Байбиче бир жылдан ашык убакыттан бери уул-келининен кордук көргөнүн айтып ооруканада жашап жаткан. Милиция эненин арызынын негизинде баласынан таяк жеген окуяны да териштирүүгө киришти. Бул жагдай 13-февралда айылдык жыйында да талкууланды.
71 жаштагы Бурул Бекташева 16 ай ооруканада жашагандан кийин, 11-февралда гана үйүнө көчүп барды. Шаардык сот аткаруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биригип, кемпирди өз үйүнө киргизишти. Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Алмаз Исмаилов соттун чечими боюнча буларга токтолду:
«2019-жылдын 11-ноябрында Жалал-Абад шаардык сотунун чечими чыгып, бизге аткарууга 23-декабрда келген. Анда кемпирдин уулу 35 жаштагы Бекташев Белекти, анын 32 жаштагы аялын жана тогуз, жети, беш жаштагы балдарын бирге башка турак жай бербестен үйдөн чыгаруу боюнча айтылган. 10-январь күнү биз Тайгараев айылында жайгашкан ал үйгө барып, он жумушчу күн ичинде турак жайды бошотуп берүү керек экенин эскерткенбиз. Бирок алар ошол убакыт ичинде өз каалоосу менен бошотуп беришкен жок. 11-февралда мажбурлоо иретинде көчүрүүгө барганыбызда үйдү бошотуп чыгып кеткенине күбө болдук. Ал үйгө Бурул Бекташеваны киргизип, өткөрүп бердик».
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылынын 71 жаштагы тургуну Бурул Бекташева - бир кыз, үч уулдун энеси. Ал кичүү уулунун колунда калып, алар менен бирге жашачу. Бирок баласы менен келининен кордук көргөнүн айтып, бир топ убакыт башка балдарыныкында, туугандарынын үйүндө жашап турган. Эч жерге батпаган Бурул Бекташева эки жыл мурда ооруканага жардам сурап барып, ошол жерде жашап калыптыр.
«Келиним «идиш жуубайсың, от жакпайсың» деп мени жулмалап урушчу. Тажаганымдан сиңдимдин үйүндө үч ай жашап жүрдүм, бир жолу да барып сурап коюшкан жок. Акыры үйгө өзүм келсем, үч күндөн кийин жаңжал кайра башталды. Келиним «үй иштерин жасабапсың» деп жакалап урган күндөрү болгон. Балама айтсам, «өлүп кетпейсиңби» деп көңүл бурбай койду. Ортончу баламдын үйүнө барып жашадым, ал жерге да батырышкан жок. Түнкүсүн уулум көчөгө таштап, үйүн кулпулап кетип калды. Айласыздан ооруканага барып жашап калдым. Буга чейин ушул жагдай боюнча милицияга, өкмөткө кайрылдым, эч ким карап койгон жери жок. Акырында аргасыз үйдү алыш үчүн сотко кайрылдым».
Бурул эне 34 жашында жесир калып, чиедей балдарын өзү жалгыз чоңойтуптур. «Эч нерседен кем кылбай эрезеге жеткирген балдарына карыганда керексиз болуп калдым» дейт кейийт.
Ооруканада жашап турганда Жалал-Абад шаардык сотуна үйдү бошотуп берүү тууралуу талап менен кайрылып, сот эненин өтүнүчүн канааттандырып берген. Кемпир жашаган Тайгараев айылындагы жеке менчик оорукананын башчысы Бегайым Таирова бул үчүн анын балдарын күнөөлөдү:
«Бурул биздин ооруканага 2018-жылдын ноябрь айында, суук күндөрү келген. Ал бейтапканага жакын жердеги ортончу баласынын үйүндө он күндөй жашап, алар менен келише албай түнкүсүн бизге келип жаткан. Ошол боюнча биздин ооруканада жашап калды. Артта калган жылдар аралыгында Бурул бейтапкананын палатасында жашап, ушул жерден тамактанып жатты. Ооруп калса биз карайбыз, тамак-аш беребиз. Кээде оорулуулар көбөйүп кеткенде алар менен бирге жатып жүрдү. Уул-кызы алып кеткен жок. Кээде баласы менен келини келип, палатада урушкан күндөр да болду. Бир күнү баласы келип, «эмнеге кармап отурасыз, чыгарып таштасаңыз үйгө айласыз барат эле да» деп мени зекиди. Менин жеке көз карашымда Бурул бизге тынч жашоону издеп келди. Буга албетте, мен толугу менен балдарын айыптайт элем».
13-февралда Тайгараев айылынын 50дөй тургуну катышкан жыйын өтүп, анда бул үй-бүлөнүн абалы талкууланды. Ага уул-кыздары катышканы менен Бурул Бекташева келген жок. Балдары жана кызы жогорудагы маалыматтардын баарын төгүндөп, энесине болгон мамилеси жакшы экеннин айтышат. Кызы Нуржамал Бекташева буларды айтты:
«Биз жараша турган бул жерде чоң уруш жок. Биздин апабыздын кыялы жана мүнөзү ушундай экен. «Үй талашып соттоштук» деген маалымат да жалган, биз туугандар менен өз ара сүйлөшүп, апам ошону кааласа бошотуп берели деген жыйынтыкка келгенбиз. Кичинекей иним Орусияда болчу, аны чакыртып үйдү бошотуп бердик. Мында эч кандай талаш-тартыш болгон жок. Коомчулукка кайрылат элем, биз эч качан энебизди көчөгө таштабайбыз. Бизди тарбиялып чоңойткон апамды азыр да багууга даярмын».
Башка балдары да энесин сыйлай турганын жана багып алууга даярдыгын билдиришти. Айылдаштары болсо үй-бүлөдөгү чыр-чатак боюнча буга чейин кабары жок экенин айтып, балдарына энесинен кечирим сурап, жарашып алууну сунуш кылышты. Бирок Бурул Бекташева буга макул болгон жок жана өзү жалгыз жашоону каалады.
Бекташеванын арызынын негизинде Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү Жоруктар кодексинин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, кичүү баласынын үстүнөн тергөө жүргүзүүдө. Бекташева мына ушундай эле арыз менен 2016-жылы дагы милицияга жана айыл өкмөткө кайрылганы менен жыйынтык болгон эмес.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.