Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эместигин билдирип, кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды.
Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, арыз 28-августта кечке жуук берилди.
Буга чейин Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясынын документин артка кайтаруу тууралуу чечим туура болгонун айткан. Ал бул чечимди мыйзамсыз деп табуу жөнүндө Бишкектин административдик соту чыгарган өкүмгө каршы Боршайком кийинки инстанцияга арыз берерин билдирген.
«Мурда кабыл алган чечимибизди колдоп, мыйзамдуу болгон деп эсептейбиз. Демек, административдик соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылабыз», - деди Шайлдабекова.
28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кабыл алган эмес.
Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, БШК Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылууга ниеттенип жаткандыктан, мыйзам боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартууга укугу бар.
Бул билдирүүдөн кийин, 28-августта «Кыргызстан» партиясы түнкү саат ондо журналисттерди чукул маалымат жыйынга чакырып, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечимин аткарбай мыйзамды бузганын кабарлады.
Партиянын лидери Канатбек Исаевдин айтымында, буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоодо добуш сатып алуу, шайлоо фондунан тышкары каражаттарды колдонуу фактылары көп жолу катталган.
Ага карабастан БШКнын ушул эле курамы эскертүү берүү менен чектелип келгенин, ал эми “Кыргызстан” партиясын техникалык ката үчүн каттабай жатканын кошумчалады.
«Бишкектин административдик соту биздин жүйөлөрдү эске алып, адилеттүү чечим кабыл алды. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл албай жатат. Бул чечимин Жогорку сотко кайрыла турганы менен түшүндүрүүдө. Мыйзам боюнча соттун чечими дароо күчүнө кириши керек. “Кыргызстан” партиясы БШК менен болгон талаш-тартышты укук талааасында чечкенге даяр. Бул ишке Жогорку сот гана чекит коет жана биз шайлоого катышабыз деген ойдомун», - деди Исаев.
Канат Исаевдин партиялашы Талант Мамытов соттун чечими дароо күчүнө кирерин, эгер чечим аткарылбаса, кылмыш жоопкерчилиги каралганын да эске салды.
Соттон кийинки нааразылык
25-августта БШК «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарган. Ага партиянын документин БШКдагы өкүлү эмес башка эле адам тапшырганы негиз болгон.
Партия Боршайкомдогу өкүлү ал күнү ооруп калганы менен байланыштырып, муну шайлоого олуттуу таасир тийгизбеген техникалык ката деп баалаган. БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арызданган.
Административдик сот ишти 27-августта карап «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуу боюнча арызын канааттандырды. Бул шайлоого бараткан айрым партиялардын, жарандык активисттердин нааразылыгын күчөттү.
БШК менен партия ортосундагы талаш боюнча сотко эки тараптын тең тарапташтары барып, сотко «Кыргызстандын» лидери Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов катышты.
Боршайкомдун мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев саясатчылардын сотко катышканын басым деп баалады.
«Сотко БШКнын атынан эки эле юрист катышты. Алар жаш адистер. Бирок жумушун жакшы билишет. Саясатчылардын сотко барганы аларга психологиялык басым-кысым. Анткени алар белгилүү саясатчылар. БШКнын юристтери сотто жүйөлөрүн айтканы менен аны судья тоготпосо, саясатчылар БШКга болбогон документтерди берип коюп өздөрүн орой алып жүрсө бул басым да. Ошондуктан Жогорку сотто болчу отурумга БШКнын мүчөлөрү да катышуусу керек».
«Кыргызстан» партиясы тескерисинче шайлоого бараткан «Бир Бол», «Ата Мекен», «Чоң казат», «Реформа» партияларынын мүчөлөрү менен жарандык активисттер БШКнын имаратына чейин кирип барып Боршайкомго басым кылды деп эсептейт.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясында "бийликтин негизги булагы - эл" деп жазылган. Эл болсо бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жолу менен парламентке алып барат. Бүгүн биздин укуктар толугу менен орундалды», - деди депутат Талант Мамытов.
«Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чуудан кийин өздөрүн оппозициялык партия деп жарыялаган партиялар менен жарандык коомдун айрым өкүлдөрү шайлоодогу мыйзам бузуунун алдын алуу үчүн коалиция түзүү демилгесин көтөрүштү.
«Бир Бол» партиясы менен шайлоого бараткан Руслан Акматбек «Кыргызстан» партиясы боюнча соттун чечимин мындай комментарийледи.
«БШКдагы акыркы окуяны Боршайком өзү көтөрүп, мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан жок. Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгынан бул ачыкка чыгып, аны жарандык коом көтөрүп, БШК ушундай чечим кабыл алууга мажбур болду. Биздин ишенгенибиз жарандык коом менен бийликке оппозиция болгон партиялар болуп калды. Сотко кайрылса бийлик тараптын өкүлдөрү кайрылат экен. Сот болсо аларды коргойт экен».
Андан тышкары Бишкектин административдик сотунун судьясы Чолпон Досмамбетова «Кыргызстан» партиясынын арызы боюнча сот чечимин окуп жатканда журналисттер киргизилген жок. Журналисттердин соттук залга кирүү аракетинен жыйынтык да болгон жок.
Кийин Жогорку соттун басма сөз кызматы муну судья ушундай чечим кабыл алганы менен түшүндүрдү. Сотко барып жараянга кирбей калган «NextТВ» телеканалынын журналистти Жаңылай Баймуратова мындай деди.
«Журналисттердин укугун бузуп бизди сотко киргизишкен жок. Биздин маалымат алуу укугубуз чектелди. Бул резонастуу окуя болгондуктан аны түз эфирлерден миңдеген кишилер көрүп жаткан».
Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.