Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Чиеш тагдырлар: Чүйдөн Украинага айдалгандар


Кулакка тартылып, сүргүнгө айдоо учуру. Сүрөттөн жүк ташуучу вагондорду дагы көрүүгө болот. Автору Элла Маяйр.
Кулакка тартылып, сүргүнгө айдоо учуру. Сүрөттөн жүк ташуучу вагондорду дагы көрүүгө болот. Автору Элла Маяйр.

"Эсимде ” изилдөө аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар III” китебиндеги Алагөз кызы Гүлзаттын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлөнүн тагдырын чагылдырган макаласын сунуштайбыз.

Буга чейин белгисиз болуп келген тарых барактарын айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз.

Кеңеш доорунда миңдеген бейкүнөө адамдар куугунтукка алынып, алардын чиеленген тагдырлары мезгил бүктөмүндө кала берди. Алар мажбурлап иштетүү, негизсиз камакка алуу, атүгүл өлүм жазасына тартууга чейинки зулумдукка кабылышкан.

Тайгашканын неберелери Сабыраалы жана Замирбек, аталарынын сүрөттөрү менен
Тайгашканын неберелери Сабыраалы жана Замирбек, аталарынын сүрөттөрү менен

Ошолордун бири Тайгашка аттуу адам Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Ала-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген. Мээнеткечтиги менен ал жылдан жылга ирденип, малына мал кошулуп, айылындагы эң бай адамдардын бирине айланган. Үйлөнүп, эки перзенттүү болот. (Балдары кичине болгондуктан өз энесинин ысымын эстеп калган эмес-ред.) Уулунун атын Ормокой, кызынын атын Алмагүл коюшат. Кийинчерээк жубайы оорудан көз жумат. Тайгашка 1919-жылы Бурулкан аттуу кызга баш кошуп, Искак, Зулайка, Салийка жана Абдракман аттуу уул-кыздары төрөлөт.

Ала-Тоодон сүргүнгө

Тайгашка менен Бурулкандын кенжеси Абдыракман эмчектен чыга элек кези. Дал ошол 1930-жылы булар жергиликтүү бийликтин чечими менен кулакка тартылып, мал-мүлкү ортокко алынып, сүргүнгө айдалат.

Ормокой Чүй облусунда жайгашкан Молдовановка түрмөсүнө камакка алынат. Тайгашка ушул коогалаңдуу мезгилде ата журтун ээн калтыргысы келбей, абактан бошонуп чыкса Ормокой баш-көз болор деп экинчи уулу Искакты да Алмалуу айылына таштап кеткен. Украинанын түштүгүнө жүк ташыган поездде өтө кыйналып, эки айда араң жетишкен.

Херсон облусунун Чалбасы айылы Кыргызстандын аймагынан сүрүлүп барган кыргыздардын баш калкалоочу жайына айланган. Бул айылда “Жаңы-Жол” колхозу түзүлөт. Бейтааныш жерде жаңы турмушту баштоо канчалык оор болгону айтпаса да түшүнүктүү.

1933-жылы үй-бүлөсү менен мунапыс алганда, ата мекенине кайтарын уккан Тайгашка кубанычы көкүрөгүнө батпай, жүрөгү кармап, ошол күнү көз жумат. Анын сөөгү Украинанын Чалбасы айылындагы мусулман көрүстөнүнө коюлат.

Тайгашканын артында калган жесири Бурулкан, эки кызы Зулайка жана Салийка, кенже уулу Абдракман туулган айылы Алмалууга кайтып келишет. Ал убакта Кыргызстандын аймагында дагы жокчулук, ачарчылык өкүм сүрүп турган. “Кулактын үй-бүлөсү” менен мамиле түзгөндөн жакын туугандары, коңшу-колоң корккон мезгил эле.

Украинанын Чалбасы (азыр Виноградово) айылындагы кыргыз көрүстөнү
Украинанын Чалбасы (азыр Виноградово) айылындагы кыргыз көрүстөнү

Бурулкандын келгенин угуп, төркүнү өздөрүнүн Тогуз-Булак айылына балдары менен алып кетмей болот. Ошондо Ормокой кичүү инимди өзүм багып алам деп, төрт жашар Абдракманды алып калат. Атасы Тайгашканын атын алып жүрүү келечегине залакасын тийгизерин ойлоп, Абдракманга Ормокоев деп өз атын берет.

Украинадан тили чыгып келген Абдракман жүгөрүдөн, арпадан жасалган нан жебей, кумшекери жок чай ичпей, “белый хлеб, белый хлеб, сухар, сухар” ыйлачу экен. Сүргүндүн азап-тозогун көргөн Бурулкан, кыздары Зулайка, Салийка көп өтпөй ооруп, үчөө тең көз жумат.

Ата ордуна ата болгон Ормокой

Тайгашканын туң уулу Ормокой
Тайгашканын туң уулу Ормокой

Тайгашканын тун уулу Ормокой тың чыгып, бир нече жыл түрмөдө жатып чыкса дагы, тагдырдын оор сыноосуна сынбай, инилери Искак менен Абдракманды өз балдарындай бапестеп чоңойтот. Абракмандын уулу Сабыраалы бул тууралуу мындай деп эскерет:

Согуштан кайтпай калган Тайгашканын ортончу уулу Искак
Согуштан кайтпай калган Тайгашканын ортончу уулу Искак

“Ормокой атабыз байбичеси Салипа менен отуз жылдай өмүр сүрсө дагы, балалуу боло алышпайт. Элүүдөн өткөндө, согуш бүткөн жылдары, жубайы Салипа апам “артыңда туяк калсын, үйлөн” деп, Ормокой атам экинчи аялы Калича апабызды алат. Калича апа мугалим болуп иштечү экен. Ормокой атабыз менен Калича апабыз тогуз балалуу болот. Балдарынын аттарын Сардарбек, Жүкүн, Сабырбек, Жийдегүл, Гүлбарчын, Мистегүл, Алмагүл, Кенжебек деп коюшат. Ормокой атам 77 жашка келгенде, кичүү баласы Кенжебек төрөлгөн. Ал эми Искак атам 1941-жылы үйлөнүп, 1942-жылы согушка кеткен. 1943-жылы каза болуптур, кара кагаз келген. Артында туяк калган жок”.

Абдракмандын кийинки турмушу

Абдракман агасы Ормокойду ата ордуна ата тутуп, анын сөзүн эки кылбай, бир үйдө анын балдары менен чогуу өсөт. 1955-жылы үйлөнүп, Гүлпана, Сабыраалы, Гүлмира, Замирбек, Дамира, Таалайбек аттуу алты балалуу болот.

Абдракмандын уулу Сабыраалынын эскерүүсүнөн: “Ормокой атамдын өзүнүн тогуз баласы, анан биз, Абдыракмандардын алты баласы бир үйдө чоңойдук, сен-мен дебей, ынтымактуу болдук. Азыр Тайгашкадан тараган балдары, неберелери Ала-Тоо айылында үч көчөбүз”.

Тайгашканын кенже уулу Абдракман жубайы менен.
Тайгашканын кенже уулу Абдракман жубайы менен.

Тайгашка атанын үй-бүлөлүк таржымалы совет тарыхынын коогалаңдуу мезгилинде көптөгөн бейкүнөө адамдар далай азап-тозокту баштан кечиргенин дагы бир ирет далилдеп турат. Бул маалыматтарды айтып берген Сабыраалы жана Замирбекке терең ыраазычылык билдиребиз.

Алагөз кызы Гүлзат,
“Эсимде” изилдөө аянтчасы

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт. Сүрөттөр автордун уруксаты менен жарыяланды.
XS
SM
MD
LG