Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Пандемия туризм тармагын өзгөртө баштады


Вена шаарынын аэропортундагы поезд станциясына келе жаткан румыниялыктар, 11-май 2020-жыл.
Вена шаарынын аэропортундагы поезд станциясына келе жаткан румыниялыктар, 11-май 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясы эл аралык каттамдарды жана туризмди тушап койгону белгилүү. “Саякат алкактары” туризм тармагын калыбына келтире алабы? Деги эле пандемия саякатты кандай өзгөртүшү мүмкүн?

Саякат алкактары көбөйөбү?

15-майда Литва, Латвия жана Эстония дээрлик эки айлык карантинден кийин чек араларын ачып, эркин саякат шакекчесин же алкагын түзгөнүн жарыялашты.

Ага ылайык, бул өлкөлөрдүн жарандары бири-бирине карантинге алынбастан каттай алат. Алкакка кирбеген башка мамлекеттердин атуулдары Балтика деңизинин боюндагы бул үч өлкөнүн кайсынысына келбесин 14 күн карантинде отурушу керек Бул жол менен саякат шакекчесинин ички коопсуздугу камсыз кылынмакчы.

“Мен жумуш боюнча Латвия менен Эстонияга каттап турушум керек. Бул учурду күтүп жатканбыз. Чек аралардын кайра ачылганы, чектөөлөрдүн алынганы жакшы болду”, - деп билдирди каттам жанданган күнү литвалык айдоочу Видмантас Макулис.

Бул үч өлкө коронавирус пандемиясы эл аралык каттамдарды аксатып койгон шартта Европада саякат алкагын түзгөн алгачкы мамлекеттерден болуп калышты.

Буга чөлкөмдө коронавируска каршы көрүлгөн чукул чаралар жана эпидемиологиялык абалдын жакшырышы да түрткү берди. Март айынан бери Эстонияда 1700дөй, Латвияда 970, Литвада 1500дөн ашуун адам коронавирусту жуктуруп алды.

Үч өлкөдө баш-аягы 130дай адам COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Соңку күндөрү бул мамлекеттердин ар биринде коронавирустун жаңы учурлары жетиден аша элек.

Литва менен Латвиянын чек арасы.
Литва менен Латвиянын чек арасы.

Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу эпидемиологиялык абалы окшош мамлекеттер жакын арада бул алкакка кошулушу мүмкүндүгүн айтты. Азырынча мындай сунуш жакынкы Польша менен Финляндияга жөнөтүлдү.

“Менимче биз жакынкы өлкөлөр менен гана чектелбей, эпидемиологиялык абал жакшырган айрым алысыраак мамлекеттерди да караштырышыбыз керек. Эгер алардагы кырдаал биздин алкактагы абалга окшош болсо, түз аба каттамдарын карантинсиз уюштурсак болот”, - деди Рейнсалу.

Мындай ыкманы Австралия менен Жаңы Зеландия туризм менен бизнести жандантуунун жолу катары ишке киргизүүнү көздөп турат. Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн 5-майда билдиргендей, австралиялыктар менен зеландиялыктар башка өлкөлөргө караганда бири-бирине көбүрөөк катташат. Зеландия Кытайдан кийин эле Австралияга эң көп турист жөнөткөн экинчи мамлекет.

“Саякат үчүн коопсуз аймак түзүүнү талкуулап жатканыбыздын башкы максаты - сиздерге карантини жок каттаганга мүмкүнчүлүк берүү. Эгер адамдар эки өлкөдө тең эки жумага карантинге алынып, мекенине кайтып келгенде да карантинге түшө турган болсо, анда алар саякаттабай коюшат. Бирок ал үчүн көп иш жасалышы керек. Бул идея пайдалуу, аны караштырып жатабыз”, - деп билдирди Жасинда Ардерн.

АКШнын Оклахома штатындагы Талса аба майданында токтоп турган учактар, 30-апрель 2020-жыл.
АКШнын Оклахома штатындагы Талса аба майданында токтоп турган учактар, 30-апрель 2020-жыл.

Пандемия шартындагы туризм

Коронавирус пандемиясынан улам чек аралардын жабылышы, элдин үйгө бекиниши өзгөчө туризм тармагын жана авиакомпанияларды кирешесиз калтырды. Дүйнөлүк туризм уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын алгачкы үч айында эле эл аралык туристтердин саны 22 пайызга азайды. Пандемия качан ооздукталарына, вакцина качан табыларына жараша быйыл туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 60тан 80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн.

Дүйнөлүк экономикалык форум билдиргендей, 2020-жылы дүйнөдө саякат жана туризм индустриясы баш-аягы 700 миллиард доллар киреше табары күтүлүп жаткан. Коронавирус пандемиясынан улам бул сан кеминде 250 миллиардга кыскарганы жатат.

Учурда аэропорттордон тартып авиакомпаниялар менен мейманканаларга чейин туристтердин ишенимине ээ болуунун жолдорун караштырып жатышат. Алардын алдындагы башкы талап - бул саякатчылардын вирусту жугузуп алышынын алдын-алуу. Адистер бул талап дүйнө жүзүндө эл аралык каттамдардын табиятын өзгөртөрүн болжоп жатышат.

Дүйнөлүк экономикалык форум маалымдагандай, эми аэропорттор менен аба компанияларына санитардык эрежелерди сактоо багытында талап күчөшү мүмкүн. Жүргүнчүлөрдү учакка отургузуу жана паспортту текшерүү жараянын электрондоштуруу иши тездеши ыктымал. Ошондой эле учакта беткап тагынып жүрүү нормага айланып, жүргүнчүлөргө кошумча коргоочу формалар сунушталышы мүмкүн.

Маселен, Гонконгдун эл аралык аэропортунда адамдын кийимин бутунан башына чейин 40 секунддун ичинде дезинфекциялай турган аппарат сыноодон өтүп жатат. Бул аба майдан 18-майдан тарта шаардан учуп чыккан жүргүнчүлөргө милдеттүү түрдө беткап кийгизе турган болду.

“Insider” сайты болочокто учак билеттери кымбатташы мүмкүндүгүн жазат. Себеби аралыкты сактоо сыяктуу санитардык эрежелерди сактоо үчүн авиакомпаниялар мурдагыдан азыраак билет сатып калышы ыктымал. Мындан тышкары аталган басылма адамдарга саякатка чыгардан мурда коронавируска каршы тесттен өтүүгө, же оору жок экенин көрсөткөн кандайдыр документтерди көрсөтүүгө туура келиши мүмкүндүгүн жоромолдойт.

Мындан тышкары туристтерди кабыл алган тараптарга да санитардык чараларды күчөтүүгө туура келчүдөй. 13-майда Европа комиссиясы карантин жумшаргандан кийин бизнес чөйрө, анын ичинде туризм тармагы сакташы керек болгон эрежелерди жарыялады. Ага ылайык, туристтерди кабыл алган мейманкалардын ооруп калган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болушу керек. Ошондой эле мындай жайларда кардарлардын тест тапшырышына, аларга мониторинг жүргүзүүгө жана вируска чалдыккан адамдар менен байланышта болгондорду аныктоого шарт түзүлүшү абзел.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG