Баткен: "Кызыл-Белге дагы өзгөчө макам берилиши керек"
Кыргыз-тажик чек арасындагы аягы үзүлбөгөн чыр-чатактан улам, Баткен облусунда 62 айылга өзгөчө макам берилип, казынадан колдоо болоору айтылган. Жеңилдиктер аркылуу чек ара айылдарында миграциянын агымын токтотуп, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртуу каралган. Бирок, аймактагы бир топ айылдар бул тизмеге кирбей калганын, толук иликтөө менен тизмени кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилешет.