Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

COVID-19: Вирустун жаңы толкуну кооптондурууда


Румыниядагы ооруканалардын бири.
Румыниядагы ооруканалардын бири.

Европаны коронавирустун кезектеги толкуну каптап жатат. Австрияда эмделбеген жарандарга карантин жарыяланды. Германияда күнүмдүк көрсөткүч бир аптадан берип жогорулап, 20 миңден ашып жатат. Кытайда коронавирустун дельта түрүнө байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилди.

Коронавируска каршы вакцина ала элек австриялыктар эми кең-кесири каалаган жагына бара алышпайт. 15-ноябрдан тартып аларга зарыл иштери менен гана үйдөн чыгууга уруксат берилет. Бул тууралуу Австриянын канцлери Александр Шалленберг жекшемби күнү билдирди. Ал өкмөт мындай кадамды «айла жоктон» кабыл алганын кошумчалады.

"Дүйшөмбүдөн баштап Австрияда вакцина албагандар үчүн карантин жарыяланат. Демек, 12 жаштан жогору курактагы эмделбеген адамдарга үйдөн чыкканга болбойт. Болгону азык-түлүк алууга же өтө зарыл иштери менен чыгууга гана уруксат берилет. Алар ал тургай кийим-кече, эмерек, спорт шаймандарын саткан дүкөндөргө да бара алышпайт".

Канцлер ошондой эле толук карантин киргизүү эмделгендерге карата адилетсиз болуп калмактыгын белгиледи. Азырынча бул чаралар он күнгө киргизилди. Бийлик соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны кескин өсүп жатканына тынчсызданып, ооруканаларда орун калбай калышы мүмкүн деп кооптонуп жатат. Вируска чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 13 миңден ашууда. Маалыматка караганда, Австриянын 8,9 миллион калкынын 65% вакцина алган.

Мындан улам эки миллиондой киши карантинде калышы мүмкүн. Аларга дарыгерге, дарыканага жана өтө зарыл иштери менен гана көчөгө чыгууга уруксат берилет. Эрежеге баш ийбегендерге 1660 доллардай айып пул салынат. Аларды полиция көчөдөн тандап текшериши ыктымал. Бирок таза абада спорт менен алектенип, сейилдөө үчүн чыкканга болот. Канцлер Шалленберг жарандарды вакцина алууга чакырды.

Өкмөттүн мындай чечимине каршы 14-ноябрда Венада нааразылык акциясы өттү.

Германияда кырдаал оор, Кытайда вирус жайылып жатат

Германияда да эмделбегендерге каршы чаралар күчөтүлүүдө. Азырынча алар чоң иш-чараларга катыша алышпайт. Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спан чараларды дагы катаалдатпаса, кырдаал начарлап кетиши мүмкүн экенин эскертти. Германияда соңку күндөрү күнүмдүк көрсөткүчү 20 миңден ашып жатат.

Ал арада пандемия алгач тутанган Кытайда коронавирустун дельта вариантына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизиле баштады. «Рейтер» агенттиги тараткан маалыматка ылайык, cоңку бир айда бул вирусту жугузуп алгандардын саны миңден ашкан. Бул анча деле көп болбогону менен, Кытайда соңку бир жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Коронавирус бул жолу Далянь шаарында жайылууда. Мындан улам 7,5 миллион калкы бар шаар карантинге жабылып, каттамдар токтотулду.

Ал арада Казакстанда кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана өспүрүмдөрдү мөөнөтүнөн мурда коронавируска каршы эмдөө башталды. План боюнча вакцинация 22-ноябрда башталмак. Азырынча аларга Pfizer вакцинасын сайып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG