Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
11:21 29.4.2021

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал тынч, кырдаал толук көзөмөлдө. Бул тууралуу 29-апрелде эртең мененки саат 10до өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлгөн. Жаңжал чыккан аймактагы Көк-Таш айылынын кары-картаң тургундары, аялдар жана балдар Баткен шаарына жеткирилип, коопсуз жерге жайгаштырылды.

Тулаев 29-апрелде эртең менен ок атылганын ырастап, Кыргызстандын бир жаранына чачма ок тийгенин, анын саламаттыгына коркунуч жок, абалы туруктуу экенин, эки өлкөнүн күч кызматкерлеринин ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Облус башчысынын биринчи орун басары чек арадагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы мурдагыдай эле тартиптеги кайтарууда экенин кошумчалады.

12:08 29.4.2021

12:25 29.4.2021

Тажикстандын чек ара кызматы "Головной" суу бөлүштүрүү жайына байланыштуу маалымат таратып, кыргыз бийлигин "жарандарын улут аралык араздашууга түртүүдө" деп айыптады. ​

"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын калктуу аймактарынан алыс турат. Тажик тарап камера орнотуу менен сууну бөлүштүрүү калыс болушун каалаган. Бирок кыргыз чек арачылары тоскоолдук жараткан. Кыргыз бийлиги жарандарын атайын улут аралык араздашууга түртүүдө. 1924-1927 жана 1989-жылдагы карта боюнча суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстан Республикасынын аймагында турат. Суу бөлүштүрүүчү жай 1968-жылы Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын райондорун сугат суу менен камсыздоо үчүн курулган", - деп жазылган маалыматта.

Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү тажик тараптын социалдык медиада "кыргыз тарап чек арага атайын адамдарды алып барып, абалды козутуучу иш аракеттерди кылып жатат" деп таркатып жаткан маалыматтарды төгүндөдү. Мындай кабарлар кыргыз-тажик чек арасындагы чыныгы абалды чагылдырбай, бурмалап жатканы айтылат.

"28-апрелде "Головной" суу бөлүштүрүүчү тилкесиндеги жаңжалды Тажикстандын атуулдары баштады. Бул күнү Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен мамлекеттик чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары эки өлкөнүн айыл өкмөттөрү макулдашмайынча ишти токтото турууну талап кылышкан. Бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишти улантышкан. Кыргыз чек арачылары курал колдоно турушканын эскерткенде гана шагыл төгүүнү токтотушкан.

Андан соң тажик тарап "Головной" участкасындагы электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. УКМК Чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери бул жерге барып, видео камераларды орнотууну токтотууну талап кылган. Болжол менен түшкү 12:25терде Кожали айылынан мергенчи мылтыгынан ок атылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы район жетекчилери жолугуп, абалды жөнгө салууну талкуулаганы менен бир пикирге келе алышкан эмес. Талкуу учурунда чек арага чогулган 100-150дөй адам бири-бирине таш ыргытышып, тажик тараптан төрт, Кыргызстандан үч киши жарадар болду. Жаңжал маалында кыргыз тарап курал колдонгон жок", - деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматы.

12:43 29.4.2021

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы үч айылда күчөтүлгөн тартипте иштөө режими жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 29-апрелде облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, мындай тартип Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарына киргизилди.

28-апрелде чек арадагы "Головное" суу бөлүштүрүүчү жайынын тилкесинде жаңжал чыккан. Ок атылып, таш ыргытылган.

Соңку маалыматка караганда, азыр абал тынч, жараат алган төрт кыргызстандыктын үчөө ооруканада, алардын абалы туруктуу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG