Чек арадагы тиреште Баткен облусунда 78 турак-үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаал министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Маалыматка ылайык, Миң-Булак, Достук жана Максат чек ара тозоттору талкаланган. Сада, Раззаков, Арка, Максат, Достук жана Борбордук айылдарындагы үйлөр, имараттар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.
Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан 33 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качты. Анын 20 миңге жакыны балдар. Эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен жана Сүлүктү шаарларындагы мектептерде, чайканаларда жана мейманканаларда убактылуу жайлар ачылды. Ошондой эле тургундар жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө да жайгашкан.
Обращение представителей гражданского общества к Президентам Республики Таджикистан и Кыргызской Республики. 02.05.2021
Баткенде чек ара жаңжалынан жараат алган бейтаптардын айрымдары сакайып ооруканадан чыга баштады. Үй-жайынан безип, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга чыккандар облус боюнча 50 миңге жетти. Коопсуз жайда убактылуу баш калкалап тургандар үчүн дарыгерлер, психологдор жардам берип, азык-түлүк, санитардык муктаждыктар жеткирилип жатат.