Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Бажы биримдигине барганы калдыкпы?


Бажы биримдигине каршы Украинада өткөн акция. 5-апрель, 2013-жыл.
Бажы биримдигине каршы Украинада өткөн акция. 5-апрель, 2013-жыл.

28-январда Бишкекте бир катар эксперттер Бажы биримдиги тууралуу жыйын куруп, Кыргызстан бул уюмга кошулса экономикалык ири утушка ээ болорун белгилешти. Бирок бул пикирге көз карандысыз экономисттер караманча каршы.

Бажы биримдигинин пайдалуу жактары айтылган жыйынга мурдагы өкмөт башчылар: Амангелди Муралиев, Игорь Чудинов, азыркы өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов баштаган бир нече экономист, эксперттер катышты. Аталган уюмга кошулууну жактаган экономист Жумакадыр Акенеев буга чейин Бажы биримдигине каршы чыккан жарандык активисттердин маалыматтарын аша чапкандык катары сыпаттады:

- Бажы биримдигинен коркуунун кереги жок. Биз бүгүн ишенимдүү жыйынтыкка келдик, Кыргызстан бул уюмга кошулса, экономикалык жактан жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Кошулбасак, баягы эле Кытайдын арзан товарын сатып жүрө беребиз. Кымбатчылык болот деген да туура эмес.

Анткен менен бул пикирге баары эле макул эмес. "Бажы биримдигине кошулсак, кымбаттай турган нерселердин катарына сырттан ташылган автоунаалар да кирет", - деди өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов. Анын айтымында, Европа, Жапония сыяктуу өлкөлөрдөн ташылган автоунаалардын бажы төлөмдөрү кымбаттайт.

Буга чейин ондогон жарандык активисттер Ак үй алдына акцияга чыгып, Кыргызстан бул биримдикке кошулса эгемендигин жоготуп, саясий эркиндиги чектелерин, өлкөдө орто жана чакан бизнес жабыркап, баалар 25-30% кымбаттаарын айтышкан. Көз карандысыз экономист Искендер Шаршеев кыргыз өкмөтү Бажы биримдиги тууралуу сөз кылганда башкалардын пикирин эске албай жатат деп нааразы:

- Тегерек столго чогулгандардын баары Бажы биримдигинин жактоочулары. Эч кандай анализ жүргүзбөй туруп бир беткей маалымат таратып жатышат. Далилсиз эле Бажы биримдигин макташууда. Каршы чыккандардын айтканын жокко чыгарып, бизди акмак деп атап алышты. Суроолорубузга да жооп беришпейт.

Канткен менен жакында эле жүздөн ашуун адамдын Бажы биримдигине кошулууга каршы өткөргөн акциясы бийликке бир топ таасир бергендей болду көрүнөт. Мындан төрт күн мурун президент Алмазбек Атамбаев да Бажы биримдигине кирсек кымбатчылык каптайт деген кооптонууларды четке каккан:

- Эгерде Бажы биримдигине кошулсак азык-түлүк, кийим-кечеге болгон баалар 1,5,-2 эсеге кымбаттайт деп чуу кылгандарды билем. Бул маселени элге зыяны тийбей тургандай кылып чечебиз. Айрымдар жөн эле алдап жатышат. Мисалы, Бажы биримдигине мүчө Казакстандын Алматы шаарында ун, сүт, жумуртка Кыргызстанга салыштырмалуу арзан. Эт кымбат. "Дордой", "Кара-Суу" базарларында кымбатчылык болбойт, биримдикке киргенден кийин дагы жарандарга азыркы баада кийим-кече сатып алчудай шарт түзөбүз.

Кара-Суу базары
Кара-Суу базары
Анткен менен Бажы биримдигине кошулууга каршы акциялардын демилгечилери өлкө башчысынын сөзүнө макул эмес. Алар учурда кыргыз бийлигин "Бажы биримдигин жактаган маалымат чабуулуна өттү" деп айыпташууда. Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун башчысы Мирсулжан Намазалиев Ак үй алдына чогулгандарга Бажы биримдигине кошулгандан кийинки баалардын эсеп-кысабын мындайча санап бергени бар:

- Мисалы бул компьютердин баасы азыр 22 миң сом болсо, Бажы биримдигине кошулсак, 27 миң сом болот. Жөнөкөй компьютерге 5 миң сом кошулуп атат. Бул көйнөк азыр 1690 сом болсо, уюмга кошулгандан кийин 2100 сом болуп кымбаттайт.

2013-жылдын 24-декабрында Москвада Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынында Кыргызстандын уюмга кирүү мөөнөтү жылдырылган. Бажы биримдигине учурда Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. 2010-жылы түзүлгөн Бажы биримдигине Кыргызстан 2011-жылдан тарта эле кошулуу ниетин билдирип келет.
Бажы биримдигине каршы Бишкекте өткөн акция

Бажы биримдигине каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG