Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Тихановская: Эл бийликтин тынч жарандарга күч колдонгонун кечирбейт


Светлана Тихановская маалымат жыйынында. Вильнюс шаары, Литва. 21-август, 2020-жыл.
Светлана Тихановская маалымат жыйынында. Вильнюс шаары, Литва. 21-август, 2020-жыл.

“Беларус бийлигинин тынч жарандарга күч колдонуусун кечирүүгө болбойт”. Мындай сөзүн президенттикке талапкер Светлана Тихановская 21-августта Вильнюста маалымат жыйынында айтты. Ал ошондой эле бийлик жарандардын талаптарын угат деген үмүтүн да билдирди.

“Беларустун эли тынч митингчилерге карата күч колдонулуп, зомбулук болгонун унута албайт”, - деди Тихановская.

Өлкөдөгү кырдаалга Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү тууралуу суроого жооп берип жатып, Светлана Тихановская коңшу мамлекеттерди Беларустун эгемендигин сыйлоого чакырды.

Беларустун Башкы прокуратурасы 20-августта Тихановская тарабынан Координациялык кеңештин түзүлүү фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органы муну “Мындай кеңеш мамлекеттик бийликти басып алууга жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүгө багытталган” деп жүйө келтирген.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Жыйынтыкка ишенбеген Беларустун тургундары 14 күндөн бери нааразылык акцияларын улантып, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG