Таласта жаш активисттер чек арада жабыркагандарга гуманитардык жардам топтоп жатышат.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорго байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты.
Бүгүн 1-майда ал кыргыз президенти Садыр Жапаровго телефон чалып сүйлөштү. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи".
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 15 киши каза болгонун маалымдашты. 1-2-май Кыргызстанда улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланган.
"Азаттыктын" тажик кызматы "Озоди" 15 жараны каза болгонун жазды. Алардын тизмеси:
- Мухаммадулло Раджабализода, 26 жашта, Тажикстандын ИИМнин ОМОНнун 26 жаштагы офицери;
- Джасуржон Суяркулов, 28 жашта, чек арачы, Деваштич районунун Калъачаи Азими айылынын тургуну;
- Хасан Акбаров, 31 жашта, чек арачы, Фархор районунун Аловуддин айылынын тургуну;
- Салохиддин Гадоев, 28 жашта, Матчин районундагы чек ара кызматынын командири;
- Шерали Рахматзода, Исфарадагы чек ара кызматынын аскер кызматкери;
- Сафар Набиев, Исфарадагы чек ара кызматынын аскер кызматкери;
- Некруз Гафуров, Турсунзаде шаарындагы Каратаг айылынын Дахбед кыштагынын тургуну;
- Бахтовар Махмудов, Исфара шаарынын Сурх айылынын Найман кыштагынын тургуну;
- Умеджон Юсуфов, Бободжон Гафуров районунун Овчи-Калъача айылынын тургуну;
- Хикматулла Махкамов, 26 жашта, Чорку айылынын тургуну;
- Иброхим Хошимзода, 26 жашта, Чорку айылынын Навобод айлынын тургуну;
- Собир Ваххобов, 51 жашта, Чорку жамаатынын тургуну;
- Манучер Каландаров, 40 жашта, Чорку айылынын тургуну;
- Далер Эшонов, 33 жашта, Чорку айылынын тургуну;
- Хусейнджон Шаропов, Чорку айылынын тургуну.
Басма сөз кызматынын маалыматында “Жолугушуунун жыйынтыгы менен жарандардын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүү өткөрүп, абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты. Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун күч структураларынын Лейлектеги ишмердүүлүгү толугу менен Сүйүн Өмүрзаковдун жана Иброхимзода Нозимдин көзөмөлүндө боло турганы белгиленди” деп айтылды.
Чек арадагы абалды бүгүн президенттер Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон да талкуулашты.