Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

COVID-19: АКШ элди Германияга барбай турууга чакырды


Дуйсбург шаарындагы эмдөө пункту. Германия. 12-ноябрь, 2021-жыл
Дуйсбург шаарындагы эмдөө пункту. Германия. 12-ноябрь, 2021-жыл

АКШнын Мамлекеттик департаменти өз жарандарын Германияга барбай турууга чакырды. Бир нече аптадан бери Европа коронавирус пандемиясынын очогу болуп жатат.

22-ноябрда АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору кырдаалды баалап чыгып, тиешелүү кеңеш бергенден кийин Мамлекеттик департамент Германияны "эң кооптуу же коркунуч төртүнчү даражада" деген өлкөлөрдүн катарына киргизди.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун баш кеңсеси. Атланта
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун баш кеңсеси. Атланта

“Германияга сапардан кармангыла. Барууга туура келсе, толук эмдөөдөн өтүү керектигин унутпаңыз. Бирок азыркы кырдаалда вакцина алгандар дагы COVID-19ду жугузуп алып, андан ары жайылтышы ыктымал экенин эстен чыгарбагыла!”, - деп эскертти америкалык борбор.

АКШ эң кооптуу деген өлкөлөрдүн тизмесине ошондой эле Дания, Белгия, Хорватия, Венгрия, Австрия жана Нидерландды киргизди.

Франция менен Италия үчүнчү даражада. Башкача айтканда, ал өлкөлөргө барууну көздөгөндөргө пландарын кайра карап чыгуу сунушталат.

COVID-19 пандемиясы баштала электе адатта төртүнчү даража деген эскертүү Ооганстан жана Ирак өңдүү, куралдуу жаңжалдар жүрүп жаткан же башка кризистерге туш болгон мамлекеттерге тиешелүү болчу.

Кошмо Штаттар 22-ноябрга чейин федералдык кызматкерлер вакцинанын жок дегенде бир дозасын алууга тийиш деген эреже киргизген. Ак Үйдүн маалыматына караганда, 3,5 миллиондой кызматкердин 90% жарым-жартылай эмделди.

Германиядагы оорукана. Архивдик сүрөт
Германиядагы оорукана. Архивдик сүрөт

Германиянын өзүндө канцлер Ангела Меркел жана медиктер айрым региондордо ооруканаларга күч келип жатканын билдиришти.

"Германияда ушул кыштын соңуна карай, кээ бирлер кекээрлеп айткандай, ар бир адам же эмделет, же ооруп айыгат же өлөт деген ыктымалдык бар", - деп эскертти саламаттык сактоо министри Йенс Шпан.

23-ноябрдагы маалыматка ылайык, алдыңкы күнү өлкөдө вирусту жугузуп алган дагы 45 миңден көп киши катталды, 309 бейтап оорудан көз жумду. Салыштыра кетсек, бир жума мурун бир күндө инфекциялангандардын саны 32 миң болчу, вирустан 265 киши өлгөн.

Бир нече аптадан бери Европа кайрадан коронавирус пандемиясынын очогуна айланды. Вирустун жайылышын алдын алуу үчүн эң катаал кадамга Австриянын бийлиги барды. Дүйшөмбүдөн тарта улуттук карантин жарыяланды, эл бери дегенде 10 күн бою үйлөрүнөн эң зарыл учурларда гана чыга алат, чет элдик туристтер өлкөгө кире алышпайт. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, биринчи карантинден айырмаланып, бул жолу көчөлөрдө, коомдук транспортто элдин азайганы анча байкалган жок.

Жан Кастекс. Архивдик сүрөт
Жан Кастекс. Архивдик сүрөт

Францияга таандык Гваделупа аралында дем алыш күндөрү өкмөт киргизген карантинге жана санитардык чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы зомбулук менен коштолду. Демонстранттар жолдорго баррикадаларды орнотуп, дарыкана, дүкөндөрдү талкалап жатышты. Бийлик мектептерди жабууга аргасыз болду. Тынчтыкты орнотууга расмий Париж полициянын тандалма бөлүктөрүн жөнөттү. 22-ноябрда өкмөт башчы Жан Кастекс зомбулукту уюштургандарды айыптады:

"Демонстранттардын арасынан чыккан айрым кишилер дүкөндөрдү карактап, жолдорду тороп, айдоочулардан акча өндүрүүгө аракеттеништи, ооруканага жеткирилип бараткан адамдарды кое бербей туруп алышты. А түгүл тартип коргоочуларга ок чыгарууга чейин барышты. Мен мындай зомбулукту катуу айыптайм. Ошол адамдар кармалып, сот жообуна тартылат".

Ошол эле күнү кечинде премьер-министрдин кеңсеси Кастекс коронавирусту жугузуп алганы белгилүү болгонун, 10 чакты күн аралыктан иштерин билдирди.

Нааразылык жүрштөрү Нидерландда да уланды. Премьер-министр Марк Рютте үч түндөн бери тынчыбай келаткан акцияларды “келесоолор уюштурган накта зомбулук” деп атады.

Ал ортодо Европа биримдиги балдар үчүн вакцинаны 20-декабрда алары маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG