Өз талаасындагы финалдык беттешүүдө 1-0 эсеби менен алдыда келаткан Бразилия аягында 1-2 эсеби менен Уругвайдан жеңилип калган.
Экинчи жолу өз үйүндө уюштурулган дүйнө биринчилигинде болсо, 5 жолку чемпион Бразилия жарым финалда Германияга 1-7 эсеби менен жыдыды.
Жергиликтүү гезиттердеги бүгүнкү макалалар “Тарыхый кемсинтүү”, “Тарыхтагы эң чоң маскаралык”, “Эң оор утулуу”, атүгүл “Кыргын” деген аталыштар менен чыкты.
Шок абалына баткан стадиондун көзүнчө адегенде Томас Мюллер, андан кийин Мирослав Клозе, эки ирет Тони Кроoс менен Сами Кедейра биринин аркасынан бири гол киргизип жатышты. 18 мүнөттүн ичинде Хулио Сезарга 5 жолу топту дарбазасынан алып чыгууга туура келди. Экинчи таймда талаага жаңы чыккан Андре Шөрле алардан калбай эки жолу дарбазага таамай тепти.
Клозе болсо буга чейин дүйнө чемпионаттардагы голдордун саны боюнча бразилиялык Роналдо менен тең келатып, кечээ рекордду жаңыртты.
Рекорд демекчи, тарыхта буга чейин дүйнө биринчилигинин жарым финалдык беттешүүсү мындай хоккейлик эсеп менен аяктаган эмес.
1920-жылы Уругвайга 0-6 жеңилген “Селесао” (Бразилиянын курама командасы) үчүн да бул тарыхтагы эң чоң утулуу болуп калды.
Айрым комментаторлор “Маншафт” (Германиянын командасы) 2002-жылкы финалдагы утулуш үчүн өч алууга катуу даярданыптыр деп тамашалап жатышты. Баса, Йокохамадагы ошол беттешүүдө ойногондордун арасынан немистердин командасында жалгыз Клозе калды.
Оюндун эң аягында Оскар киргизген гол бразилиялыктардын намысын, албетте, сактап кала алган жок.
Же болбосо немистердин дарбазачысы Нойер өзгөчө матчтын биринчи жарымында мындайча айтканда, ишсиз калган.
Бразилия көп үмүт арткан чабуулчу Неймар жараатынан улам матчка катышкан жок. Команданын капитаны Тияго Силва да 2 сары карточка алып, беттешүүдөн четтеп калган. Мындан улам бразилиялыктардын психологиялык маанайы оюнга чейин эле төмөн болчу деген пикирлер да жок эмес.
Кечээги оюнга команданы жетектеп чыккан Давид Луис Бразилия элинен, машыктыруучу Фелипе Сколариден кечирим сурады. Даңазалуу устат өз кезегинде жеңилүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Бразилиянын президенти Дилма Руссеф Твиттерде "Ар бир бразилиялыктай эле мен да утулуп калганыбызга капаландым. Футбол ышкыбоздору менен биздин оюнчулар үчүн абдан кайгырып атам", - деп жазды.
Чоң майрамды, жеңишти эңсеген күйөрмандар бешинчи голдон баштап эле нааразылыгын жашырбай, стадиондон кетип жатышты.
- Менимче, Неймарсыз Бразилиянын командасы мотивациясын жоготуп койду. Анын талаанын сол канатында турушу маанилүү болчу. Неймардын мыкты комбинациялары жетпей атты. Неймарсыз Бразилия командасы жокко эсе, - дейт Октавил Пинто да Силва аттуу күйөрман.
Бразилиялыктардан айырмаланып, Германиянын ышкыбоздору “Минейрао” стадионунан кетүүгө шашылган жок. Арбитр акыркы жолу ышкырып, оюн аяктап, жарыктар өчсө да, алар желектерин желбиретип, дагы көпкө ырдап отурушту.
Эми Германия 13-июлда финалда беттеше турган команда Аргентина менен Голландиянын бүгүнкү матчында аныкталмакчы.
Эки команда эски атаандаштардан. 1978-жылы Аргентина Буэнос-Айрестеги финалда Голландияны 3-1 жеңип, биринчи жолу чемпион наамына ээ болгон.
Ал эми Германия менен Аргентина 1986-жылы Мексикадагы биринчиликте беттешип, түштүк америкалыктар 3-2 жеңип алса, 4 жылдан кийин Италияда немистер өч алган.
Голландия менен Германиянын ыктымал матчы да чоң кызыгуу жаратууда. Эки коңшунун 1974-жылкы чемпионаттагы финалдык оюну футбол тарыхында эң драмалуу матч катары калган.
Мюнхендеги ал таймашта Йохан Неескенс 2-мүнөттө пенальтиден гол киргизгенден соң, алдыда бараткан голландиялыктар тынбай чабуул койгонуна карабай 1-2 утулуп калган.
Жеңиш алып келген голдун автору, немистердин футбол легендасы Герд Мюллер болгон.
1988-жылкы Европа чемпиону Голландия өз тарыхында 3 ирет финалга чыгып, бирок бир да жолу чемпион боло элек.