Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Тажикстан: кош жарандык үчүн жаза


Дүйшөмбү шаарынын көчөсү
Дүйшөмбү шаарынын көчөсү

Жума ичинде Орусиянын басылмаларында жарык көргөн Борбор Азия темаларына сереп.

Мамлекетти түйшөлткөн кош жарандык

"Независимая газета" "Тажикстанда аткаминерлер Орусиянын паспортунан айрылууда" деп жазды. Макалада коңшу өлкөдө кош жарандыгы бар мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынары, ал эми кош жарандыгын жашыргандар 115-140 доллар өлчөмүндө айып пул тартары баяндалган. Тажикстанда кош жарандыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматта жана күч органдарында иштөөгө тыюу салган мыйзам былтыр кабыл алынган. Жакында ага бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.

Бул мыйзам ишке ашса, мамлекеттик кызматта иштеген 18 миң жаранга таасирин тийгизери айтылып келген. Бирок алигиче бир дагы тажик кызматкери кош жарандыгынан баш тарткан эмес. Макалада Орусия менен Тажикстандын ортосунда кош жарандык боюнча келишим 1995-жылы кабыл алынганы айтылат. "Бул мезгил ичинде орус паспортун алган тажик аткаминерлери Орусияда пенсияга чыгып алууга кызыкдар" деп жыйынтыкталат макала.

Тажик алтыны да Кытайга кетүүдө

Регнум маалымат агенттиги Кытай Тажикстанда алтын өңдүрүүнү кеңейтүүдө деп кабарлады. Тажик өкмөтү менен Кытайдын Kryso Resources Limited компаниясынын туунду бөлүмү “Пакрут” алтын кенин иштетүү боюнча жаңы келишимди кабыл алышкан. Мурда бул алтын кенин өндүрүүгө аталган кытайлык компания 180 миллион доллар берген, азыр инвестиция 250 миллионго чейин көбөйгөн. Кен өндүрүшүндө 564 тажикстандык, 211 кытайлык жумушчу иштеп жатканы, ишкана толук күчүнө киргенде эки миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлөрү белгиленет. 2030-жылга чейин Кытай корпорациясы 857 миң унций алтын жана 123 миң унций күмүш чыгарууну пландаган.

Тажик авиациясындагы өзгөрүүлөр

КоммерсантЪ басылмасы "25 жыл дегенде Өзбекстандан Тажикстанга аба каттам ачылды" деп жазды. Макалада 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда эки өлкө ортосунда авиа каттамдар токтотулганы айтылат. Эми 25 жүргүнчүнү ташыган биринчи учак Ташкенттен Дүйшөмбүгө конгон. Алгач Дүйшөмбү -Ташкент каттамы 20-февралга пландалып, бирок ишке ийгиликтүү ашпаганы баяндалат.

ТАСС агенттиги Орусия менен Тажикстан аба каттамдар жөнүндө бир чечимге келе албай турганын жазды. 3-апрелде Орусиянын Транспорт министрлиги тажикстандык "Сомон Эйр" авиакомпаниясына Орусияга учууга тыюу салган. Талаш тажик бийлиги “Ямал” компаниясынын Жуковский аэропортуна учуу тартибин орус тарап менен макулдашуудан баш тарткандан кийин башталган. Орус тарапка жооп катары Тажикстан дагы орусиялык UTair жана “Уральские авиалинии” ишканаларынын учууларына тыюу салган. Учурда орус-тажик тараптардын аба каттамдары жөнүндө сүйлөшүүлөрү убактылуу токтотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG