ойлонушу керек го? Анткени Жараткан үчүн киши өлтүрүүдөн өткөн күнөө жок. Ошондуктан кимдир-бирөө сени адам өлтүрүүгө буюрса, андайларга баш ийбешиң керек… Иса пайгамбар кишилерге алардын баары Кудайдын пенделери экендигин үйрөтүп кеткен. Андыктан христианин өз абийирин бөлөктөрдүн эркине – мейли ал ким болбосун, король болобу, падыша болобу, император болобу – берип коё албайт", – деп жазат Лев Толстой.

Ал өз кайрылуусунда ыйык китептерден мисал келтирип, киши өлтүрүү кечиримсиз күнөө экендигин айткан жана өз элине каршы ок аткан жоокерлердин кандуу кылмыштарын көрүп-билип туруп унчукпаганы үчүн орус чиркөө кызматкерлерин катуу каарып өткөн.

Орус бийлиги улуу жазуучунун жүз жылдык мааракесин салтанаттуу белгилегендин ордуна, тескерисинче, аны таптакыр жерип, атүгүл "экстремист" катары жарлык тагып жатканынын төркүнү эмнеде? Мынчалыкка баргандай, мындан жүз-жүз он жыл илгери жашап өткөн Толстойдун арбагы, анын руху, духу учурдагы бийликти эмнеси менен чочулатып, эмне мынча тынчын алып жатат?

Мунун жандырмагы Орусияны дээрлик отуз жылдан бери башкарып келе жаткан падышанын саясаты – Сирияны, Крымды, Украинаны эле эстейли – улуу гуманисттин калтырып кеткен осуяттарына төп келбей калгандыгында болуп жүрбөсүн?

Манасты, "Манас" эпосун (дегеле кыргыз дүйнөсүн) уккусу-көргүсү келбеген биздин айрым бир фанаттар "Айтматов мусулман болгон эмес!" деп кыйкырып чыккандай, кээ бир кыска ойлуу орустар "Толстой өмүрүнүн акырында исламды кабыл алган" деп да жазып жүрүшөт.

Менимче, Лев Толстой Ыйык Куранды жакшы билгендей эле, буддизмди да, дүйнөлүк бардык башка диндерди да мыкты билген, мыкты түшүнгөн. Башкача айтканда, ал бардык диндерди бирдей баалап, бирдей маани берген. Качан гана диндер бири-биринен жатыркабай, тескерисинче, жакындашып, жуурулушканда, адамзат бир үй-бүлөгө айлана тургандыгына көзү жеткен. Эгер мындан да тагыраак айтсак, ал адам христиан (мусулман, буддист ж.б.у.с.) болордон мурда адам болуш керек деген акыйкат принцип менен жашаган. Балким, анын улуулугу, анын түбөлүктүүлүгүнүн сыры мына ушунда болсо керек.

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG