Европа менен Кошмо Штаттардын лидерлери Орусиянын Украинадагы соңку ракета жана дрон чабуулдарын кескин айыпташты. Британия менен Европа Биримдиги орус дипломаттарын чакыртып, нааразычылыгын билдиришти.
28-августтун түнүндөгү чабуулдардан Киевде кеминде 19 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адамдар жаракат алды. Бул акыркы жумаларда украин баш калаасына багытталган эң ири чабуул болду.
Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен бул чабуулдарды айыптап, Еврошаркет жакынкы күндөрдө Орусияга каршы жаңы санкциялардын топтомун кабыл аларын билдирди. Кийинчерээк ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинадагы соңку чабуулдар тууралуу сүйлөшкөнүн социалдык тармактардагы барагына жазды.
АКШнын атайын өкүлү Кит Келлогг Орусиянын түнкү чабуулдары «аскерлерди же курал-жарактарды эмес» жайкын тургундардын турак жайларын бутага алганын айтты. Ал Орусиянын түнкү соккулары Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу аракеттерине көлөкөсүн түшүрүп жатканын белгиледи.
«Бул үрөй учурган чабуулдар [Трамп] көздөгөн тынчтыкка коркунуч туудурууда», — деп билдирди Келлогг.
Ак үйдүн басма сөз кызматы Кэролайн Левитт президент Трамп Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу кабатырланып турганын, ал кийинчерээк кошумча билдирүү жасай турганын айтты.
Европа Биримдигинин башкы дипломаты Кая Каллас Киевдеги чабуулдан улам Еврошаркеттин жергиликтүү делегациясынын кеңселерине зыян келгенин белгилеп, Брюсселдеги орус элчисин чакырганын билдирди.
«Эч бир дипломатиялык өкүлчүлүк бутага алынбашы керек. Жооп катары биз Брюсселдеги орус элчисин чакырабыз», — деп жазды Каллас Х социалдык тармагында.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер соккуларды «маңызсыз» деп атап, Орусиянын президенти Владимир Путинди тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып жатат деп айыптады.
Орусиянын саясий жетекчилиги Украинанын бир нече аймактарын бутага алган бул чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.
Соңку ракета жана дрон соккулары орус президенти Владимир Путин менен америка лидери Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрүнөн дээрлик 2 апта өткөндөн кийин орун алып жатат.
Шерине