Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

COVID-19ду жугузуп алгандар 8 миллиондон ашты


Бээжинде өткөн жума күндөн бери 100дөн ашык адамдан коронавирус аныкталды.
Бээжинде өткөн жума күндөн бери 100дөн ашык адамдан коронавирус аныкталды.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандардын саны 8 миллион адамдан ашты. Илдеттен 436 миңдей бейтап көз жумду. Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) оору кайрадан жайылып кетиши ыктымал экенин эскертти.

Уюмдун мындай билдирүүсү бир катар Европа өлкөлөрү карантин чарасын жумшартып, ички чек араларын ачкан маалга жана Бээжинде оорунун жаңы очогу катталган учурга туш келди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус​ ушул тушта дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандардын саны күн сайын 100 миңге көбөйүп жатканын эскертти.

Ал бул оору Азия менен Америкада өтө тездик менен жайылып жатканын айтты. Гебрейсус айрыкча Бээжиндеги соңку жагдайга тыкыр көз салып турушканын билдирди:

"Бээжин өтө чоң, өтө жандуу жана байланышы көп шаар. Ошондуктан ар дайым маселе жаралып турат. Менимче, силер кытай бийлигинин камтамачылыгын деле көрүп жатасыңар. Биз ал жактагы жагдайга тыкыр байкоо салып турабыз".

Бээжинде өткөн жумадан бери 100дөн ашуун адамдан коронавирус аныкталды. Оорунун очогу азык-түлүк сатылган ири базар экени белгилүү болгондон кийин шаардагы 30дай район карантинге жабылды.

Кытай бийлиги шейшембиден тарта Бээжиндин тургундарын массалык түрдө тесттен өткөрө баштады.

Индиянын борбору Нью-Делинин жетекчилиги да 18-июндан баштап күнүнө бери дегенде 18 миңдей тест алына баштаганын билдирди. Шаарда ооругандардын саны 40 миңден ашты. Бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч. Ооруканаларга бейтаптар батпай калгандан кийин поезддин 500 вагону убактылуу ооруканага айланды.

Бийликтеги Бхаратия-Жаната партиясынын расмий өкүлү Саед Шахнаваз Хуссаин өкмөт борбор калаада оорунун жайылып кетишине каршы болгон аракетин жумшап жатканын айтты:

"Биз коронавируска каршы аёосуз күрөшүүбүз керек. Федералдык өкмөт COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн поезддин вагондорун беришти. Медицина илимдери улуттук институтунун алдында тажрыйбалуу дарыгерлерден турган топ түзүлдү. Федералдык өкмөт Нью-Делидеги коронавируска каршы жапырт күрөштү бардык жактан колдойт".

Индия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бул өлкөдө оорудан 10 миң киши каза тапкан.

Ал арада Жаңы Зеландияда соңку бир күн ичинде коронавирус жуккан эки учур катталды. Аталган өлкө мындан эки апта мурда коронавирусту толук жеңгенин жарыялаган. Бийлик ооруга кабылган эки адам Жаңы Зеландияга Британиядан жакын тууганынын тажыясына келгенин билдирди. Бейтаптар менен байланышта болгон туугандары, жакындары карантинге алынды.

Жаңы Зеландияда өткөн аптадан тарта адамдардын калайман топтолушуна, анын ичинде спорттук иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилген. Премьер-министр Жасинда Ардерн башка өлкөдөн келген жарандар ооруну кайра жайылтышы ыктымал экенин эскерткен.

Убагында оорунун очогу болгон Европанын бир катар өлкөлөрү дээрлик үч айга созулган карантинден кийин дүйшөмбүдөн тартып ички чек араларын кайрадан ачты.

АКШнын 20дай штатында ооругандардын саны эң жогорку чекке жетти. Кошмо Штаттарда оору жугузуп алгандардын саны 2,1 миллион адамдан ашты. Коронавирус 116 миңден ашуун бейтаптын өмүрүн жалмады. АКШ бийлиги октябрь айына чейин көз жумгандардын саны 200 миң адамдан ашарын эскертип жатат.

Латын Америкада ооругандар азая элек. Аймакта 80 миңдей адам ажал тапты. Оорунун очогуна айланган Бразилияда COVID-19 888 миңден ашуун адамдан табылып, 44 миңдей бейтап көз жумду. Бирок мындай жагдайга карабай Бразилия менен Мексика карантин чараларын азайтып жатат.

Эл жыш жашаган Индия, Пакистан жана Египет өңдүү өлкөлөрдө да күн сайын ооругандар көбөйүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG