Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Казак президенти Каримовго бата кылды


Нурсултан Назарбаев Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду. 12-сентябрь, 2016-жыл
Нурсултан Назарбаев Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду. 12-сентябрь, 2016-жыл

Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 12-сентябрда Самарканга, Ислам Каримовдун сөөгү коюлган көрүстөнгө барып гүл койду.

Ал өзбек элинин тунгуч президентинин жубайы Татьяна Каримовага көңүл айтып, учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Шахи-Зинда көрүстөнүндөгү Каримовдун мүрөсүнө гүл койгондон кийин Назарбаев өзбек президенти менен аны «көп жылдык достук, ич ара түшүнүшүү жана колдоо бириктирип» келгенин айтты.

"Өзбекстандыктардын кийинки мууну, мамлекет башкаруучулары Ислам Каримовду дайыма эстейт деп ишенем. Анын олуттуу мурасы, мамлекеттик иш жүргүзүүдөгү тажрыйбасы жана иши өзбек тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Ал дүйнөгө таанымал лидер болчу, анын аты менен өлкө экономикасынын өсүшү, элдин бакубат турмушу байланыштуу. Биз улуу адамды жоготтук", - деген Назарбаевдин сөзүн маалымат кызматы таратты. Такталган маалыматка караганда, Назарбаев Өзбекстанга иш сапар менен барган.

Өзбек президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында инсульттан каза тапкан.

Өзбекстан
Өзбекстан

Назарбаевге чейин бир жума мурда орус президенти Путин Самарканга барып, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Нурсултан Назарбаев менен орус президенти Путин 3-сентябрдагы Каримовду жерге берүү зыйнатына барган эмес. Бул маалда алар Кытайда өтүп жаткан «Чоң жыйырманын» саммитине катышып жаткан.

Кыргызстандан Ислам Каримовго топурак салууга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган топ барган.

Жээнбеков Каримовдун тажиясына катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

XS
SM
MD
LG