23 жаштагы оор атлетчи казакстандык Нижат Рахимов 160 килограммды булкуп көтөрүп, Казакстандын капчыгына алгачкы алтынды салды. Америкалык суучул Майкл Фелпс Рио-де-Жанейродогу оюндарда өзүнүн 21-алтын медалын эстафеталык 4x200 метрге сүзүүдөн утуп алды. Олимпиаданын 5-күнүндөгү айрым сүрөттөр.
Олимпиада: ийгилик жана сыймык
23 жаштагы оор атлетчи казакстандык Нижат Рахимов 160 килограммды булкуп көтөрүп, Казакстандын капчыгына алгачкы алтынды салды. Америкалык суучул Майкл Фелпс Рио-де-Жанейродогу оюндарда өзүнүн 21-алтын медалын эстафеталык 4x200 метрге сүзүүдөн утуп алды. Олимпиаданын 5-күнүндөгү айрым сүрөттөр.
1
23 жаштагы оор атлетчи казакстандык Нижат Рахимов 160 килограммды булкуп көтөрүп, кийинки түртүп көтөрүү боюнча көнүгүүдө ал 214 килограммды багындырып, Казакстандын капчыгына алгачкы алтынды салды. Сүрөттө жеңишке кубанган Рахимов жана машыктыруучусу Алексей Ни.
2
Америкалык суучул Майкл Фелпс Рио-де-Жанейродогу оюндарда өзүнүн 21-алтын медалын эстафеталык 4x200 метрге сүзүүдөн утуп алды.
3
Казакстандын капчыгына экинчи алтынды сууда сүзүү боюнча спортчу Дмитрий Баландин салды. Ал америкалык жана орусиялык атаандаштарын артка калтырды.
4
Австралиялык кайыкчы Рис Грант аба ырайынын начарлашынан улам токтоп калган таймаштан кийин кайыгын көтөрүп баратат.
5
Оор салмактагы (90 кг) дзюдочулар грузиялык Варлам Липартелиани (көк кийимчен) менен жапониялык Машу Бейкердин финалдагы беттешүүсү. Жеңишти Бейкер алды.
6
Украиналык гимнаст Олег Верняев күмүш медалга татыды.
7
Британиялык Жозеф Кларк жалгыздап кайык жарышууда биринчи келди