Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Беларуста кезектеги акция кармоо менен бүттү


Беларуста 29-ноябрда өткөн оппозициянын жүрүшүндө 400дөн ашык адам кармалды.

Өлкөдөгү «Весна» укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, кармалгандардын көпчүлүгү Минкс шаарындагы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Мындан сырткары Брест, Гродно шаарларында да кармалгандар болгону кабарланды.

Бийликке каршы акция экинчи апта катары менен «Коңшулар жүрүшү» деп аталды. Өткөн аптадан тартып оппозиция жүрүштүн тактикасын өзгөрткөн. Ага ылайык, акция бир жерде эмес, чачкын түрдө уюштурулууда. Мындай жол менен оппозиция акцияга чыккандарды жапырт кармоого тоскоолдук кылууну максат кылууда.

Нааразылыкка чыккандар шаардагы жүрүш багыттарын өздөрү аныктап алышат. Алардын талаптары мурдагыдай эле: Александр Лукашенконун мамлекет башчылыктан кетиши, саясий туткундарды дароо абактан бошотуу, коопсуздук күчтөрүнүн зомбулуктарына чек коюу.

29-ноябрда Минскинин дээрлик бардык райондорунда 60ка жакын жерде акциялар өттү.

«Азаттыктын» Беларус кызматы кабарлагандай, укук коргоо органдары демонстранттарга каршы көздөн жаш агызчу газ жана кулак тундурчу гранаталарды колдонушту. Акциянын катышуучуларын кармоо учурунда милиция күч колдонгону боюнча видеолор тарады.

Минскиде мобилдик Интернет тартпай, борбордогу метро станциялары иштеген жок.

Беларустун Ички иштер министрлиги 29-ноябрдагы акциянын катышуучуларын таратыш үчүн «атайын каражаттар» пайдаланылганын ырастады. Министрликтин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова массалык иш-чараларды өткөрүү тартибин бузганы үчүн 313 адам кармалганын маалымдады.

«Коопсуздук органдарына атайын каражаттарды колдонууга туура келди. Асманга бир нече жолу эскертүү иретинде кулак тундуруучу снаряддар атылып, көздөн жаш агызчу газ колдонулду», - деп билдирди ИИМдин өкүлү.

Беларуста нааразылык акциялары ушул жылдын август айынан бери токтобой жатат. Бийлик президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар Батыш өлкөлөрү бул жыйынтыкты тааныган эмес.

Президенттик шайлоодо оппозициянын талапкери катары катышкан, кийин Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон Светлана Тихановская өткөн аптада «Азаттыктын» украин кызматы менен болгон маегинде:

Cветлана Тихановская.
Cветлана Тихановская.

«Беларустагы акциялар биздин жарандар өз укугу, өз ар-намысы үчүн күрөштү токтотпой турганын көрсөттү. Биз көптөгөн жылдар бою баш ийип, жарым-жартылай кулчулукта жашаган учурга кайтып барбайбыз жана адамдар өз өлкөсүндө чечим кабыл алууга катышып, келечегин аныктоону каалап жатышат», - деп билдирди.

Ал ортодо 30-ноябрда Тихановскаянын Беларуста абакта отурган күйөөсү, саясатчы жана таанымал блогер Сергей Тихановскийдин кармоо мөөнөтү дагы үч айга узартылганы белгилүү болду.

Беларусту чейрек кылымдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талабын толук четке кагып келет. Ал 27-ноябрда Минскидеги ооруканага барган учурда өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынса бийликтен кетерин кыйытты:

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

«Конституцияны мен эч качан өз ыңгайыма жараша кылган жокмун. Жаңы Конституция кабыл алынганда мен силер менен президент катары иштешпей калган болом».

Ал жаңы Конституция качан кабыл алынарын тактаган эмес. Бирок Беларуста Баш мыйзам жана президенттин укуктары боюнча өзгөртүү киргизүү зарыл экенин белгилеген.

Лукашенко буга чейин Конституцияны өзгөртүү боюнча маселени бир нече жолу көтөрүп келген. Бирок оппозиция аны убакыттан утуу гана айласы катары сыпаттап, кескин сындаган болчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG