Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

АКШ-Кытай: “Соода согушу” убактылуу токтоду


АКШ-Кытай делегацияларынын тамак үстүндөгү сүйлөшүүлөрү. Буэнос-Айрес, 1-декабрь, 2018-жыл.
АКШ-Кытай делегацияларынын тамак үстүндөгү сүйлөшүүлөрү. Буэнос-Айрес, 1-декабрь, 2018-жыл.

АКШ жана Кытай “соода согушунда” токсон күндүк тыныгуу жарыялашты.

Ушундан улам Вашингтон жаңы жылдан тарта кытай товарларына жаңы тариф киргизбөөгө да макул болду. Дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын мындай утурумдук мунасасы дүйшөмбү күнү дароо эле Азия менен Европанын биржаларында баалуу кагаздардын кымбатташын шарттады.

АКШ жана Кытай тариф көтөрүүнү токтотуп турууну макулдашканы эки өлкөнүн президенттери Дональд Трамп менен Си Цзиньпиндин Аргентинада, “Чоң жыйырманын” саммитиндеги жолугушуусунан кийин айтылды.

Буэнос-Айресте эки лидер баштаган делегациялардын кечки тамак үстүндөгү сүйлөшүүлөрү кеминде эки сааттан ашуун созулган.

Гең Шуаң.
Гең Шуаң.

- Биздин эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда жетишилген мунасанын маңызы - иш жүзүндө жаңы тарифтерди киргизүүнү токтотуу. Ошол эле учурда эки лидер эки тараптын экономикалык командаларына буга чейин киргизилген тарифтердин баарын жоюу жана эки тарап үчүн тең пайдалуу, эч ким утулбаган макулдашууга жетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү тапшырышты, - деди 3-декабрда Бээжинден Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гең Шуаң.

Буэнос-Айрестеги жолугушуудан кийин Кытайдын мамлекеттик медиасында “соода тирешиндеги чыңалууну токтотуу - туура кадам” экендигин көргөзгөн комментарийлер жарыяланды.

Ал эми Ак үйдүн билдиргенине караганда, президенттер Дональд Трамп менен Си Цзиньпин соода тирешин токсон күнгө токтотуп турууну макулдашты. Натыйжада АКШ 1-январдан тартып Кытайдын товарларына жаңы тариф киргизбөөгө макул болду. Президент Трамп “Твиттердеги” баракчасында Кытай АКШдан ага сатылган автоунааларга коюлган тарифти азыркы 40% чектен түшүрүүгө макул болгонун жазды.

Вашингтон менен Бээжин "соода согушунда" убактылуу элдешкени тууралуу жаңылык дүйшөмбү күнү Азия менен Европада дароо эле биржалык көрсөткүчтөрдү, баалуу кагаздардын наркын жогорулатты.

- Токсон күнгө эч кандай тариф болбогону - абдан жакшы жаңылык. Биз акылга сыярлык жана биротоло мунаса табуудан азырынча алыс болгонубуз менен жумалап, айлап элдешүүнүн өзү да жакшы жаңылык. Ал баалуу кагаздар базарларына эбегейсиз жардам берүүдө, - деди дүйшөмбү күнү Германиядан Баадер банктын биржалык талдоочусу Роберт Халвер.

Германиянын Франкфурт шаарындагы биржа. 28-ноябрь, 2018-жыл.
Германиянын Франкфурт шаарындагы биржа. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Тарифтердин таржымалы

Мурда жарыялангандай, АКШ жаңы жылдан тартып Кытайдын 200 миллиард долларлык товарына буга чейин киргизилген 10% тарифти 1-январдан тартып 25% чейин чыгармак. Вашингтон ошондой эле Кытайдын дагы 267 миллиард долларлык товарына тариф коёрун эскертип келе жаткан.

Буга чейин быйылкы жыл ичи АКШ үч айлампа менен Кытайдын акчалай наркы 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 200 миллиард долларлык товарына 10% кошумча бажы тарифин киргизген. Кытай да жооп катары үч баскыч менен АКШнын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 60 миллиард долларлык товарына 10% тариф койгон.

Муну менен Кытай АКШнын өзүнө багытталган бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ азырынча Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө кошумча салык салышты. Былтыр Кытай АКШга 505,5 миллиард долларга товар сатса, АКШнын Кытайга багытталган экспорту 129,8 миллиард долларга гана жеткен.

Дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын "соода согушу" быйыл июлда башталган. Ага чейин бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдө тараптар мунаса таба алган эмес. Вашингтондогу азыркы администрация 1974-жылдагы мыйзамга таянып, өз кадамын негизинен эки себеп - “соодада адилеттикти орнотуу” жана Кытайды “интеллектуалдык менчикти уурдоодон” баш тарттыруу максаты менен түшүндүрүп келет. Бээжин тескерисинче, АКШнын аракеттерин соодадагы протекционизм катары сынга алып, ага жооп кайтарууга аргасыз болгонун айтып жүрөт.

Эл аралык каржы уюмдары соода тирешинин глобалдык экономикага терс кесепеттери тийерин болжолдошкон.

- Бүгүнкү экономикалык божомол глобалдык экономика айлануу ыргагын жоготуп жатканын көргөзүүдө. (Экономиканын) глобалдык кеңейиши быйылкы 3,7 пайыздан 2019-2020-жылы 3,5 пайызга чейин кыскарат. Мунун эң башкы себеби - кызматташтыктын бузулганы, - деген эле Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун башчысы Анхел Гурриа 21-ноябрда Парижден.

“Чоң жыйырманын” өлкөлөрү Аргентинада аяктаган саммитте эл аралык соода системасында туура эмес нерселер бар экенин моюнга алып, Дүйнөлүк соода уюмун реформалоо тууралуу чакырыктарды колдошту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG