Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Минскиде атактуу жазуучу сурак берди


Светлана Алексиевич
Светлана Алексиевич

Минскиде Нобел сыйлыгынын лауреаты «бийликти басып алуу» кылмыш иши боюнча сурак берди.

Нобел сыйлыгынын лауреаты, 72 жаштагы жазуучу Светлана Алексиевич Александр Лукашенконун авторитардык режимине каршы митингдерге байланыштуу суракка чакыртылган.

«Мен жайбаракат баратам, өзүмдү бир нерсеге айыптуу сезбейм. Биз жасаган нерселердин баары мыйзамдуу. Биз коомду биригүүгө гана чакырганбыз. Мамлекеттик төңкөрүш тууралуу сөз болгон эмес. Эл буга өзү келди. Азыр көз алдыбызда белоруссиялык улут менен беларус эли пайда болуп жатат».

Жазуучу Тергөө комитетинде 40 мүнөтөй болгон. Ал дароо эле өзүнө каршы көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

20-августта Беларустун Башкы прокуратурасы Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча Жазык кодексинин «Бийликти басып алуу» беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, Алексиевичти күбө катары суракка чакырган.

Алексиевич Беларуста демонстранттарга каршы күч колдонулганын айыптап, «өз элине каршы согуш жарыялаган» Лукашенкону кызматын тапшырууга чакырган. Ал Тихановскаяны кубаттап, Координациялык кеңешке кошулган. Бирок 72 жаштагы жазуучу саламаттыгы начарлап кеткендиктен оппозициянын көчө жүрүштөрүнө жигердүү катышкан эмес.

Беларуста оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоо дем алышта Минскиде түмөндөгөн эл көчөгө чыгып, Лукашенконун режимине каршылардын эң ири жүрүшү өткөндөн кийин күч алган.

Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон Светлана Тихановская түзгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрү биринин артынан бири Тергөө комитетине суракка чакырылып, эки мүчөсү «уруксатсыз митингдерди уюштурган» деген кине менен камалган. Президент Александр Лукашенко бул Кеңеш «бийликти мыйзамсыз жол менен басып алууну көздөйт» деп эсептейт.

Шейшембиде Европа парламенти менен Литвадан байланышкан Светлана Тихановская Беларустагы саясий кризисти жөнгө салуу үчүн расмий бийлик менен диалог түзүүгө даярдыгын айткан. Светлана Тихановская кайра таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүү керектигин белгиледи.

«Коркутуулар иштебейт. Биз багынып бербейбиз. Биз эң жөнөкөй укуктарыбыздын корголушун талап кылабыз. Бардык саясий туткундардын бошотулушун талап кылабыз. Бийликтен зомбулук менен коркутууларды токтотууну талап кылабыз. Беларустар жакшы жашоого татыктуу, Европа татыктуу».

Ал арада Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Беларуста шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, демонстранттарга күч колдонууга тиешеси бар 15-20дай режим өкүлдөрүнүн чет жактагы банк эсептерин камакка коюп, өздөрүнө санкция салууну караштырып жатканы маалым болду. Алар бул тууралуу 26-августта Берлинде өтө турган жыйында сүйлөшөт.

Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган эмес. Европа парламентиндеги ири партиялар Лукашенкону «нон-грант персонасы» атап, «Живе Беларусь!» деп коштоп чыгышкан.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдиги беларус өкмөтүнө бере турган 53 миллион евро каражатты Беларустагы жарандык коомду колдоого жана күч кызматтарынын зомбулугунан жабыр тарткандарга жөнөтүлөрүн билдирген.

Латвия, Эстония менен Литва жогорку кызматтагы беларус аткаминерлерине санкцияларды кабыл алганын жарыялашкан. Мындан тышкары Литва бийликтин куугунтугуна кабылган беларустарга башпаанек берүүгө даярдыгын билдирген.

Шейшембиде Украинанын президенти Владимир Зеленский да пандемияга байланыштуу карантин чектөөлөрүнө карабай беларус жарандарына өлкө чек араларын ачууну сунуштады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган менен жолуккандан кийин «Москва Минскиге санкциялар аркылуу кысым көрсөтүү аракеттерине каршы»экенин айтты.

Беларус. 22-август, 2020-жыл.
Беларус. 22-август, 2020-жыл.

«Биз Кошмо Штаттары Беларустагы абалдын атайын курчутулушуна каршы позицияда экенин уктук. Алар чет өлкөлөр расмий бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог түзүүгө көмөктөшүп, буга кызыкдар экенин айтып жатышат. Биз да муну колдорубузду айттык. Бирок, сырткы күчтөр беларус бийлигине ЕККУ, Европа Ьиримдиги же кошуна өлкө сыяктуу ортомчулар аркылуу таасир этүүгө аракет кылса, биз Беларустун өкмөтү менен беларус элине бир нерсени таңуулоого мүмкүн эместигин эскертип коёт элек».

Беларустун өзүндө Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар 9-августтан бери токтой элек. Шейшембиде оппозициянын өкүлдөрү Тергөө комитетине суракка чакырылып, айрымдары камакка алынганы кабарлангандан кийин Минскиде эки миңдей киши борбордук аймакка топтолуп чыгышкан. Беларустун ИИМи акциянын 51 катышуучусу камакка алынганын кабарлады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG