Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Маханов: Душанбени жардыргыбыз келген


Террорчул топтун жетекчиси делген Алимурод Маханов.
Террорчул топтун жетекчиси делген Алимурод Маханов.

Тажикстанда мамлекеттик телеканал президенттик шайлоону утурлай даярдалып жаткан террордук чабуулдардын уюштуруучулары делген адамдарды көрсөттү.

24-сентябрда кечинде тажик бийликтери мамлекеттик биринчи телеканалдан 15 мүнөттүк даректүү тасмада алдыдагы президенттик шайлоону утурлай даярдалып жаткан делген террорчул чабуулдардын уюштуруучуларын көрсөтүштү.

Террорчул топтун жетекчисимин деген адам анын тобунда кыргызстандыктар да бар экенин, алар Пакистандын Вазиристанында даярдыктан өткөнүн маалымдайт.

Устат деген ат менен белгилүү Алимурод Маханов тасмада террорчул чабуулдарды даярдап жаткан делген топтун жетекчиси катары көрсөтмө берди.

Ал Душанбенин борборунда бир нече жерде жардыруу даярдап жатканын мойнуна алат. Тагыраак айтканда, ал баштаган топ Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук кызматынын имараттарын жардыргылары келген.

- Биз ИИМ жана УКМКнын имаратын жардыргыбыз келген. Жардыруу ноябрь айында болмок. Өлкөнү шайлоолор алдында жок кылгыбыз келген.

Диктор 29 жаштагы Алимурод Маханов кармалганга чейин эле Душанбе шаарында бир нече жардырууну уюштурганын айтат. Ал эми ал баштаган топ ижарага алган үйлөрдө Макаров маркасындагы тапанча, экстремисттик адабият, жардыруулардын планы жана жардыргыч заттарды даярдоо боюнча көрсөтмөлөр, аскер формасы табылган. Бирок кайсы жардыруулар тууралуу сөз болуп жатканы тасмада так айтылган эмес.

Даректүү тасмада көрсөтүлгөн дагы бир “террорчу” - Куляб шаарынын тургуну Амирали Давлатов. Ал да "террорчул топтун мүчөсү" катары тааныштырылып, видеодо Рашт районунун Сарипул айылынын тургунунан граната сатып алып, Кулябда бий залын (түнкү клуб) жардырганын мойнуна алат. Бул жардыруунун да деталдары айтылбайт.

- Рашт районуна бардым, баарын сатып алып, абдан сүйүндүм, Душанбеде токтогон жокмун, Кулябка барып, бир нече күндөн кийин түнү дискотеканы жардырдым.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тажик кызматы териштирип, бирок Кулябдагы кайсы түнкү клуб жардырылганын тастыктай алган жок. Акыркы жолу Душанбе шаарында 2010-жылдын сентябрь айында “Дусти” түнкү клубунда жардыруу болгон. Бирок анда коопсуздук кызматынын мүчөлөрү бул жардырууну террорчуларга байланыштырган эмес.

Тасмада террорчул топтун мүчөлөрү Пакистандын Вазиристанында даярдыктан өткөнү айтылат. Алимурод Маханов андан ары кийинки теракттарды даярдоо максатында аскер даярдыгынан өтүү үчүн Вазиристанга бир нече адам жөнөткөнүн да айтып берет.

Диктор болсо Маханов “жаштардын укуктук сабатсыздыгынан пайдаланганын” өз атынан айтат.

Тергөөчүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Алимурод Маханов Өзбекстан ислам кыймылына 2011-жылы киргенин, анын карамагында 8 адам бар экенин, 4 адам Өзбекстандан, экөө Кыргызстандан, дагы экөө Түркиядан экенин айтып берет.
Маханов бул тыюу салынган уюм менен электрондук байланышта болгон, андан соң балдарды Вазиристанга жөнөтүү буйругу келген.

Тажикстанда Душанбедеги террорчул топтордун ишин ачыктаган маалымат биринчи жолу эки жума мурун пайда болду. Бийлик берген маалымат боюнча, топтун мүчөлөрү көбүнчө Рудаки районунда жашаган этникалык өзбектер. Алардын эң улуусу 50 жаштагы Иброхим Хуйсейнов.

Фильмде статистика келтирилип, акыркы 8,5 айда Тажикстанда террорчул топтор даярдаган 69 кылмыш иши ачылып, 35 «террорчу» кармалганы айтылат.

Тажикстанда шайлоолордун алдында террорчул чабуулдардын бетин ачуу адатка айланган.

Айрым талдоочулар бул тасма - бийликтин атайын шайлоо алдындагы программасы деген пикирде, себеби жарандык согушту башынан өткөргөн тажикстандыктар туруксуздукту каалашпайт.

Ошону менен бирге эле 2014-жылы эл аралык күчтөрдүн Ооганстандан чыгышы менен Тажикстанда экстремисттик топтор, анын ичинде Өзбекстан ислам кыймылы жанданат деген кооптонуулар жок эмес.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG