Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

"Куликовский" ишканасынын жетекчиси тинтүү тууралуу комментарий берди


“Куликовский” ишканасынын дүкөндөрүнүн бири.
“Куликовский” ишканасынын дүкөндөрүнүн бири.

“Куликовский” кондитердик үйүнүн башкы директору Денис Гайворонский алардын кеңсесин салык кызматы текшергенин, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кошумча көзөмөл жүргүзгөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал "Накта подкастка" курган маегинде билдирди. Ал "Куликовский" өлкөдөгү ири ишкана болгондуктан текшерүү жүрүп, кошумча көзөмөл жүргүзүү планы болгон деп боолгоп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, ишкана штаттык режимде иштеп жатат. Гайворонский айрым маалымат каражаттарда жазылгандай уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы жок экенин, аткезчилик менен алектенбей турганын айткан.

Буга чейин Салык кызматы “Куликовский” кондитердик үйүн текшерүүнү жыйынтыктап, компанияга 20 миллион сом айып салган. Гайворонский бул "таң калычтуу" талапка күбө болушканын "Азаттыкка" билдирген.

"Биз үчүн таң калычтуу талапка күбө болдук. Эми биз бул системага ылайыкташып, мыйзамдын баарын аткарганга аракет кылабыз”, - деген ал.

Маалыматта айтылгандай, коюлган негизги доомат компаниянын башка соода түйүндөрүндө сатылып жаткан, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды эсептен чыгарууга байланыштуу болгон. Мыйзамга ылайык, мындай товарлар Соода-өнөр жай палатасынын атайын комиссиясынын катышуусу менен жок кылынышы керек болгон. Мөөнөтү өткөн азыктарды кайтаруу күн сайын болгону үчүн аталган эрежени сактоого мүмкүн болбогонун жана бул жумушту компания атайын комиссиясын катышуусу жок эле өз алдынча жасап жүргөнүн түшүндүргөн.

4-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери “Куликовский” кондитердик үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыгышкан. Атайын кызмат бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Компаниянын сайтындагы маалыматында “Куликовскийдин” Кыргызстанда, Казакстанда жана Орусияда жалпы жүздөн ашык дүкөнү бар жана аларда 1500дей кызматкер иштейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG