Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Казакстан өзбек армиясына жардам берет


Өзбек армиясынын жоокери
Өзбек армиясынын жоокери

Казакстан өзбек армиясын брондолгон автоунаа менен камсыздайт, тажик өкмөтү эр уруштарды токтотууга бел байлады. Бишкек уран калдыктарын тазалоого эл аралык коомчулуктан жардам сурады. Жума ичиндеги орусиялык басылмаларга сереп.

Независимая газета "Казакстан өзбек армиясын брондолгон автоунаалар менен камсыздайт" деп жазды. Эки өлкөнүн президенттери бизнес форумда жолугуп, ишкердик багытында 1,2 млрд долларга бааланган бир катар келишимдерге кол коюлган.

Андан тышкары Астана Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнө брондолгон автоунааларды берүүнү убада кылган. Өзбекстандык эксперт Бахтиер Эргашев казак-өзбек ишкерлери соода-сатык боюнча 1 миллиард долларга инвестициялык 75 келишим түзгөнүн маалымдайт.

Борбор Азия боюнча орусиялык саясат таануучу Андрей Казанцев дүйнөлүк интеграцияга ашыккан Казакстан Батышты Чыгыш менен, Түндүктү Түштүк менен туташтырган транспорттук коридор түзүүгө кызыкдар болуп жатканын белгилейт. Ушу тапта Казакстан-Өзбекстан-Түркмөнстан чек аралары боюнча келишимге кол коюуга даярдалып жатканы айтылат.

Москва миграция саясатын катаалдатабы?

Регнум агенттиги ​Москванын соода борборлорунун бириндеги коопсуздук кызматкерлери менен тажикстандык мигранттар ортосундагы чыр тууралуу жазды.

"20-сентябрда «Москва» соода борборунда коопсуздук кызматкеринен таяк жеген тажикстандык жаранга болушуп, жүздөн ашуун мигрант жүрүшкө чыккан.

Жүрүш мушташ менен аяктап, айрым маалыматтар боюнча 250 тажикстандык кармалган. «Родина» партиясынын депутаты Алексей Журавлев мындай жаңжалдар Москвада көнүмүш болуп баратканын белгилеп, тез арада миграциялык саясатты өзгөртүү керектигин айтып чыкты", - деп жазды Регнум агенттиги.

КМШ мигранттары федерациясынын жетекчиси Каромат Шарипов 27 жаштагы тажикстандык соода борборунда мыйзамдуу негизде жүк ташуучу болуп иштегенин билдирген. Мушташка байланыштуу Москвада мигранттардын документтерин текшерүү жана камоо күчөгөнү маалымдалууда.

Тажикстан эр урушту тыйгысы келет

EurAsia Daily басылмасы тажик өкмөтү эр уруштарды токтотууга бел байлаганын жазды. Макалада Тажикстандын жаштар жана спорт комитети эр уруштардын бир топ түрлөрүн өлкөдө тыюу салуу сунушун көтөрүп чыккан.

Бокс, греплинг, эрежесиз эр уруш, панкратион жана нью-фул деген таймаштардын түрүн спортто зомбулукту, адамдын абийирине жана намысына шек келтирбөө үчүн токтотуу керектиги белгиленген. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, бардык спорттук мекемелерде бул уруштар токтойт. Учурда комитеттин спортчулар жана адистер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы баяндалат.

Кыргызстанды кыйнаган уран көйгөйү

РИА Новости "Бишкек уран калдыктарын тазалоого жардам сурады" деп жазды. Макалада Кыргызстандагы 286 миллион тонна радиоактивдүү уран калдыктарын тазалоого 210 миллион евро керектиги баяндалат.

Уран жана башка радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн 90дон ашуун жайлар көбүнчө суу жээктеринде жайгашкандыгы, суу ташкындарынан улам экологиялык жана гуманитардык жоготууларга алып келүү ыктымалдыгы айтылат.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясында айтып, эл аралык коомчулуктан каржылык жана техникалык жардам сураган. Экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө өлкөгө 130 миллион евро каражат керектиги айтылган. Кыргызстандагы урандан совет маалында атомдук бомбалар жасалганы эскертилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG