Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

12:30 15.9.2022

Булак-Башыдагы өрт өчө элек

14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы жайлоосунда чыккан өрт өчүрүлө элек. Бул тууралуу Баткен шаардык жана Баткен райондук жайыт ассоциациясынын башчысы Меңдибай Зикираев "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, жайлоодогу өрттү койчулардын жана эки чек арачы аскердин жардамы менен өчүрүүгө аракет кылышкан.

"Бирок бул өрттү суу чачып өчүрүү оңой болбой жатат. Тик учак келет деп жатышат, күтүп жатабыз".

14-сентябрда тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып, Булак-Башыдагы 20 гектардай жайыт күйүп кеткени кабарлаган. Жайлоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү техникасы барган.

12:32 15.9.2022

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барды.

Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы атайын кызматтын жетекчиси чек арадагы соңку кырдаалга байланыштуу учурда облус жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жабык жыйын өткөрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

УКМКнын басма сөз кызматы Ташиевдин Баткенге сапары тууралуу азырынча маалымат бере элек.

13:15 15.9.2022

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барып, чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу облус башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү.

Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бардыгын айтты. Ал тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алды:

"Бул жолку атышуунун өзгөчөлүгү - Тажикстан тараптан биздеги жарандык обьектилерге, үйлөргө минемоттон ок атылганы болду. Негизинен беш жерге чабуул коюлган болсо, анын төртөөндө аскердик обьектилер жабыркаса, бирөө - эл жашаган айылды бутага алган. Бул өтө кооптуу жана эч кандай эрежеге жана эч бир мыйзамга жатпайт",-деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы чек арадагы кырдаалдын туруктулуулугун сактоого курал-жарак, аскерлер жетиштүү экенин кошумчалады.

Ташиев бул жолку ок атышууда атайын чагым болгонун, ушундан улам аймакта чыңалуу курч боюнча калып жатканын да эскертти.

"Дагы бир нерсе - тажик тараптан атайын чагым даярдалганын көрдүк. Биздин Чек ара кызматы алар жакта кара кийимчен, башка формадагы адамдар ок чыгарганын көрүп, каттоого алышкан. Алар азыр деле бир жерлерде өңүп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, биз буга байланыштуу керектүү чечимдерди карап жатабыз. Биз мамлекетибиздин чек арасына бир метрге да эч кимди киргизбейбиз жана коопсуздугубузду сактайбыз. Биз ал шектүү адамдар тууралуу маалыматыбызды Тажикстан жана башка тараптарга айтып, кабарладык".

Ташиев өмүрүнүн коопсуздугунан чочулап, үйлөрүнөн качып чыккан тургундардын маселесин чечүүнү да караштырып жатышканын билдирди. Анын айтымында, чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу облустук деңгээлдеги жетекчилер сүйлөшүп, атышуу токтогон.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

14:38 15.9.2022

14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен районунда он жарандык обьект жабыркаган. Анын ичинде экөө турак-жай, калганы мал сарайлар. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкун Жоробаев бүгүн, 15-сентябрда ок атышуудан жабыркаган айылдарды кыдырган учурда белгилүү болду. Учурда жалпы чыгым такталып жатат.

Аким менен кошо Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук милициянын, аскер бөлүктүн жетекчилери барды. Алар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сабырдуулукка чакырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG