Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 1-май, саат 9.00гө карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу.
Өткөн түнү чыр-чатак жана атышуулар катталган жок.
Кооптуу делген Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташып калды. Ош-Исфана автожолунун Жака-Өрүк тилкеси, Төрт-Көчө жолу тазаланып, ачылды. Аскер отряддары мамлекеттик чек араны кайтарып жатканы кабарланды.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон.
29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Баткен облустук милициясы Тажикстан менен чектеш аймактарда 1-майга караган түн тынч өткөнүн, атышуу жана башка окуялар катталбаганын билдирди.
Интернеттеги социалдык тармактарда Баткен шаарында жана Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айрым айылдардын бир катар жашоочулары түндө кооптонуп, үйлөрүндө түнөбөгөнүн айтып жатышат.
Баткен районунун Төрт-Көчө участогу кайра жабылганы кабарланууда. Бул тууралуу 1-майда саат 11 чамасында “Азаттык” радиосунун кабарчыларына Көк-Таш айылынын тургундары билдиришти. Алардын айтымында, тажик тарап жолго шагыл төктү.
Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да айтылып жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасындагы 1-майдын саат 11:30уна карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан тарап Төрт-Көчө деген жердеги жолду толук тосуп койду.
Ошону менен катар, атайын кызмат белгилегендей, чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда.
Тажик тарап да расмий маалымат бере элек.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 1-майда саат 9.00гө карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу экенин билдирген.
Лейлекке жөнөтүлгөн гуманитардык жардам жол жабылгандыктан кайра артка кайтууга мажбур болуп жатат. “Азаттык” радиосунун кабарчылары 1-майда жеринен маалымдагандай, Лейлекке өтө албай кайра кайткан "Ош шаарынан Лейлекке жардам", "Алайдан Лейлекке жардам" деген сыяктуу жазуулар менен чоң камаздар көп болду.
Жергиликтүү тургундар менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө алар кара май жок болуп, жөө калганын айтып жатышат.
Айрым маалыматтарга караганда, 1-майда түшкө жуук Лейлекте ок атышуу катталды. Райондук ооруканага жараат алгандар түшө баштаганы да кабарланууда. Бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасындагы 1-майдын саат 11:30уна карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады жана Тажикстан тарап Төрт-Көчө деген жердеги жолду толук тосуп койгонун ырастады.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт. Ал жер аркылуу Баткен районунан Лейлек районуна катташат.
Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланган. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.(
Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдиргендей, 1-май, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалды.
"Баткен облусунун Лейлек районунун Арка аймагында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын көздөй ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти.
Тажикстандын расмий бийлиги комментарий бере элек.
Айрым маалыматтарга караганда, 1-майда түшкө жуук Лейлекте ок атышуу катталды. Райондук ооруканага жараат алгандар түшө баштаганы да кабарланууда. Бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.
УКМК жана жергиликтүү тургундар, "Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдиришкендей, бүгүн, 1-майда Тажикстан Ош-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин кайрадан толук тосуп койду. Чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда.