Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

16:52 15.9.2022

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында жолукту. Жолугушуунун кыска видеосун Region телеканалы жарыялады.

Азырынча атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат бере элек. Аталган телеканал Ташиев Лейлек районунун ооруканасында чек арага чатагынан жараат алган тургундар менен жолукканын кабарлады. Анда Ташиев бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү керек экенин айтып жатат.

Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барып, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү.

08:40 16.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирди. Ага ылайык, тажик тарап 16-августта саат 06.00 чамасында Баткендеги Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Базар жана Орто-Боз аймактарын аткылаган.

“Тажик тарап саат 06.30да “Көк-Таш” чек ара бекетинин аймагын минометтон аткылады. Көп өтпөй Самаркандек жана Паскы-Арык ааймактары дагы аткыланды. Саат 07.00го карата чек арада кырдаал чыңалып турат, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү”,-деп айтылат маалыматта.

Тажикстан бул тууралуу комментарий бере элек.

09:00 16.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатат жана кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарууда.

09:01 16.9.2022

Баткен: чек арадагы соңку атышууда төрт жоокер жараат алды

Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы кабарлады. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат.

"Учурда Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, төрт жоокер жарадар болду. Райондун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо башталды. Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрү менен бирге чек арада жүрөт. Ал эми жалпы кырдаалды Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда", - деп айтылат маалыматта.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG