Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Булганган коомду тазартууга жылдар керек


Бүгүн "Фабула" жана "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

"Фабула" гезити майда маалыматтарды басты. "Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун" жетекчиси Сагынбек Абдрахманов "КСДПдан бөлүнбөйм, президенттикке талапкер болушума эл түрткү берүүдө" деген ат менен маек берди.

Социологдордун дүйнөлүк коомунун мүчөсү, профессор Кусейин Исаев маегин "Алмазбек, Кыргызстанды кузгун-жорулардан тазалоо керек!" деп атап, президенттик администрация сунуш кылып жаткан "Таза коом" программасынан майнап чыга турган иштерди көрүп жатканын, анткени канча жылдан бери булганып бүткөн коом сөзсүз тазаланууга тийиш экенин, бирок бул процесс бир эле жылда бүтө койбосун, ал узакка созуларын, биздин билимдүү деген адамдарыбыз, элди башкарган аткаминерлерибиз, депутаттарыбыз ар дайым Раззаковдун "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот" деген осуятын айтканды жакшы көрүшөрүн, бирок өздөрү тазалангысы келбесин айтты. Окумуштуу мударис андан ары адамды да, элди да алдаса болорун, бирок абийир менен Кудайды алдоо мүмкүн эместигин, бүгүн Кыргызстанда тазалануудан башка жол жок калгандыгын, элди мындан ары жеп-ичип депутат болуп, жеп-ичип эл башкарууга болбой калгандыгын, ошондон улам биз баарыбыз "Таза коом" идеясын, концепциясын, доктринасын, идеологиясын иштеп чыгуубуз зарыл деп белгиледи.

Кусейин Исаев андан ары эл башкарам деген адам өлүү дүйнөнү эмес, байлык, акчаны эмес, эң биринчи кезекте элин, жерин сүйүшү керектигин, көр дүнүйнө менен акчадан бакыт тапса качкын эки президент, алардын ага-инилери менен балдары, аялдары бакыт тапмагын, күн сайын алардын түшүнө тоо кирип, эл-жер көздөрүнөн учуп, азап тартып жүргөнүн, эми биз эл башчысын тандап алууда эки жолу оозубуз күйгөн соң, байлыкты жакшы көргөндөрдү эмес, элим-жерим деп күйгөндөрдү тандап алуу керектигин билдирди.

Кусейин Исаев маегинин аягында Сооронбай жакшы адамдыгын, саясатта такшалгандыгын, атасы Шарип аке каракулжалык, өзгөндүк, карасуулук балдарды Улуттук университетке, Айыл чарба академиясына жетелеп жүрүп окууга өткөргөнүнө күбө болгонун, Сапар Исаков да бүгүнкү доордун тамырын жакшы билген таза жаштардан экенин белгилеп, эмдиги шайлоо мурункуларга такыр окшобостугун, анткени шайлоонун биринчи туру эч кимди аныктай албай калышы толук мүмкүндүгүн, ошондуктан президент өзү "Таза коом" программасын, октябрда өтө турган "Таза шайлоонун" күңгөй-тескейин көпчүлүктүн өкүлдөрү менен кеңешип алса жакшы болор эле деп ойлой турганын кеп кылды.

"Вечерний Бишкек" гезити Сот реформасы боюнча президенттин карамагындагы Кеңештин Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөн ХII жыйыны тууралуу Александр Тузовдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы "Чыныбай Турсунбеков экономикага киришүүдө, Матвиенко Ысык-Көлгө келе жатат" деген гезиттин макалаларын окуйсуздар. Булардан тышкары"Кадрда - Айтматов жана Акрамов" деген, "Евразиялык экономикалык биримдикке - беш балл" деген, "Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт - бизнес эмес" деген жана башка макалалар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG