Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондор Конституциянын жаңы долбоору 10-январда референдумга чыгарылбай калганын айтышууда. Анын ордуна башкаруунун формасын тандоого коюу тууралуу сунуш берилди.
Ал эми Конституциялык реформага каршы чыккандар өлкөдөгү саясий, экономикалык кризисти эске алып бул маселени президенттик жана парламенттик шайлоодон кийин талкуулаш керек деп эсептешет. Алар ушул жол мыйзамдуу экенин, ошондой эле бардык тараптардын пикири да эске алынарын белгилешти.
Конституцияны өзгөртүүнү колдогондор жана ага каршы болуп жаткандардын талашы курчуп турган тапта өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтоткон Садыр Жапаров бул маселе боюнча жаңы сунуш берди.
Ал акыркы интервьюсунда 2021-жылы Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрдү. Жапаров мындай укук парламентте бар экенин белгилеп, бул боюнча экс-депутат Курманкул Зулушев жазган мыйзамды мисал кылды. Зулушевдин мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек.
Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан кеңешмеге кайрылып, алар долбоорду шашпай талкуулай бериши керектигин айтты. Ал эми башкаруунун формасын аныктоо боюнча сунушу тууралуу буларга токтолду.
«Бир тарап көчөгө чыгып «бизге парламенттик башкаруу керек» деп кыйкырса дагы бир тарабы «президенттик» деп жатат. Анда жалпы элдин пикирин угалы. Андан кийин бүгүн талкууланып жаткан Конституцияны кабыл алалы деген сунушту айтам. Бирок ошол жерге «президенттик же парламенттик башкаруу» дегенден сырткары «аралаш башкаруу» дегенди да киргизишибиз керек».
Жапаровдун сөзү боюнча, Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулай берет. Ал эми келерки жылдын 10-январында эл башкаруунун формасын тандайт.
Кеңешменин мүчөсү, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов да «Азаттыктагы» маегинде Конституциянын жаңы долбоору президенттик шайлоо менен чогуу референдумга чыгарылбай турганын бекемдеди.
«Дүйшөмбү күнү бир канча киши «кайсы бир долбоорду шашылыш иштеп чыгып 10-январда референдум кылып жаңы Конституцияны кабыл алганга болбойт» деп айттык. Ошол ойлорубуз колдоо тапты. Жети өлчөп бир кесип, жазында элдин колдоосу менен легитимдүү Баш мыйзамды кабыл алууга шарт түзүлдү».
Баш мыйзамдын жаңы долбоорун референдумга алып чыгууну жылдыруу тууралуу пикирлер конституциялык реформа боюнча чыңалып турган талаш-талкууну басаңдаткандай болгону менен Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар өз талаптарын коюп жатат.
«Кыргызстан коммунистери» партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө сунуш Баш мыйзамдын жаңы долбоорундай эле шашылыш кабыл алынган чечим деп эсептейт.
«Конституциялык реформа керек болсо биринчи президенттик, парламенттик шайлоону өткөрүп алалы. Анан жаңы шайланган парламент кааласа жаңы Баш мыйзамды кабыл алат же референдумга чыгарат. Ал эми башкаруунун формасы боюнча. Мисалы, сизге эртең «башкаруунун кайсы жолун тандайсыз?» деген суроо берсе кантип жооп бересиз? Мен экөөнү тең талдап анан ойлонуп көрүшүм керек да. Ошондуктан «президенттик башкарууда ушундай, парламенттикте мындай, аралаш формада ушундай болот» деп элге маалымат жеткирип туруп суроо берсек туура болот. Ал үчүн убакыт керек».
Садыр Жапаров башта Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккандарды «жүзү кара акмактар» деп атаган. Жана Баш мыйзамдын долбоору 10 жылдан бери талкууланып келе жатканын айткан.
Бир катар саясатчылар, юристтер жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү болсо «бул документ - өлкөдө президенттин бийлиги дээрлик чектелбей калган авторитардык башкаруунун өзгөчө түрүн орнотууга багытталган» деген кооптонуусун билдирүүдө.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкерлигин койгон саясатчы Садык Шер-Нияз эгерде 10-январда жаңы долбоор референдумга чыгырылбаса, ал талкууланбашы керектигин айтты.
«Азыр эмне үчүн Конституциялык кеңешме иштеп жатат? Бул түшүнүксүз. Анткени эл биринчи парламенттик, президенттик же аралаш башкаруу системасы болобу чечип алыш керек. Эл референдумда ушуну чечип алгандан кийин гана кеңешме түзүлүп, ишин башташы зарыл. Себеби, парламентаризмге багытталган же президенттик башкарууга багытталган Конституция түп тамырынан башкача болот. Бул Баш мыйзамды кайта жазуу деген сөз. Эгерде эл парламенттик же аралаш башкарууну тандаса, бул кеңешменин ишинен эмне пайда? Кеңешмеге адистерди чогултуп алып алардын убактысын, көз майын, акылын, энергиясын короткондун таш-талканы чыгат да. Менин жеке пикиримде кеңешме ишин токтотуш керек».
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме президенттик башкарууну шарттаган Конституциянын долбоорун талкуулап жатат.
Кыргызстандын юристтер коому конституциялык кеңешме чакырып, анын курамын бекиткен жарлыкты Баш мыйзамга жана эл аралык укукка каршы келет деп жыйынтык чыгарган.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жаңы долбоор жана башкаруунун формасын аныктоо тууралуу айтылган сунуш-пикирлер тууралуу мындай деди:
«Конституция зордук-зомбулук, Конституцияны бузуу жолу менен кабыл алынбайт. Ал элди консолидация кылган жалпы элдик документ. Бир адамдын, бир үй-бүлөнүн, бир эле топтун Конституциясын кабыл алган доор өттү. Орусия быйыл кабыл алган Конституция үчүн үч жыл даярданды. Ал эми башкаруунун формасы боюнча үч тандоону коюу да мыйзам жолу менен аныкталат. Ага да убакыт жетишпейт».
17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.
Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.
"Эксперттер талдайт": Конституциянын сынга кабылган долбоору