Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

10:55 28.1.2022

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлдү.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия дагы түзүлөт.

"Чек арадагы кырдаалдан кийин штаб түзүлгөн. Ага бардык мекеме, күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, жетекчилери бар. Биз саат 11де тажик тарап менен жолугабыз. Анда көп маселелер чечилет. Бул маселелерди президент өзү көзөмөлдөп жатат. Окуяда жарандар, аскер кызматкерлер арасында жоготуу болгон жок, 11 адам жеңил жараат алып ооруканада. Көчүп келген адамдардын бардыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү бийлигинин көзөмөлүндө. Комиссия түзүлгөн, ал бардыгын териштирип чыгат", - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

11:00 28.1.2022

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Учурда жабылган жол ачылганы маалым болду.


11:40 28.1.2022

Кыргызстандын ИИМи Көк-Таштагы окуядан улам кылмыш ишин козгоду

Кыргызстандын Ички киштер министрлиги (ИИМ) чек арадагы Көк-Таш айылындагы соңку окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси ("тынчтыкка каршы кылмыштар") менен иш козгоп, тергөө башталганын билдирди. Ошондой эле жараат алган жарандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатканда Кыргызстандын чек арачылары аны токтотууну талап кылышкан. Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таш коюп, жол тоскон. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү курулушту токтотуу, жолду ачуу тууралуу макулдашканы менен саат 19:30 чамасында Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин 707-аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын чек арачылары оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан. Натыйжада, жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707-аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, ооруканага жеткирилген", -деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

12:10 28.1.2022

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу болжол менен 11 миң 52 жергиликтүү тургун эвакуацияланды.

Алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды. Бул тууралуу, бүгүн 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 миңдей тургуну Рават айылына эвакуацияланды.

Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргунга, Интернационал айылынын миңдей жараны Кайрагач айылындагы мечитке көчүрүлдү.

Мурза-Патча, Сада, Ак-Арык жана Раззаков айылындагы жергиликтүү жашоочулар Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды. Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын миңдей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги мечит жана үйлөргө жайгаштырылды.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу көчүрүлгөндөр зарыл каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG