Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Жаркыраган шам чырак эле


Жаркын Суран кызы Темирбаева (1955–2021). Бишкек. 24.12.2009.
Жаркын Суран кызы Темирбаева (1955–2021). Бишкек. 24.12.2009.

Жаркын Суран кызы Темирбаева (1955–2021) – Кыргызстандагы таанымал укук коргоочу, журналист, публицист, коомдук ишмер айым эле. 66 жашында дүйнө салган Жаркын Темирбаеванын сөөгү бүгүн (4-апрелде) өз айылында жерге берилет. Анын кичүү кесиптеши Тынчтыкбек Чоротегин эскерет.

Жаркын эжеке!..

Атына заты жарашкан мээримдүү эжекем!

Сиз тууралуу суук кабарды укканыма ишенгим келбейт турат!..

Жаркын Суран кызы Темирбаева эжекебиз апрелдин (чын курандын) 3үндө 66 жашында дүйнө салгандыгы тууралуу кабар келип, бир саам ичинде анын элесине байланыштуу бардык окуялар эс тутумда чагылгандан тез чуркап өткөндөй боло түштү...

Маркум эжекебиздин өмүр жолу тууралуу далай иликтөөлөр болоор.

Мен өтө кыска баяным аркылуу замандаштарыма карапайым жашап, бирок опол тоодой эмгек сиңирген айырмалуу журналисттен жана коомдук ишмерден ажыраганыбыз тууралуу азыноолак кеп салгым келди.

Мага анын замандаштарынын интернеттин коомдук тармактарында ыкчам ортого салынган жарыялары көп түстө кубулжуган бирдиктүү мозаикадай жардам бермекчи.

Жаркын эжекебиз тууралуу интернетте ушул сааттарда жайнап чыккан учкай эскерүүлөр – өз доорубуздун жөнөкөй, мээримдүү, жаракөр, мээнеткеч атуулу, өз ишинен өзгө ишин жогору коё алган асылзат эжеке жөнүндөгү ар бир сабы ак дилден шөкөттөлгөн азыркынын кошогу бейм...

Анын А.Акаевдин президенттик бийлиги маалында саясий куугунтуктоонун айынан абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев менен, андан соң абактагы Феликс Кулов менен абактан алынган маектери эл аралык коомчулукта жалпы кыргыз коомунун демократиялык күрөш жүргүзүүчүлөрүнө сый-урмат жараткан.

Бул маектердин ар бири тууралуу чакан даректүү чыгарма жаратса да болот. Маселен, Топчуке жана Феликс агайлар менен маек уюштуруу маалында үн жазгыч таза иштесин үчүн Жаркын эжеке чоң микрофонду жашырып алып кирген. Азыркыдай чымындын көзүндөй, бирок кубаттуу микрофондор жана үн жазгычтар ал кезде тыңчыларда же көркөм тасмаларда болгондур, бирок Бишкектеги карапайым журналисттерде жок болчу.

Бир жолу Топчуке эжекенин ошондогу каармандыгына жана тапкычтыгына маашырланып: “...Анан Жаркын карындашым койнунан микрофонду сууруп чыкпадыбы!” деп эскере калганда, Жаркын эжеке уялып кетип: “Коюңузчу, Топчуке! Андан көрө башка өңүттү эле кеп кылсаңыз!” – дегени эсте.

Мурдагы вице-президент жана башка кызматтарды аркалап келген Феликс Кулов менен абакта курулган маек да өтө маанилүү болгон. Төмөнүрөөктө айтылгандай, микрофон палоо менен жашырылып өткөрүлгөн экен.

Кийин “Азаттыктын” кабарчылары Азиза Турдуева, Жаңыл Жусупжан да абак ичине кирип, Феликс агай менен маек куруп чыгышкан.

Азыркы тапта абакта жатып эле уюкфон аркылуу тышкы дүйнөдөгү кишилер менен байланышкан учурлар арбын, ал түгүл айрым эркиндиктеги кишилерди сызга отургузган камактагы шылуундар да пайда болду.

Ал эми XXI кылымдын алгачкы жылдары оппозициялык жолбашчылардан болгон жана абакта жаткан бул коомдук ишмерлердин саясий көз караштарын калайык “Азаттык” аркылуу гана уга алды. Бул жүрүмдө Жаркын Суран кызы – алгачкы карлыгач болгон.

Абактын ичинен маек алуу менен байланыштуу бул окуялар өлкөбүздө гана эмес, жалпы пост-советтик Борбордук Азия журналистикасы үчүн да алгачкы учурлардан болуп калган.

Албетте, көрмөксөнгө салган ошол кездеги айрым абак кайтаруучулар деле кыргыз демократиялык жүрүмүнө кыйыр салым кошкон дешке болот. Алар да авторитардык режим бул инсандарды айыпсыз жерден камагандыгын билишчү да. Анын үстүнө Жаркын эжеке аларды сөзү менен ынандырган талантка да ээ болчу.

Жаркын Темирбаеванын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, анын алгачкы жубайы Керез Шамшыбаева, "Азаттыктын" ардагери Азамат Алтай жана башка тарыхый инсандар менен ар кыл маектери, Пакистандагы кыргыздардын өкүлдөрүнүн тагдырларын чагылдырган макаласы сыяктуу "Азаттык" обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары, менимче, элибиздин эс тутумунда ар дайым сакталып кала берет.

Кийинчерээк Ж.Темирбаева "Зындан" аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган.

Ал ар дайым аракетте болуп келген жигердүү калемгер болчу. Жазбаган учурда сөзү менен ынтымакка чакырып тураар эле. Болгонун болгондой айткан мүнөзүн билгендер эжеке катуу айтса да, ага таарынышчу эмес деп ойлойм.

Чыңгыз Айтматов менен Жаркын Суран кызы. Архив.
Чыңгыз Айтматов менен Жаркын Суран кызы. Архив.

Эскерүүлөр...

Эми айрым замандаштарынын Жаркын эжеке тууралуу эскерүү жана көңүл айтуу каттарына учкай кайрыла кетели.

“Азаттыктын” советтик “Кайра куруулар” доорундагы (1990–1991-жылдын башындагы) Бишкектеги туңгуч тыш кабарчысы, түрколог Кадыралы Конкобаев агабыз:

“Жарқын, кыргыздын жалын жүрөк кызы элең... Каран калгыр ай... Акка баш ийген экенсиң... Ыйманың саламат болсун!

Жаратканым бейишинен орун беришин тилейли!?

Ончакты күн мурда эле сүйлөштүк эле... Аттиң дүйнө!?” – деп кайгырып жазды.

Акын иниңиз, бир кездери “Азаттыктын” Ош облусундагы кабарчысы болгон, учурда ТүркСОЙдо (Анкарада) Кыргызстандын өкүлү болуп иштеп жаткан Кожогелди Култегин:

“Ай, опоосуз дүйнө... Жаман иш болгон экен... Кайран гана Жаркын эже... Биринчиси, эркек болуп төрөлбөй калып – жаңылдыңыз эле. Экинчиси, өмүрдөн эрте кетип –жаңылыпсыз. Журналисттик иштерде – кадам ташталбай турган жерлерге кадам таштайт элеңиз.

Адамгерчилик иштерде – ар дайыма өзүңүздөн мурун өзгөнү ойлойт элеңиз. Олтуруш, эс алуу иштеринде – чокчолоңдоп гана чок ортону ээлечүсүз. Канча иштерди жасасаңыз да, жалгыз мактанычыңыз бар эле: “Бечара апамды эки падыша менен бир дасоркондо даам таттырдым...” – деп.

КГБнын башчысын “Жакшыраак болчу, айланайын, колуңду чөнтөккө салбай..” – деп зекип-нукуганыңыз, башкалар жанына олтура албай аткан жаалдууга баштыкты ачтырып-карматып коюп, кешик салганыңыз эсте... Кайран гана кашкөй Жаркын эже...”

Учурда Түрк Кеңешиндеги (Стамбулдагы) Кыргызстандын өкүлү, кыргыз эл жазуучусу, мурдагы "Азаттыктын" кабарчысы Султан Раев "Фейсбуктагы" барагында маркумга арнап төмөнкү саптарды жазды:

"Айтматовго чогуу барганыбызда берген сурооңузду эстеп, узун сабак сөз кылдыңыз эле. Чыкем ошондо бир башка... Үшкүргөнүн... ал үшкүрүк жоготуу менен армандын үшкүрүгү экенин кийин сездик, улуу инсан ушул үшкүрүккө адамдык улуу арманды катып келген экен... Алыста жүрүп, сиздин узак сапарга, түбөлүктүү сапарга кеткениңизди угуп, үшкүрүп отуруп калдык. Ал үшкүрүк жоготуунун үшкүрүгү. Ыйманыңыз салабат болсун. Нурлуу жайдан орун алыңыз!" – деп Султакебиз каңырыгы түтөп жазды.

АКШдан Амирбек Азам уулу Усманов иниңиз мындайча саптарды ортого салды:

“Ой, эже, бая күнү эле Нуржигит Кадырбековдун китебинин бет ачарында болгонуңузду, эл маданий жолугушууга жык келгенин айтып, китепке куштарлардын саны көбөйгөнүнө аябай сүйүнүп кеп салып бербедиңиз беле!? Операциядан кийин сүйлөшкөндөгү кайратыңызчы!? Америкага келүү планыңызчы!? ... Суудай шар, дүйнөдөй кенен, башына мүшкүл түшкөн адамдарға боорукерлигиңиз жана жардам берүүгө шашканыңызчы!? Бири кем дүнүйө... Жайында жолугабыз деп сүйлөшпөдүк беле... Ордуңуз толбойт, кайран эже!” – деп Амирбек Азам уулу жазды.

Үзөңгүлөш катары далай жылдар чогуу жүргөн, бир катар жылдары “Азаттыктын Жалал-Абат облусундагы кабарчысы болуп иштеген жазуучу Ырысбай Абдураимов агабыз:

“Жаңы жылдан бери эки-үч курдай телефон чалдым. Жооп бербегенинен таң калып жүрдүм. Бүгүн саат 16да Сабырдан угуп алып, эки сааттай эсеңгиредим. Мурда КМУда курсташ болуп, филфактын журналистика бөлүмүн чогуу бүтүрсөк,1995-жылдан тарта "Азаттыкта" 20 жылдай чогуу иштештик. Шайыр, шатыра-шатман, кең пейил, ачык айтып, ак сүйлөгөн, тамашакөй жан элең...

Уулдарың менен кызыңа, бир туугандарыңа 4-апрелде "Азаттыктагылар" барып, көңүл айтабыз. Жаткан жериң жайлуу болсун, Жаркын айым Суран кызы Темирбаева!!!” – деп Ырысбай агай 3-апрелде жазды.

Оштук өзбек туугандарыбыздан болгон журналист Өктөмбек Каримов иниңиз да эскерип, мындайча саптарын “Фейсбукта” жазды:

Жарқин эже ловуллаб турган олов эди. Меҳри чексиз эди. Ҳеч қандай андозага сиғмайдиган бетакрор эди. Алвидо, Жарқин эже! Охиратинг обод бўлсин!

(Кыргызчасы: “Жаркын эже алоолонгон от болчу. Анын мээрими чексиз эле. Эч кандай чен-өлчөмгө сыйбай турган кайталангыс жан эле. Кош бол, Жаркын эже! Акыретиңиз абат болсун!”) – деди Өктөм үкаңыз.

Бир кездери “Азаттыктын” Талас облусундагы кабарчысы болгон журналист Машакбай Рахманкулов агабыз да Ф.Кулов менен маегиңизди эскерди:

“Бирге иштешүү бактысы мага да туш болду эле. Палоонун ичине диктофон бекитип алып, түрмөдөгү Ф.Куловдон интервью алып чыгуу фактысын журналистиканын хрестоматиялык мисалы десек болот.

2010-жылдагы Ош окуясынан кийин өкмөттү Ошко көчүрүү идеясын "Кыргызстан – наш общий дом эмес" деген макаламда жазып чыксам, кийин ошол макаламды өзү чыгарып баштаган газетасына кубанып кайра басып чыккандагы кубанычы эсте. Кудагый да болуп калган жайы бар эле. Атына заты жарашкан айым болчу. Арты кайырлуу, жаткан жери жайлуу болсун!” – деди Машакбай агабыз.

Тимур Муратов, Маматназар Жакыпбаева жана "Азаттыктын" кабарчысы Жаркын Темирбаева. 2010-жылдын 17-июну.
Тимур Муратов, Маматназар Жакыпбаева жана "Азаттыктын" кабарчысы Жаркын Темирбаева. 2010-жылдын 17-июну.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров иниңиз:

“Жолукканда бир тууган эжемдей болуп ал-жаны калбай учурашаар эле. Анан өзүндөгү, мендеги жаңылыктарды айтып-сурашып калаар элек. Шаңкылдап күлүп калганы, адамгерчилиги, мээрмандыгы жакчу. Эжени кенен дасторкон жайып мейманга чакырып, батасын уксам деп жүрчүмүн. Минтип,жарыкчылыктан узап кеткенин азыр угуп кейип олтуруп калдым. Атыңызга затыңыз төп келишкен жан элеңиз. Кош болсуңуз! Кантейин арга жок!”, – деп Өндүрүш иниңиз жазды.

Ырас эле Жаркын эжеке табиятынан элдик дипломат болчу. Ал жайдары мүнөзү менен кайчы пикирдегилерди табыштырып, жок дегенде жоошутуп, табигый түрдө данакерлик кылчу.

Курбуларынын айтымында, анын Бишкектеги үйүнө айылдаштары, жакындары тартынбастан барышып, кээде кыйла күндөргө көчө басып жатып калышчу экен.

Аны Бишкектеги “Азаттык” бюросунда мурда чогуу иштеген улуу-кичүү кесиптештери “биздин бейрасмий кесиптик кошуунубуздун төрайымы” деп атап коюшчу.

Ал жаңы кызматка орношкон, бирок мултимедиа, компүтер технологиясы жаатында сабаты дурус ачыла элек далай мыкты журналисттерге талыкпастан өз тажрыйбасы менен бөлүшчү. Бул тууралуу акын жана журналист агабыз Шайлообек Дүйшеев өзүнүн “Агындылар” түрмөгүндө азил кеп аралаштырып баяндап жазганы эсте.

Жазуучу Султан Раев болсо биздин Шайлообек Дүйшеев агайдын мааракесине арналган макалабыздын этегинде башка окурмандардын арасында пикир кошуп, тамаша сөздөрүн ширелтип мындайча жазган:

“...Шакем экөөбүз компьютерди кеч үйрөндүк. Басканды эмес, үн жазганды, монтаждаганды. Жаштардан үйрөнүп алалык десек, алардын арасында үйрөтө коюучу "ийкемдүүсү" чыкпады. Шакем экөөбүздү Жаркын Темирбаев эжебиз үйрөттү. Анын үйрөтүү методикасы өзгөчө эле. Бир эле "мишка" (туурасы мышка) деген сөз менен үйрөтүп салды. Биринчи болуп мен үйрөндүм, түн жарымга дейре Жаркын эжем менен калып. Экинчи күнү Шакем үйрөндү. Түн жарымга калып.

Айтмакчы, Жаркын эженин методикасы – өтө жөнөкөй, өтө түшүнүктүү методика эле. "Мишканы" өйдө көтөрөсүң, "мишканы" ылдый, анан оңго же солго бурасың, деп эле үйрөтүп салды. Жаштар менен тизгиндешип иштедик, Шакем экөөбүз. Бара-бара "ас" болуп кеттик...”

Ал эми “Азаттык” үналгысынын азыркы жетекчиси Венера Сагындык кызы “Фейсбуктагы” барагында Жаркын эженин мээримдүү, алпейим мүнөзүн мындайча эскерди:

“Кайран Жаркын эже, сиз тууралуу дагы далай аңгемелер айтылат. Назик жүрөк чыдабай кетти го, жаныңыз жаннаттан жай алсын.

1990-жылдары Бишкекте бир ууч эле кабарчы иштечүбүз "Азаттыкта". Эртең менен келип тема бөлүшөбүз, такташабыз. Жаркын эже шашпай 10-11лерде келгиче башкы темалар жазылып жаткан болот.

Бир күнү келип: "мага деле тема бергилечи, бирдеме жазышым керек" деп калды. Мен бир аз ойлоно калып: "Кыргызстанда беш миллионунчу бала төрөлүптүр. Ошого байлап, жакын жердеги төрөт үйүнө барып репортаж жасап келе калыңыз, ушул теманы даярдайт деп жаздырып койобуз" дедим.

Сүйүнүп, диктофонун көтөрүп кетип калды. Кечинде программа эфирге чыгып, иштен тараган атсак, Жаркын эже чарчап-чаалыгып кирип келди.

"Каап, эмне кечиктиңиз?" – деп сурап калсам, "Иий, кайсынысын айтайын. Төрөт үйүнө барсам, аялдар онтоп кыйкырып төрөп атышыптыр. Бир келин шолоктоп аябай ыйлады. Жанына барып микрофон сунсам: "Эже, мен жалгыз боймун. Үйдөгүлөр бала менен барсам киргизбейбиз дешкен. Кайда барам? Жигитим алдап таштап кеткен", – деп аябай буркурап ыйлады. Ага боорум ооруп мен да ыйладым. Аягында чөнтөгүмдө болгон акчамды ага берип, маршруткага акчам калбай жөө келдим ошондон бери", – деп айтып берген эле.

Ушундай жан элеңиз. Жезде илгери (азилдеп): "1990-жылы чыдабай элди аралап кеткен бойдон үйгө кайтпай койду", – дегендей, карапайым элге бөтөнчө жакын элеңиз. Сизди эстей жүрөбүз, жаштарга сабак болчу окуяларыңыз толтура”, – деп Венера сиңдиңиз жазды.

Белгилүү журналист Элмира Тезекбаева сиңдиңиз болсо:

“Кайран Жаркын эжем даалдап, шатыра шатман болуп жүрчү элеңиз... Кейип кепчиген адат жок эле сизде. Ишене албай турам”, – деп терең өкүттө жазды.

Жаныбек казынын уулу Маматураим коомдук ишмер Салижан Жигитов, «Азаттыктын» кабарчылары Жаркын Темирбаева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана башка адамдар менен вице-президент Ф. Куловдун кабыл алуусунда. Бишкек. Архив.
Жаныбек казынын уулу Маматураим коомдук ишмер Салижан Жигитов, «Азаттыктын» кабарчылары Жаркын Темирбаева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана башка адамдар менен вице-президент Ф. Куловдун кабыл алуусунда. Бишкек. Архив.

Айылдаш иниңиз, бир кездери “Азаттыктын” Бишкек бюросун жетектеген, соңку кездери "Мурас" фондун башкарып жаткан тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов:

“Угуп алып ишене албай отурабыз. Жаркылдаган, өзгөчө эжекем элеңиз. Элесиңиз ар дайым эсибизде. Сизди дагы көп эскеребиз. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!” – деп жазып, жакынкы болочокто эскерүү макаласын жаза тургандыгын эскертти.

Кыяс мырза Сиздин өз лексиконуңузга таандык “Өл-а!..” деген сөздү да эскерип өтөөр. Бир ирет, Кыяс бюро башчысы кезинде, эки кесиптеши Бурулкан менен маркум Бүбүкан келип: “Эмнеге эле Жаркын эже бизди жаман сөз менен уруша берет?”, – дешиптир.

“Кызык го? Эмне деп айтып жатат?”

“Ал дайым эле “Өл-аа” дей берет!”

“О кокуй оой, биздин айылда бул эч айыпсыз эле сөз, айланайын деген эле сөз!” – десем, кийинчерээк алар да бири-бирин “Өл-аа!” дей башташты”, – деп бир жолу Кыяс бардыгыбызды күлдүргөн эле.

Ички Теңир-Тоого келсек, айылда тестиер чагымда, чынында да, балдар бири-бирин шылдыңдаганда “Өл-аа!” деп кыйкырышчу. Көрсө, ушул эле сөз жагымдуу мааниде колдонулган өрөөндөр бар тура.

Жаркын эжекенин дагы бир төл сөзү – кичүү кесиптештерин “Дадагаң болоюн!” деген эркелеткен сөз эле. Бул сөздү мен мурда ыраматылык агайым, КМУда (азыкы КУУда) археология сабагынан дарс окуган устатым, бир кезде Ош педиститутунун тарых факультеринде да иштеген Бейше Урстанбековдон көп угуп, Ошто бул сөз “садагаң кетейин!” сөзүнүн маанилеши тура, деп ойлоп койгон элем.

Жаркын Суран кызы абактагы Тахмина Амантаевага барып, маек куруп жаткан учуру. 2009-жылдын 19-ноябры.
Жаркын Суран кызы абактагы Тахмина Амантаевага барып, маек куруп жаткан учуру. 2009-жылдын 19-ноябры.

Жаркын эжеке кишилерди эч качан кызматына, коомдук турумуна, этностук тегине жана башка жагдайларга карап бөлчү эмес. Ага президент да, үй-жайсыз мукурап турган киши да бирдей инсан болчу. Анын тартынбас сапатынын аркасында укуктары бузулган, абактарда мыйзамсыз кармалган далай инсандардын таламдары жакталган.

Лейлектик акын жана журналист Абдилаат Дооров агайыбыз:

“Биз бүгүн мыкты чыгармачыл калемдешибизден айрылып олтурабыз. Бул – чоң жоготуу. Жаркындын үй-бүлөсүнүн, ага-тууган, кесиптештеринин аза-кайгысын тең бөлүшөмүн. Аалам алмаштырган асыл инсаныбызга Жараткан жаннаттан жай ыроолосун”, – деп “Фейсбукта” аза бөлүшүп жазды.

Жазуучу Айдарбек Сарманбетов агабыз:

“Арты кайырлуу болсун! Атына заты төп келген жарык, жаркын адам эле!” – деп терең кайгыруусун билдирди.

Жаркын Суран кызы Темирбаевага 2010-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" мамлекеттик наамы ыйгарылган.

2013-жылы ал "Азамат Алтай" эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган. Мындан башка да ондогон ар кыл сыйлыктардын ээси.

Жумурият коомчулугу аны кыргыз журналист айымдарынын жана жарандык коомунун жигердүү өкүлү катары өзгөчө кадырлап келген.

Жаркын Суран кызы Темирбаева.
Жаркын Суран кызы Темирбаева.

Эженин эң башкы сыйлыгы – анын көмөгү менен укуктары корголгон жана анын адамгерчилигинен өздөрү үчүн аба менен суудай зарыл руханий сүйөнүч тапкан нечендеген карапайым кишилердин жөнөкөй алкоосу болду го дейм.

Жаркын Суран кызы эжеке, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө, жалпы эле жакындарыңызга жана кесиптештерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Сиз тууралуу далай эскерүүлөр жазылаар. Сиз тууралуу нечендеген сөздөр айтылаар. Сизге айтылган жакшы бааларга урпактарыңыз да татыктуу болсун!

"Азаттык" үналгысында Сиз менен иштешкениме сыймыктанам.

XS
SM
MD
LG