Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
12:44 18.5.2021

Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилеринин жолугушуусунда чек ара аймагында “кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды”. Бул тууралуу 18-майда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 17-майда Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту.

Чек аралаш аймакта буга чейин болгон окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр чатактарды алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү.

Облус башчылары күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте чек арада жума сайын жолугууну макулдашышты.

Эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлүп, Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Согд облусунун Ворух айылы чектешкен жерге эки айылга кирип-чыккан тургундардын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.

17-майда Ак-Сай айылынын тургундары бул айылдан үч тажикстандыкты, ал эми тажик жарандары Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандыкты кармап алган. Облус жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин алар алмаштырылган.

Кыргыз тарап үч тургуну сабалганын, алар түрдүү жараат менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилгенин, ал эми тажик тарап жүргүнчү ташыган кичи автобуста бараткан үч тургунуна таш тийгенин билдирген.

13:10 13.5.2021

Президент Садыр Жапаров бүгүн 13-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык маселелери менен катар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты жана “Кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларды талкуулашты. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бурганы, кайрат айтып колдоо көрсөткөнү жана Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын тургундарына гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди”.

13:09 13.5.2021

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон жарандарынын жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондорго батыраак сакайып кетишин каалаган. Бул тууралуу «Озоди» радиосу маалымдады.

“Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кудай сиздерге күч жана чыдамкайлык берсин”, - деп жазылган Рахмондун билдирүүсүндө.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана ал жетектеген партиянын өкүлүнүн бул билдирүүлөрү ондогон адамдын өмүрүн алган окуядан туура эки апта өткөндөн кийин жарыяланды. Буга чейин тажикстандык айрым саясатчылар Рахмондун бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды көңүл сыртында калтырганын сынга алышкан.

11:15 13.5.2021

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя сөзсүз иликтениши керек. Мындай пикирин 12-майда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда Европа парламентинин депутаты Нойзе Норберт билдирди.

Бишкекке иш сапары менен келген саясатчы депутаттар менен жолугушууда чек арада жай тургундарга каршы аскердик техника аркылуу "агрессия" көрсөтүүнү тынчтыкты бузуу катары баалоо керектигин айтты жана окуяны иликтөөгө жардам берүүгө даярдыгын кошумчалады. Ошону менен катар Нойзе Норберт Европа Биримдиги куралдуу жаңжал учурунда жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушууда парламент аралык кызматташтык, Кыргызстандагы коомдук-саясий абал да талкууланды. Кыргыз парламентинин депутаттары өлкө эл аралык укук нормаларын, Бириккен Улуттар Уюмундагы милдеттенмелерин бекем карманарын айтышты.

12-майда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Жонатан Хеник Атлантика кеңеши уюштурган интернет талкууда АКШ Кыргызстан жана Тажикстанга чек ара чатагын жөнгө салып, үй-жайын таштап качкан элди кайра кайтарууга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Хеник кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан соң эки өлкөнүн өкмөттөрү диалогго даяр экени үмүт берерин кошумчалады.

"Азырынча бул чатак жөнгө салынды деп жыйынтык чыгарганга болбойт. Жөнгө салына элек. Үй-жайын таштап качкан жарандарды кайтаруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тынчтык жана стабилдүүлүк керек", - деп билдирди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Хеник Вашингтон учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын Бишкек, Дүйшөмбүдөгү элчиликтери жана эки өлкөнүн АКШдагы өкүлчүлүктөрү аркылуу тажик, кыргыз бийлиги менен сүйлөшүп жатканын жана кырдаалды тынч жол менен чегерүү үчүн жардам көрсөтүүгө даярдыгын кошумчалады.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG