Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Казакстанда нааразылык акциялары өттү


Алматы. 1-май, 2019-жыл.
Алматы. 1-май, 2019-жыл.

Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында алдыдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган жана бийликтин жаңылануусун талап кылган нааразылык акциялары өттү.

1-май - Казакстанда дем алыш күн. Ал 1996-жылдан бери Казакстан элинин биримдиги күнү катары майрамдалат. Нааразылык акциялары Чымкент, Ак-Төбө жана Караганды шаарларында да болду.

"Уят!", "Бойкот!", "Менин тандоом бар!"

Алматыда чогулгандар "Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – сенаттагы менин спикерим эмес", "Уят!", "Бойкот!", "Менин тандоом бар!", "Саясий туткундарга эркиндик" деп кыйкырып турушту. Ага катышкандардын бири элге кайрылды:

- Казак калкы, мекендештер! Бизди ушул өкмөттүн алдап келе жатканы жетет. Ойгонуңуздар. Алдыда жалган шайлоо болгону жатат. Саясий туткундарга эркиндик деген ниет менен чыгып жатабыз. Биздин бийликтин өзүнөн башканы, элди ойлой тургандай түрү жок.

Казакстанда атомдук электрстанциянын курулушуна каршылыгын да айтышып, бийликти "элди алдаган саясат жүргүзүп жатат" деп сынга алышты. Акцияга полиция көз салууда. Азырынча эч ким кармала элек.

- Мектеп, билим тармагы алсырады, университеттер артта калды. Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – менин спикерим эмес. Мен Атом электр станциясына каршымын. Бул экинчи Чернобыль болгону жатат, - деди өзүн мектеп мугалими деп тааныштырган адам.

Алматыдагы акцияга чыккандар менен Алматынын Медеу районунун акими Султанбек Макежанов жолугуп, элдин талабын угууга даяр экенин айтып, митинг өткөрүү тартибин бузбоого чакырды:

- Урматтуу калайык, ушул жерде тургандардын баары Казакстандын эли, бири - бирибизди сыйлайлы. Бир бирден, кезек менен сүйлөйлү. Ызы-чуу менен эч нерсе чечилген эмес. Баары ирети менен, мыйзамга шайкеш болушу керек.

Нур-Султандагы нааразылык

Ал эми Нур-Султан шаарында ондогон киши "Бойкот", "Эл тажады!", "Өкмөт кетсин!", “Полиция эл менен!” деген чакырык таштап, көчө бойлой жүрүш жасашты.​

- Бүкүл бийликтегилер өз эрки менен кетсин жана биз парламенттик мамлекет болушубуз керек. Башкача айтканда бир адамдын башкаруусу болбош керек. Азыр Назарбаев бийликти басып алды го күч менен. Пикирин айткан элди куугунтуктады. Биз муну эмес, парламенттик мамлекетти каалабайбыз. Анда мамлекетти бардык эл, бардык парламент башкарат, - деди өзүн Нурсултан Тасмаев деп тааныштырган жигит.

Нур-Султандагы Сары-Арка районунун акими Ергали Егимберды акция өтүп жаткан жерге келип, анын катышуучуларына бул чогулуштун мыйзамсыз экенин айтты. Бирок топтолгондор тарап кетүүдөн баш тартып, тынч жыйын өткөрүүгө укуктуу экенин билдиришти.

Бир убакта полиция кызматкерлери алардын айрымдарын күчкө салып кармап кетти. Бирок Нур-Султан шаарында эл тарабай, кармалгандарды бошотууну талап кылды. Ушундан кийин полиция кармалгандарды бошотуп, митингчилерди курчап турган атайын күчтөрдү алып кетти.

Мындан тышкары, Нур-Султанда 21-апрелде он беш күнгө камакка алынган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековдун баннериндеги "Чындыктан кача албайсың!" деген сөздү кайталашты.

Казакстанда бул эки активисттин камакка алынышы чоң резонанс жаратып, жергиликтүү бир катар жарандар аларга колдоо көрсөтүп келе жатышат. Чехия, Франция, Британия, Грузияда жашап-окуган казакстандыктар, студенттер аталган мамлекеттердеги казак элчилигинин алдында акцияга чыгышып, активисттердин камалышын айыпташты.

"Азаттыктын" кабарчылары ордо калаада айрым кишилерди полиция кармаганына күбө болушту. Аны чагылдырып жүргөн журналист Сания Тойкендин телефонун жарандык кийимдеги белгисиз кишилер тартып алышты. ​

Буга чейин чет мамлекетте жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов тарапкерлерин 1-майда тынчтык акциясына чыгып, президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт. Ага 8 талапкер катыша турган болууда. Арасында утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев да бар.

«Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Мамлекетти 30 жыл башкарган Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган. Назарбаевдин тун кызы Дарига сенаттын төрайымы болуп калган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде элге кайрылып, уруксат берилбеген митингдерге катышкандар жоопко тартыларын эскерткен.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG