Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Кытай: Си Цзинпин ачкан жаңы доор


Кытайдын Коммунисттик партиясынын кезектеги курултайы лидери Си Цзинпиндин идеяларын партиянын жаңы уставына киргизди.

Мао Цзедундан бери партиянын бир да жетекчиси көзү тирүүсүндө мындай статуска ээ болгон эмес.

25-октябрда Борбордук комитет Си Цзинпинди экинчи беш жылдык мөөнөткө партияны жетектөөгө шайлайт деп күтүлүп жатат. Беш жылда бир жолу чогулган курултай Кытай Элдик жумуриятынын, Коммунисттик партиянын багытын аныктайт.

19-курултайдын делегаттары Си Цзинпиндин баяндамасында белгиленген “кытайлык өзгөчөлүктөргө негизделген социализмдин жаңы доору” тууралуу идеяларын партиянын уставына киргизүүнү колдошту. Анын стратегиясы Кытайдын дүйнөлүк сахнадагы ролун бекемдөөнү, бардык саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди Коммунисттик партиянын колуна бириктирүүнү көздөйт.

Си Цзинпиндин ысымын көзү тирүүсүндө уставга киргизүү менен анын макамы азыркы Кытайдын түптөөчүсү, өлкөнүн рыногун сырткы дүйнөгө ачкан Мао Цзедундукуна теңелди.

- Курултайда кабыл алынган чечимдер, алдыга коюлган пландар жана жетишилген иштер максаттарыбызга жетүүдө негизги ролду ойномокчу. Атап айтканда коомдун гүлдөп өсүшүн, заманбап Кытайды куруу, партиялык түзүлүштүн жаңы долбоорун алдыга жылдырууда, кытайлык өзгөчөлүктөргө таянган социализмди түптөөдө, улуттук жашарууну көздөгөн кыялыбызды ишке ашырууда ийгиликти көздөйбүз, - деди Си Цзинпин.

“Бул – Си Цзинпиндин доору. Ал жаңы доорду ачты”, - деди германиялык ДПА агенттигине Бээжиндеги Жэньминь университетинин мурдагы профессору Чжан Мин.

​Уставга ошондой эле партиянын куралдуу күчтөрдү жетектөөдөгү лидерлиги, коррупцияга каршы күрөштү улантуу аракеттери, экономикалык өнүгүүгө багытталган демилгелер жөнүндөгү беренелер киргизилди.

- Бардык кытайлыктар, кайсы этникалык топко кирбесин, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинин, жолдош Си Цзинпиндин жетектөөсүндө алдыга баратабыз. Кытай өзгөчөлүктөрүнө негизделген социализм мурда болуп көрбөгөндөй өнүгүүдө, - дейт делегаттардын бири Лю Жихуай.

Ошол эле маалда "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму жыл башындагы докладында Кытайды бир нече мамлекеттин арасында атап, “күчтүү лидерлер” өлкөнүн өнүгүүсү жана коопсуздуктун кепилдиги катары мыйзамдуулуктун үстөмдүгү менен башкаруучулардын элге отчет берип туруусун эмес, жеке аброюн биринчи орунга коюшат деп сындаган. Укук коргоочулар ошондой эле Кытай бийлигин адам укуктарынын, эркиндиктердин чектелиши, улуттук жана диний азчылыктардын басмырланышы үчүн сындап келишет.

Өз ишин жыйынтыктап жаткан курултайда ошондой эле Борбордук комитеттин 205 мүчөсү жана мүчөлүккө 171 талапкердин ысымдары жарыяланды.

25-октябрда Борбордук комитет Си Цзинпинди экинчи беш жылдык мөөнөткө шайлайт деп күтүлүүдө. 64 жаштагы Си партияны 2012-жылдан бери жетектеп келатат жана бул аралыкта бийликти өз колуна топтоого үлгүрдү.

Ошол эле күнү Саясий бюронун туруктуу комитетинин жети мүчөсү белгилүү болмокчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG