Чек арадагы ок атыштан бир аскер каза болду
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кыргызстандык бир аскер каза болуп, 13 адам жараат алды. Бул тууралуу Лейлек районундагы саламаттык сактоо боюнча координатор Учкун Эргешов билдирди. Анын айтымында, жараат алгандардын жетөө аскерлер, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары.