Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Азия Кубогу-2024. "Акшумкарлардан" эмне күтөбүз?


Кыргызстандын курама командасы Азия Кубогунун алдындагы акыркы даярдыктарды көрүп, алгач Ысык-Көлдө машыкса, 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында текшерүүчү оюндарды өткөрүп жатат.

Бул жолдоштук беттештерде азырынча Өзбекстанга (4:1), БАЭ командасына (1:0) утулуп калды. Эми Сирия жана Вьетнамдын футболчулары менен беттешет. Азия Кубогу 12-январда Катарда башталып, 16сында “Акшумкарлар” Таиланд курамасына каршы ойнойт.

Ошентип, Кыргызстандын футбол командасы экинчи жолу Азия Кубогуна катышканы турат. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган, жаш команданы алып баратат. Курамдын лидери делген бир нече оюнчу жараатынан улам мелдешке катыша албай турганы белгилүү болду. Бирок Кыргызстандын футбол бирлиги, күйөрмандар “Акшумкарлардан” көптү күтөт.

Алимардонго эмне болду?

4-январда AFCнын расмий сайтына Азия Кубогуна катыша турган командалардын курамы жарыяланды. Кыргызстан үчүн ойной турган 26 оюнчунун тизмесине Алимардон Шүкүровдун кирбей калганы көпчүлүк үчүн жагымсыз жаңылык болду. Анткени Шүкүров команда менен Ысык-Көлдөгү, андан кийин БАЭдеги машыгуудан өткөн. Ал жактагы эки контролдук оюнда да талаага чыккан эле. Күйөрмандардын кооптонуусуна Кыргызстандын футбол бирлиги расмий жооп берди. Анда мындай деп жазылган:

“Алимардон Шүкүров азыр курама команданын карамагында. БАЭге каршы контролдук беттеште жараат алгандан кийин, оюнчу Азия Кубогуна болгон оюнчулардын тизмесине кирген жок. Бирок эгерде Шүкүров турнир башталганга чейин сакайып калса, анда курамда чукул алмаштыруу жүргүзүлөт”.

Алимардон Шүкүров. 2021-жыл.
Алимардон Шүкүров. 2021-жыл.

Бириккен Араб Эмирлигине каршы оюн 30-декабрда өткөн. Шүкүров беттештин 22-мүнөтүндө тизесинен жараат алып, оюндан чыгып кеткен.
Алимардон Шүкүров же күйөрмандар “Мардон” деп тааныган 24 жаштагы футболчу соңку жылдары курама команданын көзгө басар оюнчусуна айланган. Ал “команданын мээси” катары сыпатталып келет. Өзгөчө оюн учурунда Гүлжигит Алыкуловду жакшы түшүнөр эле. Ушундан улам анын жаракат алышы Кыргызстандын командасы үчүн чоң жоготуу. Азия Кубогунун башталышына саналуу күндөр калганын эске алганда, Шүкүровдун катарга кошулушу күмөн болуп турат. Эмнеси болсо да 10-январга чейин Алимардон мелдешке кайтып келет деп үмүттөнөбүз.

Дагы кимдер Катарга барган жок?

Алимардон Шүкүров курама команданын жалгыз жоготуусу эмес. Мунун алдында эле Эрбол Атабаев тизесинен жараат алганын, жакын арада операция болорун билдирген. Бул эки жигиттен тышкары команданын алмаштыргыс коргоочусу, капитаны Валерий Кичин да жараат алып, Азия Кубогунан жыдып калган. Кичиндин коргонуусу, биринчи пасы, керектүү жерден чабуулга кошула калганы жакшы эле.

Ал эми курама команданын мыкты бомбардири (16 гол) Мирлан Мурзаевди башкы машыктыруучу курамга чакырган эмес. Бул чечимге 34 жаштагы Мурзаев, анын күйөрмандары нааразы болуп жаткандай. Бул эми машыктыруучу Тарковичтин чечими. Аны терең талкуулаштын деле кажети жок.

Кыргызстандын кыз-келиндер футбол командасынын капитаны Айжан Боронбекованын пикирине көңүл бөлөлү:

Айжан Боронбекова.
Айжан Боронбекова.

“Команданын даярдыгы жаман эмес. Бирок Кичин, Шүкүров, Атабаевдин жаракат алышы, Мурзаевдин курамга кирбей калганы маанилүү маселе болуп турат. Мирлан Мурзаев мурдагы Азия Кубогунда жакшы оюн көрсөткөн оюнчу эле. Өзгөчө Кичин менен Шүкүровдун катыша албай жатканы аябай чоң жоготуу. Ушундан улам кооптонуу бар. Командадагы муун алмашуу бат, чукул болуп кетти”.

Айжан айтып өткөндөй Штефан Таркович Катарга жаш команданы алып баратат. Бирок Кайрат Жыргалбек уулу, Одилжан Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Християн Браузман сыяктуу тажрыйбалуу оюнчулар да бар. Толук курам менен алдыда тааныштырабыз. Азыр Азия Кубогундагы атаандаштарга токтололу.

Атаандаштар кимдер?

12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтө турган Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 24 команда тандалып, төрттөн алты тайпага бөлүнгөн. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.
Кыргызстан F тайпасында туш келип, Сауд Арабиясы, Таиланд жана Оман командасы менен упай талашат. Тагыраагы, 16-январда Таиланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25инде болсо Оман менен ойногону турат.

Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө өткөн 24 команда.
Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө өткөн 24 команда.

Кыргызстандын үч атаандашынын ичинен эң күчтүүсү Сауд Арабиясы. Бул команда 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатында ойноп, алгачкы беттешинде Месси баштаган Аргентинаны жеңип алган. Мындан тышкары Польша, Мексика менен да беттешип, жакшы эле тажрыйба топтошту. Анын үстүнө акыркы жылдары аталган өлкөнүн ички чемпионаты да күчтөнүп, Роналду, Неймар, Карим Бензема баштаган дүйнө жылдыздары да ошол жакта ойноп жатышат. Аларды сауддардын миллиондору кызыктырууда.

Сауд Арабиянын курама командасы FIFAнын рейтингинде 56 орунда турат. Бул команданы өткөн жылдын август айынан бери италиялык Роберто Манчини машыктырып жатат. Ал 2020-жылы Италия менен Европа чемпиондугун багындырган.

Оман дагы оңой жоо эмес. Аталган команда менен “Акшумкарлар” төрт жолу оюн өткөрүп, үч жолу жеңилип калган. Ал оюндар 1999-жылы 3:0, 2008-жылы 2:0 жана 2023-жылы 0:1 эсебинде Омандын пайдасына аяктаган. Тагыраагы, Кыргызстан Оманга бир дагы гол киргизе элек болчу. Абал 2023-жылы 21-ноябрда гана өзгөрүп, андагы беттешти 1:0 эсеби менен кыргыз футболчулары утуп алган. Оман FIFA рейтингинде 74-орунда турат.

Кыргызстандын дагы бир атаандашы Таиланд FIFA тизмесинде 113-болуп турат. Алар Сауд Арабияга, Оманга салыштырмалуу утуп койсо боло турган атаандаш. Кыргызстандын футболчулары расмий беттештерде Таиланд менен 2001-жылы кездешип, анда 3:1 эсебинде утулуп калган. Бирок андан бери көп убакыт өттү.

Спорт баяндамачы Бексултан Үсөналиев Кыргызстан жайгашкан F тайпасы боюнча мындай ойдо:

Бексултан Үсөналиев.
Бексултан Үсөналиев.

“Азиянын деңгээлинен алып карай турган болсок, Таиланд менен Оман - орто деңгээлдеги командалар. Негизги фаворит Сауд Арабиясы болуп эсептелет. Аталган команда бир гана F тайпасын эмес, Азия Кубогун да жеңип кетиши мүмкүн. Оман жана Таиланд менен ойной алабыз. Негизги тайпада эки команда аябай күчтүү болуп калышы мүмкүн эле да. Эми жыйынтык футболчуларыбыздан гана көз каранды”.


Бексултан мындай кыска аралыктагы мелдештерде күтүүсүз окуялар да болуп кетиши мүмкүн экенин айтып, ага Исландиянын Европа чемпионатындагы эрдигин, Марокконун дүйнө биринчилигиндеги оюнун мисал келтирип жатат. Атаандаштарга бир сыйра талдап алгандан кийин, эми Кыргызстандын курамы менен тааныштыралы.

“Команда жаңыланууда". Абалың кандай, “Акшумкар”?

2019-жылдагы Азия Кубогуна ошол учурдагы башкы машыктыруучу Александр Крестинин калыптанган команданы алып барган. Анда Кыргызстан тайпадан үчүнчү орун менен чыгып, 1/8 финалда Бириккен Араб Эмирлигинин командасына утулуп калган. Аталган беттешти тейлеген калыс боюнча нааразылык көп болгон.

Ошондо тарых жараткан команданын негизин түзгөн оюнчулар (Мурзаев, Кичин, Люкс) ар кандай себептерден улам быйылкы Азия Кубогуна барбай калышты.

2019-жылдагы Азия Кубогу.
2019-жылдагы Азия Кубогу.

Ушундан улам кыргыз курамасында муун алмашып, Кыргызстандын футбол жетекчилиги жаңы команда түптөө алдында турат деп айтса болот. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович да жаштарга басым жасалып жатканын айткан.

Азия Кубогуна катыша турган кыргыз футболчуларынын аксакалы 1993-жылкы Кайрат Жыргалбек уулу. Андан кийин эле быйыл 30га чыга турган Бекжан Сагынбаев, Тамирлан Козубаев, Фархат Мусабековдор бар. Калганы 2000-жылдын тегерегинде төрөлгөн футболчулар. Команданын көкүрөк күчүгү 18 жаштагы “Галатасарайдын” оюнчусу Бекназ Алмазбеков.

Ушул жерден Азия Кубогу – 2024кө катыша турган оюнчулардын тизмесин сунуштайбыз.

  • Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков.
  • Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Бактыяр Дүйшөбеков, Александр Мищенко, Християн Браузман, Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Амантур Шамурзаев.
  • Жарым коргоочулар: Одилжан Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Азим Азаров, Мерк Кай, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Фархат Мусабеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков.
  • Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Жоэл Кожо, Дастан Токтосунов.


Курамдын соңку тизмесине кирген 26 оюнчунун көбү “Дордой”, “Абдыш-Ата”, “Алай”, жана “Мурас Юнайтед” сыяктуу Кыргызстандын футбол клубдарында ойнойт. Алардын ичинен жети футболчу чет жакта топ тээп жүрөт.

Курама командадагы футболчулардын ичинен дарбазачы Эржан Токотаев, коргоочу Кайрат Жыргалбек уулу, чабуулчу Эрнист Батырканов мыкты формада деп айтса болот. Күйөрмандар Гүлжигит Алыкуловдон да көптү күтүүдө. Мындан тышкары Мерк Кай, Фархат Мусабеков жана Одилжон Абдурахманов да өз клубдарында туруктуу оюн көргөзүп жатышат.

Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмеси
Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмеси

Курама команданы словакиялык Штефан Таркович машыктырууда. Ал 2023-жылы 2-майда Кыргызстандын футбол бирлиги менен келишим түзгөн. Андан бери курама команда жолдоштук жана расмий 10 оюн өткөрүп, анын үчөөнү жеңген.

Футбол адиси Базарбек Абдураимов Таркович курама командага европалыктарга мүнөздүү оюн коюуга аракет кылып жатканын, бирок буга тоскоолдуктар көп экенин айтып жатат.

Базарбек Абдураимов.
Базарбек Абдураимов.

“Таркович Европада мода болуп жаткан прессингге ыктаган машыктыруучу экен. 11 оюнчунун баары коргонот, ошол эле учурда чабуул жасайт. Европада балдарды мындай оюнга 10-15 жашынан эле даярдашат. Бул жерде физикалык даярдык да аябай маанилүү. Таркович бизге ушундай оюн койгонго аракет кылса, оюнчулар даяр болбой жатат. Ушул жагынан кыйын болууда. Ошон үчүн Таркович балансты кармап маал-маалы менен прессинг жасап, кээде оюнчулардын чеберчилигине басып жасайт. Машыктыруучуга өз идеясын ишке ашыруу үчүн дагы убакыт керек”.

50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан. 2013-жылдан 2020-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болуп келген.
Кыргызстандын курама командасын тогуз жыл машыктырган Александр Крестинин 3-апрелде кызматынан кеткен.

Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде 98-орунда турат.

Азия Кубогунан эмнени күтөбүз?

Ошентип, 12-январда Катарда Азия Кубогу башталып, 16сында Кыргызстандын командасы Таиланд менен беттешкени турат. Кыргызстанда F тайпасынан экинчи орун менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени футбол адистери Сауд Арабиясы бир дагы командага упай бербей турганын айтууда.

Андыктан экинчи орунду Кыргызстан, Оман жана Таиланд талашары күтүлүүдө. Кыргызстан сауддардан кийин болуш үчүн эки команданы, тагыраагы, Оман менен Таиландды утушу керек болот. Же болбосо бир команданы жакшы эсеп менен жеңип, экинчиси менен тең ата ойноо керек.
15-декабрда башкы машыктыруучу Штефан Таркович мындай деген:

Штефан Таркович.
Штефан Таркович.

“Азия Кубогу - беделдүү мелдештердин бири. Менин башкы максатым - Азия Кубогунда тайпадан чыгуу. Биз курамага оюнчуларды алуу системасын өзгөрттүк. Ошондуктан жаш оюнчуларды коштук. Бул менин эле каалоом эмес, бул футбол уюмунун келечекке койгон программасы”.

Кыргызстанда плей-оффко чыгууга дагы бир мүмкүнчүлүк бар. Азия Кубогунун эрежеси боюнча, 1/8 финалга биринчи жана экинчи орунду алган командалардан тышкары, өз тайпасынан үчүнчү орунду алган дагы төрт команда чыга алат. Эсиңизде болсо, 2019-жылы Кыргызстан, Ливан, Бахрейн, Оман, Вьетнам, жана Палестина өз тайпаларында үчүнчү орунду алган. Бул алты команданын ичинен Ливан менен Палестина мелдештен четтеп, аларга салыштырмалуу көрсөткүчтөрү жакшы болгон төрт команда 1/8 финалга жолдомо алып, Бириккен Араб Эмирлигинин командасына 3:2 эсебинде утулуп калган. Азия Кубогуна алгачкы жолу катышып, дароо плеф-оффко чейин жеткени кыргыз футболундагы тарыхый окуя болгон.

Бул көрүнүштөрдү эске алганда, Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү көп. Команда 2019-жылдагы ийгиликти кайталап, андан аша алабы деген суроо турат. Буга Базарбек Абдураимов мындай жооп берүүдө:

“Мен Кыргызстандын курама командасынан Азия Кубогунан эч ийгилик күткөн жокмун. Анткени машыктыруучу, оюнчулардын көбү тажрыйбасы аз. Жаш, перспективдүү команда. Федерациянын жетекчилиги арканды алыс таштап, келечекке иштеп жатышат. Жакшы пайдубал түзүп алалы деп жатышат. Ошон үчүн бул Азия Кубогу биз үчүн тажрыйба болот. Ушул машыктыруучу, ушул оюнчулар кийинки Азия Кубогуна, Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарына даярданып жатышат. Андыктан Катардан укмуш жаңылык күтүп, бирок утулуп калышса кайгырыштын кереги жок. Биздин командада муун алмашып, жаңы команда түптөлүп жатат”.

Базарбек мырзанын айтып жатканында жөн бар. Анткени буга чейин Штефан Таркович да жаштарды таптай турганын, команданын башкы максаты 2030-жылдагы жана 2034-жылдагы Дүйнө чемпионатына аракет көрүү экенин айткан. Бирок адистердин жоромолу кандай болгон күндө да, бардыгы "Акшумкарлардан", футболчулардан да көз каранды. Андыктан кыргызстандыктар курама командадан ийгилик гана күтөт.

Негизи курама команданын ийгилигине Кыргызстандын ички чемпионатында атаандаштыктын жоктугу, футболго керектүү инфратүзүмдүн начардыгы да таасир этери айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG