Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Будапештте өкмөт башчыга каршы акция өттү


Будапештте 1-майда миңдеген киши Европа биримдигине колдоосун билдирип чыгышты. Акцияны уюштурган "Моментум" аттуу саясий кыймыл премьер-министр Виктор Орбандын тушунда Орусиянын таасири күчөп жатат деп эсептейт.

Бир нече аптадан бери Венгриянын баш калаасында "Жогорку билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамга байланыштуу демонстрациялар өтүп жатат. Жобого ылайык, америкалык финансист Жорж Сорос түзгөн Борбордук-Европалык университет жабылышы мүмкүн.

Бул маселе Европа биримдигинин нааразылыгын пайда кылып, Еврокомиссия мыйзамды билим берүү эркиндигине чабуул катары баалаган.

Маалыматтарга караганда, 29-апрелде Орбан Брюсселдин талаптарына баш ийип, мыйзамга өзгөртүү киргизилерин айтты. Бирок өкмөт башчынын басма сөз катчысы бул ырастоолорду бышыктай элек.

26-апрелде Европа комиссиясы жобо рынок эркиндигине каршы келээрин жүйө келтирип, Будапештке ай башында жактырылган мыйзамды кайра карап чыгууга 30 күн мөөнөт берген.

Октябрь айында күчкө кире турган мыйзамда бардык чет элдик жогорку окуу жайлар өз өлкөлөрүндө да кампустарын ачууга тийиш деген талап коюлган. Ал эми Нью-Йорк штатында катталган Борбордук-Европалык университеттин ал жерде кампусу жок.

Университеттин бүтүрүүчүлөрү венгриялык жана америкалык дипломдорго ээ болушат. Премьер Виктор Орбан муну ишке орношкондо атаандаштарына карата адилетсиз артыкчылык деп санайт.

Еврокомиссия Будапешт өкмөтүнөн бул маселе боюнча юридикалык түшүндүрмөлөрдү талап кылган. Шаркеттин эрежелери боюнча иш Европа сотуна чейин жетип, өлкө чоң айып пул төлөп калышы ыктымал.

Комиссия укуктук териштирүү баштарын жарыялагандан кийин Орбан Европарламенттин Венриядагы адам укуктарына арналган пленардык сессиясына катышып сөз сүйлөдү. Өкмөт башчы Соросту “америкалык финансылык кызыл кулак” деп айыптады.

Парламенттеги либерал-демократтардын лидери Ги Верхофштадт Орбандын соңку аракеттерин – бейөкмөт уюмдарга чабуулдарды, маалымат каражаттарды чектөөнү, университетти жабуу демилгесин сындады:

- Европалык фонддордун, Евробиримдиктин акчасын алууну уланткыңыз келет. Бирок европалык баалуулуктарга келгенде алар сиздер үчүн эмес экен. Муну эмне деп атаса болот?

Орбан болсо сессияда жаңы мыйзамды Венгриядагы 28 чет өлкөлүк окуу жайга тиешелүү “майда толуктоолор” катары сыпаттады.

Борбордук-Европалык университет 1991-жылы негизделген. Баштапкы жылдары финансылык жардамды Будапештте туулган бизнесмен жана филантроп Жорж Сорос берип келген.

Өздөрүн «либералдуу эмес» демократиянын жактоочулары катары сүрөттөгөн Сорос менен Орбан миграция маселесинен улам араздаша кеткен. 2015-жылы премьер качкындардан коргонуу үчүн Сербия менен чек арада дубал куруу буйругун бергенде миллиардер Сорос Орбанды "чек ара коопсуздугун адам укуктарынан жогору коет" деп айыптаган. Ага жооп кайтарып премьер Орбан Соросту "мамлекеттин душманы" деп атаган жана Венгриядагы бир нече уюмдарга акча берип келатканын сындаган.

Өткөн аптанын этегинде Сербия менен чек арада экинчи тосмо курулуп бүттү. Бийиктиги үч метр, узундугу 155 метр дубал, Орбандын айтымында, «жоон топ адамдарды токтотууга кудуреттүү».

Премьер-министр 1990-жылдардын башында антисоветтик саясатчы катары таанылган. Акыркы кездерде болсо Орусия менен бекем мамилелерди жактап келатат.

Венгрлер Орусиянын таасирине каршы чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG